Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 4-декабры № 141
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы 2015-жылга АКФнын жерлерине аукцион өткөрүүнүн жобосуна ылайык комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы 2015-жылга АКФнын жерлерине аукцион өткөрүүнүн жобосуна ылайык төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
1. М.Сатаров - Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
2. Б.Чекирова- Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
3. Ж.Ысырайылов- Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты
4 Э.Шадыбеков- Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты
5.Ө.Төрөкулов- Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
6. Ж.Өскөнбаев- Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы
адиси
7. Э.Бакиев- Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн тургуну
2. Айыл аймагындагы өтө-жакыр жана жаш үй-бүлөөлөргө ижара акысы 20% жеңилдик менен берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ы.Кожокеевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |