Редакцияот 22.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2015-жылдын 22-апрели № 21/1

Жайыт комитетинин маалыматын угуу жана бюджетин бекитүү жөнүндө

Жайыт комитетинин төрагасы Наматбеков Асланбектин малыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 08.04.2015-жыл өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколу бекитилсин

2. Мал бакан бадачыларга: 1 баш койго 35 сом,1 баш эчкиге 40 сом, бодо малга 250 сомдон бир айга эмгек акы белгиленсин.

3. Айылдарда 1-апрелден калбай мал айдоодо корук  жерлерден сырткары сазга,жаздоого 15 апрелден кеч эмес көчүрүлсүн.

4. Эгерде бадачылар ЖПБэнин эки тараптуу түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн жаздоого жайлоого күздөөгө кыштоого көчүп конуу графиги бузулган болсо бадачыларга же малдын ээсине 10000 (он миң ) сомдон айып пул салынсын

5.. Көп жылдык чөпкө айдоо аянтына мал кирип зыян келтирген мал ээлерине кой башына 100 сом бодого 500 сом айып салынсын.

6. Жайыт пайдаланган тургундар бир бодого (уй-жылкы) 125 сомдон, кой-эчкиге 25 сомдон жайыт акы төлөсүн.

7. Жайыт үчүн 260 миң (эки жүз алтымыш миң) сом бюджети бекитилсин.

8. Жайыттын эсебинен мүмкүнчүлүгүнө жараша ваксинага акча каражаты которулсун.

9. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундары топоз башына 300 сомдон жайыт акы төлөнсүн, эгер башка айыл өкмөтүнүн тургундарынын топоздоруна 500 сомдон жайыт акы төлөнсүн.

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Сыдыкановго милдеттендирилсин.

 

Ак-Кыя айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Т. Абрахманова