Загрузка документа…
КАЖЫ-САЙ ПОСЕЛКАЛЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-августун №1
Кажы-Сай поселкалык кеңешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кажы-Сай поселкалык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенеттигинин 11-август 2011-жылдагы №01-9/47 буйругуна ылайык Кажы-Сай поселкалык Кенешинин Регламентинин 2-бөлүгүнүн 3-1 главасына, төмөндөгу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеӊешинин депутаттары тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администациясынын башчысы (аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кенешинин деггутаттары тарабынан шайланат.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеӊештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким шайлоого чейинки беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1.) айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүү боюнча чечим:
- талапкерлердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
- автобиография;
- өздүк баракча сүрөтү менен;
- соттолбогондугу тууралуу справка;
- нотариалдык жактан күбөлөндүргөн эмгек китепчеси;
- нотариалдык жактан күбөлөндүргөн жогорку билими тууралуу диплом;
- справка обьективка;
2. Регламентке өзгөртүү киргизүү боюнча токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алынсын.
Кажы-Сай поселкалык кеӊешинин төрагасы |
Баялиева А.К.
|