Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 112
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу үлүш жерлерге там салып, мыйзамсыз үлүшүн жана жайыт жерлерди тозуп алгандар жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу үлүш жерлерге там салып, мыйзамсыз үлүшүн жана жайыт жерлерди тозуп алгандарга чара көрүүнү талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу үлүш жерлерге там салган тургундарга, мыйзамсыз үлүшүн тозуп, жайыт жерлерди тозуп алгандарга, тиешелүү адистер, жайыт комитетти менен биргеликте иш алып барып мыйзам чегинде чара колдонуу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жана айыл чарба иштери боюнча башкы адис Ж.Өскөнбаевге жана жайыт комитеттинин төрагасы Э.Мутуевге жүктөлсүн.
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |