Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № 131
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Садыковтун жыл башында бекитилген жергиликтүү бюджетке кошумча I-II квартал үчүн лицензия кармоого “Энержи Кей Джи” мекемесинен түшкөн 266,0 миң сомду жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө жумшоо боюнча маалыматы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камыш-Башы айылындагы таза суу куруу проектини, Кызыл-Өзгөрүш айылындагы курулган таза суу проводуна реконструкция жасатуу жумуштарына проект (долбоорун) түздүрүүгө 100,0 миң сом жумшалсын. ст. 22154900
2. Бууракан айылындагы М.Термечиков мектебинин имаратынын отоплениясын көмүргө өткөрүү жумуштарына 96,0 миң сом каралсын. ст. 22211200
3. Кызыл-Өзгөрүш айылындагы маданият үйүнүн алдына скамейка жасатуу жана имаратына автомат щит койдуруу жумуштарына 22,0 миң сом. ст. 22154900
4. Кызыл-Өзгөрүш айылындагы эски маданият үйүн спорт комплекске өткөрүү үчүн гос экспертизадан уруксат алууга 25,0 миң сом. ст. 22154900
5. Ысык-Көл областында өтүп жаткан көчмөндөр оюнуна катышууга жолдомо алган айыл өкмөттүн тургуну Калдарбаев Азизди колдоо иретинде 10,0 миң сом бөлүнсүн. ст. 22154900
6. Эгемендүүлүк күнүн өткөрүүдө жыл башында бюджете бекитилген суммага кошумча жумшалган каражат үчүн 13,0 миң сом. ст. 22154900
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Өктөнбековго жүктөлсүн.
8. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |