Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № 135
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адисинин
2014-жылга аткарылган иштери боюнча маалыматтын угуу жана баа берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ж.Өскөнбаевдин 2014-жылга аткарылган иштери боюнча маалыматтын угуу жана талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ж.Өскөнбаевдин 2014-жылга аткарылган иштери боюнча маалыматтын маалыматы жактырылсын.
2.Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу үлүш жерлерге там салган, мыйзамсыз үлүш жерлерин жана жайыт жерлерди тозуп алгандарга, тиешелүү адистер жана жайыт комитетти менен иш алып барып мыйзам чегинде чара колдонуу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго, айыл чарба иштери боюнча башкы адис Ж.Өскөнбаевге жана жайыт комитеттинин төрагасы Э.Мутуевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ы.Кожокеевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |