Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 8-апрели № 97
Жазгы айдап себүү, жаз-күз мезгилинде мал багуу үчүн бадачылардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынында жазгы айдап себүү, жаз-күз мезгилинде мал багуу үчүн бадачылардын эмгек акысын бекитүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан келип түшкөн сунушту талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагы боюнча жазгы айдап – себүү жана жаз-күз маалында мал багуу компаниясына айыл өкмөтү тарабынан белгиленген баа бекитилсин.
2. Жазгы айдап – себүү компаниясында 1-гектар айдоо жер үчүн 1200 сом, малага 400 сом, бир литр күйүүчү майдын баасы - 42 сом өлчөмүндө калтырылсын.
3. Жаз-күз маалында мал багуу үчүн бадачыларга төмөндөгүдөй бааны кармоо жагы жүктөлсүн:
Ири мүйүздүү малга – бир башына 250 сом
Кой-эчкилерге – бир башына 50 сом
4. Жаз-күз маалында мал багуу үчүн бадачыларга 25-апрелден 1-октябрга чейинки мезгилде малды айылга түшүрбөө жагы милдеттендирилсин.
5. Ар бир механизатор жана бадачы менен келишим түзүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
6. Бул токтом айыл өкмөтү тарабынан буйрук чыгарылган күндөн баштап күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун ишке ашышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комитеттин төрайымы Ы.Кожокеевага жүктөлсүн.
9. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |