Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 117
Өзгөрүш айылынын тургуну Мусаеванын кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Мусаеванын кайрылуусун угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Мусаеванын кайрылуусу менен Токтогул райондук архитектура бөлүмүнүн башчысы Ш.Туйтулов менен бирдикте жер маселесин чечип арыз ээсине 15 күндүн ичинде жообун берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан лесхоз мекемесинин жанындагы мыйзамсыз жерлерди пайдаланып жүргөн муниципалдык 1 га жерди айыл өкмөттүнө алууну, бир айлык мөөнөт ичинде аткаруу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго суралсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |