Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 3
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде,
ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт
жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын 2014-жылга акы төлөө өлчөмдөрү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы Г.Караматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеңештин Vчакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. 2014-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
-Ийри мүйүздүү малга –бир баш үчүн- 60 сом
-Музоо бир баш үчүн- 40 сом
-Кой-эчкилер үчүн- 15 сом
-жылкылар бир баш үчүн - 100 сом
-башка айыл өкмөтүнөн келген малдарга бир баш үчүн- 2 эсе
-Жайытка көчүп чыккан бир үй-бүлөгө түтүн акчасы. кургаган отунга бир кубка- 500 сом.
-Жайыт акысы өз убагында төлөнбөсө токтомдун негизинде 500 сом штраф.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 2-пункутту Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.
4. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине 2014-жылга жайыт пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны өз учурунда жыйнап, аны максаттуу жана мыйзам чегинде пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|