Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 8-апрели № 100
Аксакалдар сотунун 2013-жылдагы аткарган иштерин кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын алдындагы аксакалдар сотунун 2013-жылдагы аткарган иштеринин маалыматын угуп карап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын алдындагы аксакалдар сотунун 2013-жылдагы аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Аксакалдар соту менен биргеликте каада салттарды көзөмөлгө алып, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында ар кандай айып салуулар аксакалдар сотунун чечими менен чечилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдардын иштери, мыйзамдуулук жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ы.Кожокеевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |