Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № 136
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Садыковтун жыл башында бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө аппаратта каралган статьялардан жылдырып жумшоо боюнча маалыматты жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга түзүмүнүн чыгаша бөлүгүндө бекитилген статьялардан:
a) ст. 3112 - 80,0 миң сом
b) ст. 2121 - 20,0 миң сом
c) ст. 2221 - 70,0 миң сом
Бардыгы: 170,0 миң сом
Төмөндөгү статьяларга жылдырып жумшоо жагы каралсын:
a) ст. 2111 - 120,0 миң сом
b) ст. 2211 - 25,0 миң сом
c) ст. 2214 - 25,0 миң сом
Бардыгы: 170,0 миң сом
2. Айыл өкмөттүн атайын каражат эсебине “Шумкар” балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каражатын эсебинен тамак ашына 28,0 миң сом жумшалсын. ст. 2218 - 28,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Өктөнбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |