Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 115
Токтогул райондук архитектура бөлүмүнүн адиси Ш.Туйтуловдун аткарган иштерин кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Токтогул райондук архитектура бөлүмүнүн адиси Ш.Туйтуловдун аткарган иштерин талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Токтогул райондук архитектура бөлүмүнүн адиси Ш.Туйтулов мурунку жана бүгүнкү сессияларга катышпай тоготпогондугуна байланыштуу көпчүлүк депутаттардын жана айыл өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен бирдикте Токтогул райондук архитектура бөлүмүнүн жетекчиси Курамаевага Ш.Туйтуловдун кызмат абалын кароо жөнүндө кат жолдоо Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |