Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 116
Э.Бакиевдин элдин атынан кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Э.Бакиевдин элдин атынан кайрылуусу боюнча маалыматын угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Э.Бакиевдин элдин атынан кайрылуусу менен Т.Сакеев атындагы көчөсүндөгү менчик дүкөндөрдүн,ооруканаларды электр линялардын жалпы көчөнүн тургундары менен чогу бир трансформаторго жайгашканын, трансформаторлорго куйулуучу майлардын эскилиги жетип,өз учурунда алмашылбай ,май алмаштырууга эл өзүнүн чөнтөгүнөн акча чогултуп алмаштырууга мажбур экендигин Токтогул райондук РЭСтин жетекчилигине, Токтогул райондук админисртациясына жана Жогорку Кеңешке, Өкмөткө кат жолдоо Өзгөрүш айылдык электр бөлүмчөсүнүн башчысы Н.Мураталиевке жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |