Редакцияот 19.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы

 

2013-жылдын 19-апрели № 2

Таза суу маселеси боюнча социалдык- маданий маселелер боюнча туруктуу

комиссиясынын 2013-жылдын 18-апрелиндеги №2 токтомун кароо жөнүндө

 

Таза суу маселеси боюнча социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 18-апрелиндеги №2 токтомуна негиз Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу-Башы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 2 токтомунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди кынтыксыз аткарууга алуу жагы Жан-Булак таза суу коомдук бирикмесинин башчысы К.Пазыловго милдеттендирилсин.

2.Токтомдо көрсөтүлгөн кемчиликтердин аткарылышы боюнча жоопкерчилик Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пазыловага жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Суу-Башы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Калысов