Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 110
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2013-жылдагы III-IV кварталында 2014-жылдардагы кезектүү жана кезексиз сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2013-жылдагы III-IV кварталында 2014-жылдардагы кезектүү жана кезексиз сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин туруктуу комитет мүчөлөрү менен карап, айыл өкмөтүндө төмөндөгү токтомдор боюнча иш алып баруу жагы белгиленсин.
2.СПАнын жетекчиси Б.Маданбеков айыл өкмөттүн айланасындагы эски суу кетүүчү трубаларды казып алып, 2013-жылы таза сууга ремонт иштерине пайдаланылган,жалпы казылып алынган 37 метр трубаны толугу менен айыл өкмөттүн балансасына кириштөө жана бир метри 700 сомдон сатуу,түшкөн акча каражатты кассасына кириштөө жөнүндө токтом аткарылган эмес.
3.Жогоруда аткарылбаган токтомду бир ай мөөнөт ичинде аткаруу жагы СПАнын жетекчиси Б.Маданбековко жана айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу,коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдардын иштери,мыйзамдуулук жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ы.Кожокеевага жүктөлсүн.
5.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |