Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № 129
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин экономика бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин экономика бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун сунушун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул Сатылгановдун 150-жылдыгы райондук деңгээлде 17-октябрында өткөрүлөөрү белгиленсин, айылдык Кеңештин Экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу эске алынсын.
2. Токтогул Сатылгановдун 150-жылдыгын өткөрүү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча каражат табуу жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Токтогул Сатылгановдун 150-жылдыгын өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгымынан 300 000 сом каражат жумшоо жагы каралсын. ст. 22154900
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Өктөнбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |