Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-сентябры № 26/2
Жаңы-Жол айылынан карьерге жер бөлүп берүү жана охранник дайындоо жөнүндө
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылынын айыл башчысы Каратокоев Жумабектин маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманов Камчыбек Маралбековичти Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн №59 буйругу менен кум жана топурак карьерлерди көзөмөлдөп турууга милдетендирилсин.
2. 15 тоннага чейин 100 сомдон, 15 тоннадан жогору 200 сомдон айыл башчылыкка акчасын төгүп, квитанция кырктырып сатып алышсын.
3. Сатылган кум-топурактын 20% акчасы Аманов Камчыбек Маралбековичке айлык акы болуп төлөнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Жаңы-Жол айылынын айыл башчысы Каратокоев Жумабекке милдеттендирилсин.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |