Редакцияот 15.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы

 

2014-жылдын 15-апрели № 104

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары АШК тарабынан түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары-УШК) ыйгарым укуктары 2011-жылы аяктагандыктан, кайрадан  Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн бекитүү  жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. ”Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кызыл-Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрү төмөндөгүдөй курамда  бекитилсин (тиркеме тиркелет).

№2242 Бууракан участкалык шайлоо комиссия  мүчөсү  7-адам

№2243 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссия  мүчөсү 11-адам

№2244 Камыш-Башы участкалык шайлоо комиссия  мүчөсү 13-адам

№2354 Кызыл-Жылдыз участкалык шайлоо комиссия  мүчөсү 7-адам

2. Жогорудагы адамдардын участкалык шайлоо комиссиясына мүчөлүкө  киргизүү жагы Токтогул АШКдан суралсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Ысырайылов