АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 25-майы № 22/1
Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдарынан өмүр сакчыларына «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылынын тургундары тарабынан сунушталган өмүр сакчылыгында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келген учурда райондук ооруканада балдар бөлүмүнүн башчысы Курманалиева Уулгелдини, Кара-Суу айылынан №11 дарыгерлер тобунун жамааты тарабынан сунушталган башкы дарыгер Садыкова Асанбүбү жөнүндө угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылынын тургуну райондук оорукананын балдар бөлүмүнүн башкы дарыгери Курманалиева Уулгелдинин көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып «Ардактуу атуул « наамына көрсөтүлсүн.
2. Кара-Суу айылынын тургуну №11 үй булөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Садыкова Асанбүбүнүн өмүр сакчылыгында көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып «Ардактуу атуул” наамына көрсөтүлсүн
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |