Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 109
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошов,А.Ибраимов,Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков н.б.б мектептердин 2013-2014-жылдарга аткарган иштери жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошов, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков н.б.б мектептердин 2013-2014-жылдарга аткарган иштеринин маалыматты жактырылсын.
2. Төмөндөгү кемчиликтери боюнча мектептин жетекчилери иш жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Жашы жетпей же 10-11 чи классты бүтүрбөстөн турмушка чыгып же үйлөнүп алган жаш өспүрүмдөр боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы мектеп жетекчилерине эскертилсин.
4. Мектеп жетекчилеринин беш жылдан жогору бир мектепте жетекчи болуп жүргөндүктөн тажырыйба алмашуу үчүн экинчи мектеп менен жетекчиликтерди алмаштыруу үчүн 2014-жылдын 1-сентябрына чейин Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө кат жолдоо Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
5. Мектеп окуучуларынын арасында ичимдик ичип, ар кандай майрамдарды белгилөө үчүн үйлөрдө майрамдарды өткөрүү, мугалимдерге даталуу майрамдарда белек берүү үчүн акча чогултуу жагын көзөмөлгө алып, токтотуу мектептин жетекчилеринен суралсын.
6 .Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошов,А.Ибраимов,Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков н.б.б мектептердин окуучулар арсында ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу болтурбоо боюнча иш чара иштеп,иш чаранын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт жана айыл өкмөттүн орун басары А.Уметалиевге жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Суранбаевага жүктөлсүн.
8. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |