Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 121
Э.Бакиевдин суранычын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынына караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Э.Бакиевдин суранычын угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Ак-Жар айылындагы Эшманбеттин күмбөзүнүн айланасын оңдоого Улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун 150-жылдык маарекесине карата марафондо эл тарабынан чогулган акча каражаттын эсебинен күмбөздүн айланасын тозуу жагы эске алынсын.
2. Күмбөздү оңдоого акча каражатын карап берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика комитетинин төрагасы М.Өкмөмбековдон суралсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |