Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 108
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык китепкананын китепканачысы А.Абдыраманованын 2013-2014 жылдарга аткарган иштери жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык китепкананын китепканачысы А.Абдыраманованын 2013-2014 жылдарга аткарган иштеринин маалыматын угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык китепкананын китепканачысы А.Абдыраманованын 2013-2014-жылдын аткарган иштеринин маалыматты жактырылсын.
2. Төмөндөгү кемчиликтер эске алынып, айылдык китепкананын китепканачысы А.Абдырамановага аткарууга алуу жагы белгиленсин.
3. Айылдык китепкананын иштөө тартибинин графигин түзүп , эшигине саат канчадан кайсы күндөрү иш убагын даана көргөзүп жазып коюу жагы китепканачы А.Абдырамановага жүктөлсүн.
4. Жаңы китепкана курууга сырттан келүүчү каражат табуу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Суранбаевага жүктөлсүн.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |