Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 8-апрели № 99
Матыбай-Ата” менчик базарынын санитардык абалын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Аң-Арык айылында жайгашкан “Матыбай-Ата” менчик базарынын санитардык абалын карап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Матыбай-Ата” базарын текшерүү учурундагы келип чыккан кемчилдиктер белгиленсин.
2. Базардын санитардык абалын жакшыртып көзөмөлгө алуу базар башчылары Матыбаев Казыбек жана Бекишов Абдиге тапшырылсын.
3. Тез аранын ичинде базардын ичиндеги ажаткана оңдолуп, үстү жабылып, талапка жооп бере турган абалга алып келүү К.Матыбаевке тапшырылсын.
4. Ашканалардын санитардык талапка жооп бербестиги белгиленсин, жаңы типтеги ашканаларды куруу иштерин базар башчысы К.Матыбаев, айыл өкмөтү менен бирдикте тез арада чечүү жагы белгиленсин.
5. Нан,азык-түлүк азыктарын бир жерге топтоп иретештирүү жагы базар ээлери К.Матыбаев, А.Бекишовго тапшырылсын.
6. Мал базардын ичинде мал байлоо үчүн атайын түркүктөрдү орнотууну 15 күндүн ичинде чечүү жагы базар башчысына милдеттендирилсин.
7. Жер – жемиш жана башка товар сатуучулар соода кылуучу жерлерге шагыл төшөп, шарт түзүп берүү жагы базар башчысына тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин кезектеги сессиясында маалымат берилип кайрадан каралсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдардын иштери, мыйзамдуулук жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ы.Кожокеевага жүктөлсүн.
10. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |