Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 4-декабры № 137
Атайын каражат эсебинен жыл ичинде түшкөн киреше булактарынын чыгымдалышы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Садыковтун ар кандай маселелерди кароодо атайын каражат эсебинен жыл ичинде түшкөн киреше булактарынын чыгымдалышы боюнча маалыматтын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн атайын каражат эсебине райондук атайын эсеп счетунан жана миграция комитетинен келип түшкөн каражатарды төмөндөгүдөй жумшоо жагы белгиленсин.
a) Атайын эсеп счетунан 400,0 миң сом ст. 3111
b) Миграция комитетинен (мектеп) 22,4 миң сом ст. 2215
c) Миграция комитетинен (оорукана) 15,5 миң сом ст.2221
2. Айыл өкмөттүн атайын каражат эсебине 2004-жылдан бери социалдык фонд бөлүмүнө карыз болуп келе жаткан 160,9 миң сом каражатты айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен мүмкүнчүлүккө киреше булактарынын түшүшүнө карата төлөп берүү жагы каралсын. ст.2121
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Өктөнбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |