Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № 129
Өзгөрүш электр тармактар бөлүмүнүн башчысы Н.Мураталиевтин 2013-жыл,2014-жылдын 6 айында аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Өзгөрүш электр тармактар бөлүмүнүн башчысы Н.Мураталиевтин 2013-жыл,2014-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Өзгөрүш электр тармактар бөлүмүнүн башчысы Н.Мураталиевтин 2013-жыл,2014-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча маалыматы жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Өзгөрүш электр тармактар бөлүмүнүн башчысы Н.Мураталиевге депутатар тарабынан айтылган кемчилдиктерди чететтүү жагы эске алынып, абонентер менен контрелорлордун ортосунда келишим түзүү жагы Н.Мураталиевден суралсын.
3. Коңур-Өгүз айылынын тургундарына иштетилбей турган трансформаторду котору жана жаңы келген трансформаторду Коңур-Өгүз айылынын ылдый жагына орнотуу жагы эске алынсын.
4. Орто-Жон айылындагы Осмон уулу Акмат көчөсүндөгү трансформаторду эл көп жайгашкан жерге орноштуруу жагы Н.мураталиевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жол, транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Базаркуловго жүктөлсүн.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |