Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 19/7
Айыл өкмөттүн кээ бир штаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
. Ак-Кыя айыл өкмөтүндөгү салык чогултуу планы эки жылдан бери аткарылбай жаткандыктан жана эки айылга бир гана салык инспектору штаты каралып ал эки айылдын салыгын чогултууга мүмкүнчүлүгү жетпей жаткандыктан, кассирлик штаты жоюуп ордуна салык инспектору кызматын эки айылга эки башка штатын ачуу зарыл экендиги жөнүндө Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу эки айылда салык чогултууга бир штаттык расписание жетишпей калып, Кара-Суу айылынын салыгы 2013-2014-жылдарда толугу менен калктан төлөнбөй калып план толбой жаткандыктан жана айыл өкмөттөгү кассирлик штаттын өтө зарыл эместигин эске алуу менен кассирлик штат жоюулуп ордуна дагы салык инспекторунун штаты ачылсын.
2. Штаттык расписаниелерди ордуна коюу менен салык инспекторун тез арада конкурс жолу менен алуу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыдыкановго тапшырылсын.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |