Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-сентябры № 26/6
Асыранбекова Ырысбүбүнүн арызы жөнүндө
Асыранбекова Ырысбүбүнүн К. Омуралиев көчөсүндөгү үйүнүн жанындагы коо жар болуп пайдаланылбай турган жерди өздөштүрүп алууга жазган арызын карап, айыл башчы Ж.Каратокоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асыранбекова Ырысбүбүгө Жаңы-Жол айылынын К Омуралиев көчөсүндөгү үйүнүн түндүк батышындагы коо, жар болуп бош жаткан 0,3177га жерди огород катары менчикке берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам ченеминде карап, документештирип берүү жагы Жаңы-Жол айылынын айыл башчысы Каратокоев Жумабекке милдеттендирилсин.
3. Буйрук чыгарып берүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыдыкановго сунушталсын
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |