Редакцияот 21.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2015-жылдын 21-октябры № 27/2

Кара-Суу айылындагы «Билайн» антенасы туура эмес орногондугу жөнүндө

Кара-Суу айылындагы «Билайн» антенасы Керимкулов Токтосундун саткан жерине салымбай Кара-Добо тоосунун үстүнө салынып калган. Органдарга кайрылган учурда, сотко берүүнү сунушташкан. Ак-Кыя айылд аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылындагы Кара-Дөбө участкасынын жайыт жерге мыйзамсыз салынгандыгы үчүн «Билайн» антенасы өз ордуна көчүрүлсүн.

2. Кара-Суу айылындагы Кара-Дөбө участкасынын Керимкулов Токтосундун саткан жерине «Билайн» антенасы коюлсун.

3. «Билайн» антенасын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт комитети сотко кайрылсын.

4. Көзөмөлдөө жагы Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү  А. Сыдыкановго милдеттендирилсин.

 

Ак-Кыя айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Т. Абрахманова