Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН РАЙОНДУК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21 октябры № 80/3
Жайыл райондук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө жаңы кабыл алынган Мыйзамга ылайык № 101. 22.07.2011- жылдагы жана жергиликтүү администрация жөнүндө №96. 17.07.2011-жылдагы Мыйзамга ылайык Жайыл райондук кеңеши токтом кылат:
1. Жайыл райондук кеңешинин № 1 2008-жылдын 14-октябрындагы Токтому менен бекитилген Жайыл райондук кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр киргизилсин.
-Өзгөртүүлөр төмөнкүдөй катталсын:
II- бөлүм
Жайыл райондук кеңешинин компетенциясы.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 27-беренеси мурдагы жањы алынган мыйзамдын 31-беренесине которулсун.
Мыйзам 22.07.2011-ж. кабыл алынды №101.
VI- бөлүм
Жайыл райондук кеңешинин биринчи отуруму.
Мурунку алынган Регламентеги 6.2 пункту жаңы алынган мыйзамдын негизинде 28 п.2 беренесине которулсун.
XIII- бөлүм
Жайыл райондук кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарынын талапкерлигин көрсөтүү.
Мурунку Регламентеги 13,5 пункту, жаңы алынган мыйзамдын 38.1 беренесине которулсун.
2. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин кызматына дайындоо жана бошотуу тартиби, № 96 14.07.2011- жылдагы алынган мыйзамга ылайык 14,15 беренелери аркылуу жүзөгө ашсын.
3. Жайыл райондук кеңешинин жооптуу катчысы Б. Оторбаевге Жайыл райондук кеңешинин өзгөртүлгөн Регламенти мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жеткирилүүсү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткаруусун өзүмдүн көзөмөлүнө алам.
Жайыл райондук кеңештин төрагасы |
Н.Джумабаев |