Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № 134
Жакынкы жайытта жана кыштоолордо карышкырлардын санынын көбөйүшүн кыскартуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин жакынкы жайытта жана кыштоолордо карышкырлардын санынын көбөйүшүн кыскартуу максатында жайыт комитетинин бюджетинен каражат карап берүү боюнча маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетинен карышкырларды атып санын кыскартууга жумшалуучу 10,0 миң сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты айыл өкмөтү тарабынан дайындалып чыгарылган мергенчилерге тиешелүү иш кагаздарынын негизинде берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |