Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № 130
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы күзгү оруп жыюунун даярдыктарын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы күзгү оруп жыюунун даярдыктарын кароо боюнча маалыматы угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы күзгү оруп жыюу учурунда депутатар тарабынан айтылган кемчилдиктер эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутатарынын сунушун эске алып, айыл өкмөттө иштеген айыл башчылардын ишин айыл-айылдарга элдик жыйын өткөрүп, аткарган иштерине баа берип, иштебеген айыл башчыларды 15 күндүн ичинде алмаштыруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүндөгү суунун графигин кайрадан 2015-жылга карап бекитүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкулов элдик жыйындарды өткөрбөй жана Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин токтомдорун аткарбай иш алып барбагандыгы эскертилсин.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |