Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 4-декабры № 140
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жашаган калкты курулуш материалдары (топурак, кум-шагыл) менен камсыздоо үчүн карьерге жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жашаган калкты курулуш материалдары (топурак, кум-шагыл) менен камсыздоо үчүн жеке ишкер Ысырайылов Жумабекке Бел-Кара-Суу айылынын Үч-Терек-Өзгөрүш жолунун 16-17чи км, күн чыгыш тарыбынан 0,70га жер аянты карьерге ачууга бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Бөлүнгөн жер аянттарга тиешелүү болгон документтерин даярдап берүү жагы райондук архитектура шаар курулуш бөлүмүнөн, райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Батыралиевке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |