Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 8-апрели № 102
Туберкулез оорусун алдын алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Ы.Кожокееванын туберкулез оорусун алдына алуу сунушун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында туберкулез оорусунун көбөйүп бараткандыктан адын алуу иш-чаралар иштелип чыгып, профилактикалык иштер жүргүзүлсүн.
2. Туберкулез оорусуна чалдыккан оорулуу адамдарды Токтогул райондук ооруканасына алып барып келүү үчүн тез жардам автоунаасына күйүүчү майдын 50 % айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин туруктуу комитетин төрайымы М.Суранбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |