Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-августу №1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 11-август 2011-жылдыгы № 01-9/47 буйругуна ылайык айылдык Кеңештердин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 11.08.2011-жылдагы №01-9/47 буйругуна ылайык Ак-Терек айылдык Кеңешинин Регламентинин 2-бөлүгүнө 3-1 глава менен төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
3.1.1. Айыл округунун башчысы айылдык Кеңештин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (мындан ары-аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.1.2. Айыл округ башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн айыл округунун башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык Кеңештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким шайлоого чейинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1. Айыл округ башчысынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүү боюнча чечим.
2. Талапкердин көрсөтүлүүгө мүмкүндүгү жөнүндөгү арыз.
3. Өмүр баяны.
4. Өздүк баракча сүрөтү менен.
5. Соттолбогондугу тууралуу справка.
6. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жогорку билими тууралуу диплом.
7. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчеси.
8. Справка обьективка.
3.1.3. Айыл округ башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык Кеңештин депутаты, депутаттары укуктуу айылдык Кеңештин депутаты, депутаттары айыл округ башчысынын кызмат ордуна бир гана талапкерди көрсөтө алат.
Айылдык Кеңештин төрагасы Катчысы |
Ш.Турганбаев К. Сартбаева |