Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 8-апрели № 98
2014-жылга айлана – чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу санитардык абалын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 2014-жылга айлана – чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу санитардык абалын кароо боюнча маселени карап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиевтин 2014-жылга карата айлана – чөйрөнү талапка ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу айылдын санитардык абалын жакшыртуу боюнча маалыматы жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын 2014-жылга карата айлана – чөйрөнү архитектуралык талапка ылайык чечип берүү жагы Токтогул райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Айыл аймагында жайгашкан мекемелерди 2014-жыл үчүн көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга көчөт менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдардын иштери, мыйзамдуулук жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ы.Кожокеевага тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |