Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 4-декабры № 138
О.Т.Нусувалиевке
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө
ъКызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Төрөкуловдун Бишкек ЭЭА башкы директору О.Т.Нусувалиевке Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамын берүү боюнча маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек ЭЭА башкы директору Нусувалиев Орозбек Токталиевич айылдын социалдык – экономикалык абалына жакындан кошкон эмгеги үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамы берилсин.
2. Ардактуу атуул наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |