Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-сентябры № 26/1
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын чункур «Беккариге» жер бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айылына «Беккари» чункурун казууга жер берүү жөнүндө А.Сыдыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылына «Беккари» чункурун казууга Жалын участкасындагы мүрзөнүн сол тарабына курууга жер участкасы берилсин.
2. «Беккари» чункуруна сунушталган жерди мыйзам чегинде бөлүп берип куруу жагы жер адис Р Музакановго жана вет.адис Асаналиевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Сыдыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |