Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 111
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдун 2013-жылдагы III-IV кварталдагы жана 2014-жылдагы аткарган иштери жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдун 2013-жылдагы III-IV кварталдагы жана 2014-жылдагы аткарган иштери боюнча маалыматын угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкулов 2013-жылдагы III-IVкварталдагы жана 2014-жылдагы айылдык Кеңештин сессиянын токтомдорунун аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкулов төмөндөгүлөр менен иш алып баруусу эскертилсин.
2. Ничке-Сай айыл өкмөтү менен талаш болгон жайыт жерлерин мыйзамдаштыруу боюнча Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Президентке кат жолдоп тез арада чечүү жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
3. Аялдар Кеңешинин төрайымын кайра шайлоого бир айлык мөөнөт берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдон суралсын.
5. Айыл өкмөттүндө турак жайы жараксыз абалда катталгандыгы жөнүндө МЧСке арыз менен кайрылган адамдардын тизмесинин айыл өкмөттүн алдындагы доскага илинип, бирден көчүрмөсүн айылдык Кеңешке тапшыруу 20-күндүк мөөнөт менен айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Уметалиевтен суралсын.
6. Жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт жерлерди уруксатсыз тозуп алгандарга жайыт акысын 2100 сомго көбөйтү сунушу жактырылсын.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |