Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 113
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Т.Мундусбаеванын айлык маянасын төлөп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Т.Мундусбаеванын айлык маянасын төлөп берүү жөнүндө Токтогул райондук Сотунун чечимин талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүнүн мурунку айыл өкмөт башчысы Т.Мундусбаеванын аргасыз иштебей жүргөн үчүн айлык акысын төлөп берүү жөнүндө Токтогул райондук Сотунун чечимине ылайык жыл башында бекитилген айыл өкмөттүн бюджетиндеги 560 миң сомдун айыл ичиндеги жолдорго пайдаланууга берилген суммадан 185,0 миң сому жылдырылып Т.Мундусбаевага аткаруу барактын негизинде төлөп берүү жагы ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго жүктөлсүн.
2. Калган айлык маянасын жана башка чыгымдарын каражат табуу менен аткаруу барака ылайык төлөп берүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |