Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 114
Ж.Эгембердиевдин арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Ж.Эгембердиевдин арызын угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Ж.Эгембердиевдин кайрылуусун эске алып,айыл өкмөттүнүн аймагындагы үлүш,өздөштүрүлгөн,көчө жерлер боюнча атуулдардан келген арыздарды жеринен текшерип, жер аянттарын аныктап,баардык багыттагы жерлерди тактоо жөнүндө комиссиясынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдон жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |