Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 119
А.Суранбаеванын кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүндө жайгашкан “Нэман”дарыканасынын жетекчиси А.Суранбаеванын кайрылуусун угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүнө “Нэман”дарыканасынын жетекчиси А.Суранбаеванын даарыкана салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун кароо айыл өкмөттүнүн аймагындагы үлүш,өздөштүрүлгөн,көчө жерлер боюнча атуулдардан келген арыздарды жеринен текшерип, жер аянттарын аныктап,баардык багыттагы жерлерди тактоо жөнүндө комиссиясынан тапшырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
3.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |