Редакцияот 30.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы

 

2015-жылдын 30-июну № 23/1

Ак-Кыя айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон сарайлардын налогун кв метрге жараша бекитүү, тазалык жыйымды бардык түтүндөрдүн төлөсү жөнүндө

Ак-Кыя айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон сарайлардын налогун кв метрге жараша бекитүү жөнүндө башкы эсепчи Иманбаеванан маалыматын угуп жана талкуулап,депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык Сарайлар турган ордуна жараша кв метр боюнча 2013-2014-жылдарга кошо төлөнсүн.

2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык түтүндөр жеңилдик алгандыгына карабастан тазалык жыйымын 2013-2014-жылдарга төлөнсүн

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы башкы эсепчи К.Иманбаевага милдеттендирилсин.

 

Ак-Кыя айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Т. Абрахманова