Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 120
М.Суранбаеванын кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынына караштуу А.Ибраимов атындагы мектебинин директору М.Суранбаеванын кайрылуусун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынына караштуу А.Ибраимов атындагы орто мектебине 2013-2014 окуу жылында мектепке 2- класс комплекти стол, стул,шкаф,мугалимге стол,стул алып келүүгө Мерсикого өткөрүлгөн, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен жеке салым үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражаттын бөлүп берүү жагы ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика комитетинин төрагасы М.Өкмөмбековдон суралсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5 .Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |