Загрузка документа…
| Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 205/XXVI-25 токтомуна тиркеме |
КАНТ ШААРЫНЫН КУРУЛУШ КУРУУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кант шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 113/XV-27 токтомдун редакциясына ылайык)
МАЗМУНУ
I БӨЛҮК. УКУКТУК ЗОНАЛАРГА БӨЛҮҮНҮН НЕГИЗИНДЕ КУРУЛУШ КУРУУНУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУ ТАРТИБИ
1.1-глава. Жалпы жоболор
1- берене. Негизги түшүнүктөр
2-берене. Эрежелерди киргизүүнүн негиздери, арналышы жана түзүлүшү
3- берене. Шаар куруу регламенттери жана аларды колдонуу
4- берене. Курулуш куруу жана жер пайдалануу жөнүндө маалыматтьш ачык-айкьшдуулугу жана жеткиликтүүлугү
1.2-глава. Эрежелер күчүнө киргенге чейин келип чыккан кыймылсыз мүлктү колдонуу укуктары
5- берене. Мурда келип чыккан укуктарга тиешелүү жалпы жоболор
6- берене. Эрежелерге ылайык келбеген кыймылсыз мүлк обьекттерин колдонуу жана курулуштук өзгөртүүлөр
1.3- глава. Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча келип чыккан мамилелердин катышуучулары
7- берене. Курулуш куруучу жана жер пайдалануучу адамдар
8- берене. Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссия
9- берене. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймьшсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, Кант шаарында курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого ыйгарым укуктуу башка органдар
1.4-глава. Жер участокторун кыймылсыз мүлк обьекттери катары түзүү жана аларды жеке жана юридикалык жактарга берүү процессии уюштуруу.
10-берене. Жер участокторун түзүү жана берүү боюнча иш-аракеттерди жөнгө салуучу негизги ченемдер
11-берене. Жер участокторун түзүү боюнча иштерди жүргүзүү тартиби .
12- берене. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тооруктар менен түз сатууларды уюштуруунун тартиби
13-берене. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүү тартиби
14-берене. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардьш жыйьштыгы боюнча документтерди тариздөө тартиби
1.5-глава. Жер участокторуна укуктардын токтотулушу. Сервитуттарды белгилөө
15- берене. Мамлекеттик жана муниципалдык керектөөлөр үчүн жер участокторун, башка кыймьшсыз мүлк обьекттерин альш коюунун негиздери, шарттары жана альш коюу тартибин уюштуруу принциптери.
16- берене. Сервитуттарды белгилөө
1.6-глава. Кыймылсыз мүлктү куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөр .
17- берене. Кыймылсыз мүлк курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө укук жана аны ишке ашыруу үчүн негиз
18- берене. Кыймьшсыз мүлк куруунун жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдүн түрлөрү
19- берене. Коомдук угуулар аркылуу курулуштук ниеттерди атайын макуддашуу
20- берене. Долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди алуунун негизги этаптары жана мөөнөттөрү
21-берене. Обьектти долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарьш (АПШ) берүү
22-берене. Долбоордук документтерди макулдангуу жана экспертизалоо
23- берене. Курууга уруксат берүү
24- берене. Обьектти пайдаланууга кабьш алуу
1.7-глава. Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун башка ченемдери
25-берене. Шаар куруу документине карата эрежелердин колдонулушу
26- берене. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизи жана аны демилге кылуу укугу
27- берене. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
28- берене. Эрежелерден четтөө
29- берене. Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик
II БӨЛҮК. КАРТОГРАФИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ШААР КУРУУ РЕГЛАМЕНТТЕРИ
2.1-глава. Кант шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы. Кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери
30- берене. Кант шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы
31- берене. Зоналардын тизмеси жана сүрөттөлүшү. Кыймьшсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери
2.2-глава. Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасы
32- берене. Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарыньш картасы
33- берене. Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарьшын тизмеси жана сүрөттөлүшү
III БӨЛҮК. КУРУЛУШ КУРУУНУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУНУН КОШУМЧА ЧЕНЕМДЕРИН КАМТЫГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН БАЯНДАЛЫШЫ ЖАНА АЛАРДАН АЛЫНГАН ҮЗҮНДҮЛӨР .
КАНТ ШААРЫНЫН КУРУЛУШ КУРУУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Кант шаарынын курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелери (мындан ары -Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актьшары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасьшьш башка мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ьлайык иштелип чыккан ченемдик укуктук акт болуп саналат, ал комплекстүү өнүктүрүүнү укуктук жөнгө салуу, аймакты колдонуу жана уюштуруу тартибин белгилейт жана шаар куруу жана архитектуралык-курулуш иштеринин, курчап турган чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун эрежелерин жана жол-жоболорун аныктайт.
I БӨЛҮК. УКУКТУК ЗОНАЛАРГА БӨЛҮҮНҮН НЕГИЗИНДЕ КУРУЛУШ КУРУУНУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУ ТАРТИБИ
1.1-глава. Жалпы жоболор
Бул глава ушул Эрежелерде колдонулуучу негизги түпгүнүктөрдүн маанисин аныктайт, Эрежелерди киргизүү үчүн негиздерди, дайындалышын жана түзүмүн баяндайт, укуктук зоналарга бөлүү менен киргизилүүчү шаар куруу регламенттеринин ролун жана аларды колдонуунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрөт жана жеке жана юридикалык жактар үчүн Эрежелерде камтылган курулуш куруу жана жер пайдалануу тууралуу маалыматтардын ачык-айкьшдуулугунун жана жеткиликтүүлүгүнүн талашсыздыгьш белгилейт.
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Эрежелердеги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде колдонулат.
Блоктолгон турак үй - эки же андан көп квартирадан турган квартиралык типтеги имарат, анын ар биринин өзүнчө кирген жери жана өзүнчө жер участогуна чыккан жери бар.
Атайын макулдашууну талап кылган кыймылсыз мүлктү пайдалануу түрлөрү
- кыймьшсыз мүлктү пайдалануу түрлөрү, алар ушундай макулдашууну талап кьлуучу катары ушул Эрежелердин 31-беренесинин тизмелеринде өзгөчө көрсөтүлгөн жана алар үчүн ушул Эрежелердин 12, 19-беренелеринде белгиленген тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алуу керек.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү - иштин түрү, аларды жер участокторунда жана аларда жайгашкан кыймылсыз мүлк обьекттеринде ишке ашыруу бул жана башка ченемдик укуктук актылар, техникалык ченемдик документтер менен белгиленген эрежелерди сактоодо ушул Эрежелердин 31 -беренесинде ушул түрлөр көрсөтүлгөндүктөн уруксат берилген.
Суу обьекттеринин суу коргоо зонасы - ага карата суу обьекттеринин булганышын, балыр басьппын жана азайышын болтурбоо, жаныбарлар жана өсүмдүк дүйнөсүнүн обьекттери жашаган чөйрөнү сактоо үчүн чарбалык жана башка иштин атайын режими белгиленген, дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка жер үстүндөгү суу обьекттеринин акваториясына туташ болгон аймак.
Курулуштун бийиктиги - жердин долбоордук белгисинен жалпак чатырдьш эң жогорку жерине чейин же тегиз чатырдьш кооздолуп кагылган тактайынын эң жогорку жерине чейин өлчөнгөн тигинен аралык.
Шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, толук пландоо, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүнүн жана калктуу конуштардын пландуу түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору.
Шаар куруу регламенти - шаарлардагы жана айылдардагы калктуу конуштарда колдонууга уруксат берилген жер участокторунун жана кыймьшсыз мүлктүн башка обьекттеринин ушул Эрежелер, шаар куруу документтери менен белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймьшсыз мүлк обьекттерин мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдүн жыйындысы.
Жер участогу - белгиленген чектери, аянты, жайгашкан жери, укуктук статусу жана шаар куруу регламенттери, сервитуттары менен берилген колдонууга белгиленген чектери бар жер бетиндеги бөлүк.
Зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелүү түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет.
Кыймылсыз мүлктү өзгөртүү - жер участогун же курулушту же анда жайгашкан курулманы колдонуунун түрүн (түрлөрүн) өзгөртүү, жаңыларын куруу, реконструкциялоо, учурдагы курулуштардын же курулмалардын ордун которуштуруу же бузуу, курулушту даярдоодо жана ишке ашырууда башка аракеттер, жер участогунун өлчөмдөрүн өзгөртүү.
Кыймылсыз мүлктүн башка обьекттери - бул фраза "жер участоктору, кыймьшсыз мүлктүн башка обьекттери" деген сөз айкалыштарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, мында "кыймьшсыз мүлктүн башка обьекттери" имараттарды, курулуштарды, курулмаларды түшүндүрөт.
Инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктура - калктуу конуштун туруктуу өнүгүшүн жана иштешин камсыз кылуучу, транспорт, байланыш, инженердик жабдыктар курулмаларынын жана коммуникацияларынын, ошондой эле калкты социалдык жана маданий-турмуштук тейлөө обьекттеринин комплекси.
Жер участогун пайдалануу коэффициенти - участоктогу бардык курулуштардын (учурдагы жана кошумча курулушу мүмкүн болгон) жалпы аянтынын жер участогунун аянтына болгон катышы. Участоктогу курулуштардын жалпыланган уруксат берилген жалпы аянты коэффициенттин маанисин жер участогунун аянтынын көрсөткүчүнө көбөйтүү менен аныкталат.
Кызыл сызык - көчөлөрдүн жана жолдордун кеңдигин аныктаган жана көчөлөр менен жолдорду пландоо түзүмүнүн башка элементтеринен бөлүүчү чек болуп саналган сызыктар.
Курулуш курууну жөнгө салуу сызыктары - кызыл сызыктардан же жер участокторунун чектеринен чыгып белгиленүүчү, долбоорлонуучу жана курулуучу курулуштардьш тышкы контурларынын планьшда жайгашкан жерди көрсөтүүчү сызыктар.
Чек салуу - чек салуу долбоорлорунда жана учурдагы жер участокторунун жана кыймьлсыз мүлк обьекттери катары кайрадан түзүлүүчү жер участокторунун чегиндеги жерлерде белгилөө, калыбына келтирүү, өзгөртүү жана бекитүү боюнча шаар куруу жана жерге жайгаштыруу иштеринин комплекси.
Жер участокторунун эң аз аянты жана өлчөмдөрү - укуктук зоналарга бөлүү картасында көрсөтүлүүчү, тиешелүү регламенттик зоналарга карата шаар куруу регламенттеринин курамьша киргизилүүчү жер участокторунун эң аз аянтынын жана сызыктуу өлчөмдөрүнүн көрсөткүчтөрү.
Көп квартиралуу турак үй - квартираларынын жалпы тепкич аянтына чыккан жери жана бүтүндөй үй үчүн жалпы жер участогу бар турак уй.
Кыймылсыз мүлк - жер участоктору жана бардык жер менен бекем байланышкандар, башкача айтканда алардын арналышына ченемдеш эмес зыян келтирбестен аларды көчүрүү мүмкүн болбогон обьекттер, анын ичинде имараттар, курулмалар, курулуштар, көп жылдык өсүмдүктөр.
Эрежелерден четтөө - конкреттүү участок үчүн санкцияланган, уруксат берилген курулуштун чектик параметрлеринин - курулуштардын бийиктигинин, участокторду куруу пайызьнын, курулуштардьш участоктордун чектеринен чыгуусу, ал участоктун кичинекей өлчөмүнүн, ыңгайсыз конфигурациясьнын, жагымсыз инженердик-геологиялык жана башка мүнөздөмөлөрүнүн айынан участокту ушул Эрежелерге ьлайык колдонуу мүмкүн эместиги жана кыйынчьлыктар менен шартталган.
Укуктук зоналарга бөлүү - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймагында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы иши.
Суу обьекттеринин жээктеги сууларды коргоочу тилкеси - суу обьекттеринин сууларды коргоо зонасынын бир бөлүгү, ал үчүн жер пайдалануунун, курулуш куруунун жана жаратылышты пайдалануунун кошумча чектөөлөрү киргизилет.
Долбоордук документтер - имараттарды, курулмаларды, курулуштарды, алардьн бөлүктөрүн куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн айрым жер участокторуна карата даярдалуучу жана аны белгиленген тартипте макулдашып, экспертизадан өткөргөндөн кийин курууга уруксат алуу үчүн колдонулуучу документ.
Участокко курулуш куруу пайызы - пайыз менен көрсөтүлгөн шаар куруу регламентинин көрсөткүчү, ал жер участогунун аянтынын кайсы бөлүгүнө имараттар, курулмалар жана курулуштар салынышы мүмкүн экендигин көрсөтөт.
Жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка обьекттерин уруксат берилген колдонуу - ушул Эрежелерде жана шаар куруу документтеринде белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ьлайык белгиленген аталган обьекттерди колдонууга чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга ылайык кыймьлсыз мүлк обьекттерин колдонуу.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү -ушул Эрежелердин 31-беренесинде ар бир зона үчүн көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги түрлөрүн коштоп жүрүүчү кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү, алар акыркьшарына карата көмөкчү болуп саналат. Жер участогунда колдонуунун негизги түрү жок болгон учурда, аны коштоп жүрүүчү түрүн колдонууга уруксат берилбейт.
Курууга уруксат берүү - жер участогунун, кыймылсыз мүлктүн башка обьектисинин менчик ээсинин, ижарачынын же пайдалануучунун имаратты, курулманы жана курулушту курууга, реконструкциялоого, аймакты көрктөндүрүүгө укугун күбөлөндүрүүчү документ. Белгиленген тартипте макулдашылган долбоордук документтин негизинде берилет.
Сервитут - башка адамдын менчигинде же колдонуусунда турган жер участогун чектелген максаттуу пайдаланууга адамдын укугу. Сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлоо сервитуту) белгилениши мүмкүн.
Жер участогунун менчик ээси, пайдалануучусу - жер участогуна укуктун бир түрүнө - менчик укугуна, пайдалануу укугуна, анын ичинде ижара шартында, мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон жеке же юридикалык жак.
Кыймылсыз мүлктү курулуштук өзгөртүүлөр - жаңы куруу, реконструкциялоо, кошумча куруу, курулмаларды бузуу, жер казуу иштери, курууга уруксаттын негизинде жүргүзүлүүчү башка иш-аракеттер аркылуу (тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен өзгөчө аты аталган анча маанилүү эмес иш-аракеттерден тышкары) жер участокторуна, кыймьлсыз мүлктүн башка обьекттерине карата ишке ашырьшуучу өзгөртүүлөр.
2-берене. Эрежелерди киргизүүнүн негиздери, арналышы жана түзүлүшү
1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кант шаарында курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу системасын киргизет, ал укуктук зоналарга бөлүүгө - шаардын чегинде бүткүл аймакты зоналарга бөлүүгө негизденген, мында алардьш ар бири үчүн (тиешелүү түрдө ушул зоналардагы бардык жер участоктору үчүн) кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери, жер пайдалануунун жана курулуш куруунун экологиялык жана башка шарттары боюнча кошумча шаар куруу регламенттери белгиленет.
2. Кант шаарында укуктук зоналарга бөлүүгө негизденген курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу системасын киргизүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаарынын аймагын өнүктүрүү пландарын жана программаларын ишке ашыруу (анын ичинде бекитилген шаар куруу документтеринде белгиленгендер), инженердик, транспорттук камсыз кылуу жана социалдык тейлөө системалары, табигый жана маданий-тарыхый чөйрөнү сактоо үчүн шарттарды камсыз кылуу;
- менчик ээлери, ижарачылар, жер участокторун пайдалануучулар, ошондой эле жер участогуна, башка кыймьлсыз мүлк обьекттерине менчик, пайдалануу, ижарага алуу укугун алууну каалаган адамдар үчүн кыймьлсыз мүлктү пайдалануу жана курулуштук өзгөртүү боюнча укуктук кепилдиктерди белгилөө;
- жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде кыймьлсыз мүлктү курууга жана жайгаштырууга инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу;
-жарандардын маалыматтарга эркин жетишин жана коомдук угууларды өткөрүү аркылуу шаарды өнүктүрүү, курулуш куруу жана жер пайдалануу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусун камсыз кылуу;
- жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарыньш сакталышын контролдоону камсыз кылуу.
3. Бул Эрежелер төмөнкүлөр боюнча ишти жөнгө салат:
- Кант шаарынын аймагын укуктук зоналарга бөлүү жана жер участокторун, башка кыймьлсыз мүлк обьекттерин уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттерин белгилөө;
- пландоо, чек салуу долбоорлорун иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү аркылуу Кант шаарынын аймагын белгиленген чектери менен кыймылсыз мүлк обьекттери катары жер участокторуна бөлүү (чек салуу);
- жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна укук берүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык муктаждык үчүн жер участокторун алып коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн шаар куруу негиздерин даярдоо;
- жаңыдан курулган же реконструкцияланган обьекттерди курууга, эксплуатациялоого уруксаттарды берүү;
- кыймьлсыз мүлк обьекттерин колдонууну жана курулуштук өзгөртүүнү контролдоо, мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте айыптык санкцияларды колдонуу;
- жеке жана юридикалык жактар үчүн курулуш куруу жана жер пайдалануу жөнүндө маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле коомдук угуулар аркылуу ушул маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусун камсыз кылуу;
- ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү.
4. Бул Эрежелер төмөнкүлөр менен катар колдонулат:
- Кант шаардык кеңешинин курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актылары (ушул Эрежелерге карама-каршы келбеген бөлүгүндө);
- жашоо-турмуштун коопсуздугун, адамдардын ишин жана ден соолугун, имараттардын, курулмалардын жана курулуштардын бекемдигин жана коопсуздугун камсыз кылуу, курчап турган табигый жана маданий-тарыхый чөйрөнү сактоо максатьнда мыйзамдарга ылайык белгиленген ченемдер жана стандарттар, башка милдеттүү талаптар.
5. Бул Эрежелерди Кант шаарынын аймагында шаар куруу жана курулуш иштерин жүргүзгөн, жөнгө салган жана контролдогон мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар, кызмат адамдары сактоого милдеттүү.
Бул Эрежелер үч бөлүктөн турат:
- I бөлүк - "Укуктук зоналарга бөлүүнүн негизинде курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу тартиби",
- II бөлүк - "Картографиялык документтер жана шаар куруу регламенттери",
- III бөлүк - "Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун кошумча ченемдерин камтыган ченемдик укуктук актылардын баяндалышы жана алардан алынган үзүндүлөр".
Бул Эрежелердин I бөлүгү - "Укуктук зоналарга бөлүүнүн негизинде курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу тартиби" төмөнкүлөрдү жөнгө салган укуктук жана жол-жоболук ченемдердин тексти түрүндө берилген:
- аймактык укуктук зоналарга бөлүүнүн негизинде курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу системасын түзүү жана колдонуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктуулугун жана иштөө тартибин;
- кыймылсыз мүлктү колдонуу жана курулуштук өзгөртүү боюнча жеке жана юридикалык жактардын укуктуулугун жана иштөө тартибин;
- кыймьлсыз мүлктү куруу, алардын колдонулушун жана курулуштук өзгөртүлүшүн контролдоо үчүн жер участокторун берүү тартибин;
- ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин;
- Эрежелерди бузгандык үчүн кызмат адамдарынын, жарандардын жана юридикалык жактардьш жоопкерчилигин.
Бул Эрежелердин II бөлүгү - "Картографиялык документтер жана шаар куруу регламенттери" - Кант шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасын жана кыймьлсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана кыймьлсыз мүлктү уруксат берилген өзгөртүү параметрлеринин чектик мааниси боюнча шаар куруу регламенттеринин баяндалышын (30, 31-беренелер), экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасын жана экологиялык шарттар боюнча кошумча шаар куруу регламенттеринин баяндалышын (32, 33-беренелер) камтыйт.
Башка экологиялык шарттар жана тарых, маданият жана археологиялык катмардьш эстеликтерин коргоо шарттары боюнча шаар куруу регламенттерин камтыган башка карталар ушул Эрежелерге толуктоолорду киргизүү тартибинде алардын даярдалышына жана аларга расмий документтин статусу берилгендигине жараша бул Эрежелерге киргизилиши керек.
Бул Эрежелердин III бөлүгү – «Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун кошумча ченемдерин камтыган ченемдик укуктук актылардын баяндалышы жана алардан алынган үзүндүлөр» – курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун укуктук ченемдерин ачкан ченемдик укуктук актылардын баяндалышын жана/же алардан алынган үзүндүлөрдү камтыйт. Баяндалышы же алардан алынган үзүндүлөрү ушул Эрежелердин III бөлүгүнө киргизилген жергиликтүү ченемдик укуктук актылар Эрежелердин I жана II бөлүктөрүндө камтылган ченемдерге карама-каршы келиши мүмкүн эмес.
3-берене. Шаар куруу регламенттери жана аларды колдонуу
1. Жер участокторун куруу жана колдонуу боюнча чечимдер шаар куруу документтерине ылайык жана ушул Эрежелердин негизинде белгиленген шаар куруу регламенттеринин негизинде кабыл алынат, алар зоналардын чегинде колдонулат жана бир эле зонада жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан бардык жер участокторуна, башка кыймьлсыз мүлк обьектине жайылтылат.
Төмөнкүлөр буларга кирбейт:
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу органдар күтүү, параметрлери жана реставрациялоо, консервациялоо мүнөздөмөлөрү, калыбына келтирүү, оңдоо жана жеке тартипте көнүктүрүү режими жөнүндө чечим кабыл алган, тарыхый-маданий баалуулукту билдирген, расмий тизмелерде болгон тарых жана маданият эстеликтери жана жаңыдан аныкталган обьекттер;
- табигый чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык жеке тартипте чечим кабьл алынуучу, расмий тизмелерде болгон жаратылыш эстеликтери жана корголуучу табигый аймактар.
Транспорттук жана инженердик-техникалык коммуникациялар да буларга кирбейт, анын ичинде темир жолдор, автомобилдик магистралдар, көчөлөр, жолдор, өтмөктөр, өрткө каршы суу менен камсыз кылынган магистраддык суу өткөргүчтөр жана өрткө каршы көлмөлөр, буларга шаар куруу регламенттери колдонулбайт. Транспорттук жана инженердик-техникалык коммуникациялар бөлүнгөн чектердеги аймактардын колдонулушу алардын максаттуу багытталышы менен аныкталат. Аталган чектерде жайгаштырууга уруксат берилген обьекттердин түрлөрүнүн тизмеси Кыргыз Республикасьшын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
2. Кант шаарында шаар куруу регламенттерин колдонуу зоналары эки картада белгиленген:
- укуктук зоналарга бөлүү картасында (Эрежелердин 30-беренеси),
-экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарьшын картасында (Эрежелердин 32-беренеси).
3. Кант шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасында (30-берене) зоналар белгиленген, аларга кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери кошумча жазылган (31-берене).
Көрсөтүлгөн картадагы зоналар учурдагы шаардын чегинде Кант шаарынын бутүндөй аймагьш камтыйт.
Зоналардын чектери ар бир жер участогунун укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген зоналардын бирине гана таандыктыгын бир беткей идентификациялоо талабына жооп берет. Зоналардын чектери төмөнкүлөр боюнча белгиленет:
- магистралдардын, көчөлөрдүн, өтмөктөрдүн борбордук бөлүүчү сызыктары;
-кызыл сызыктар;
- жер участокторунун чектери;
- коммуникациялар үчүн бөлүнгөн тилкелердин чектери же огу;
- администрациялык чектер;
- жаратылыш обьекттеринин табигый чектери;
- башка чектер.
4. Экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарыньн картасында (3 2-берене) шаар куруу регламенттери кошумча жазылган зоналар белгиленген, алар жаратьшышты коргоо жана калктын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында уруксат берилүүчү жана/же тыюу салынуучу иш-аракеттерди аныктайт.
5. Жер участоктору, башка кыймылсыз мүлк обьекттери бир нече карталарда белгиленген зоналарга туш болгон учурларда, анда бул участокторго (обьекттерге) жогоруда аталган бардык карталарда белгиленген ушул зоналардын бардык шаар куруу регламенттери колдонулат.
6. Төмөнкүлөргө ылайык келсе, кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуу деп эсептелет:
- укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген тиешелүү зона үчүн кыймьшсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттерине (31-берене);
- экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн картасында белгиленген тиешелүү зоналар үчүн экологиялык шарттар боюнча кошумча шаар куруу регламенттерине (33-берене);
- курулуш, өрткө каршы, башка ченемдерде жана эрежелерде камтылган, обьекттердин бекемдигине жана коопсуздугуна милдеттүү талаптарга;
- кыймылсыз мүлктү пайдаланууга документтик белгиленген башка чектөөлөргө (аньш ичинде сервитуттарды белгилөө жөнүндө келишимдер, башка документтер).
7. Кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун түрлөрү боюнча шаар куруу регламенти төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун негизги түрлөрүн, алар курулуш ченемдерин жана коопсуздук стандарттарын, өрткө каршы коопсуздук эрежелерин, башка милдеттүү талаптарды сактаган учурда тыюу салынышы мүмкүн эмес;
- кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги түрлөрүн коштоп жүрүүчү уруксат берилген колдонуунун түрлөрүн, алар негизгилерге карата кошумча болуп саналат, эгерде конкреттүү учурларга жана кыймылсыз мүлк жайгашкан жерлерге карата ушул Эрежелерде атайын башкача каралбаса, жер участогунда колдонуунун негизги түрү жок болгон учурда колдонуунун коштоочу түрүнө уруксат берилбейт;
- кыймылсыз мүлктү колдонуу түрлөрүн, алар үчүн ушул Эрежелердин 12, 19-беренелеринде белгиленген тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алуу зарыл.
Эрежелердин 31-беренесинде көрсөтүлгөн тизмелерде жок болгон кыймылсыз мүлктү колдонуунун түрлөрү тиешелүү зона үчүн уруксат берилбеген болуп саналат жана атайын макулдашуулар жол-жобосун кошо алганда да, уруксат берилиши мүмкүн эмес. 31-беренеге өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Эрежелердин 27-беренесинде белгиленген тартипте киргизилиши мүмкүн.
Укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген ар бир зона үчүн, эреже катары, ушул Эрежелердин 31-беренесинде белгиленген тизмелерден башкасы келип чыкпаса, кыймылсыз мүлктү колдонуунун бир нече түрү белгиленет.
8. Жер участокторунун, башка кыймылсыз мүлк обьекттеринин менчик ээлери, пайдалануучулар жана ижарага алуучулар укуктук зоналарга бөлүү картасынын тиешелүү зоналары үчүн негизги жана коштоочу катары уруксат берилген кыймылсыз мүлктү колдонуу түрүн/түрлөрүн өз ыктыяры боюнча тандоого жана өзгөртүүгө укуктуу.
Кыймылсыз мүлктү колдонуу түрүн өзгөртүү курулуштун көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык кайра өзгөртүүлөрүнө байланышпаган учурларда, Кант шаарынын мэриясына кыймылсыз мүлктү колдонуу түрүн башка түргө өзгөртүү ниети жана фактысы жөнүндө билдирүү керек.
Мындай өзгөртүү курулуштун көлөмдүк-пландуу жана конструкциялык кайра өзгөртүүлөрүнө байланышкан учурларда Эрежелердин 23-беренесине ьлайык берилүүчү курулушка уруксат алый, ошондой эле Кант шаарынын мэриясына кыймылсыз мүлктү колдонуу түрүн башка түргө өзгөртүү фактысы жөнүндө билдирүү зарыл.
9. Кант шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасында бөлүнгөн зоналар үчүн белгиленүүчү кыймылсыз мүлк обьекттерин уруксат берилген курулуштук өзгөртүү параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери төмөнкүдөй параметрлер боюнча иштелип чыгууга тийиш:
- жер участокторунун өлчөмдөрү (минимум жана/же максимум), анын ичинде көчөлөрдүн (өтмөктөрдүн) бет маңдайы боюнча участоктордун чектик кеңдигинин жана участоктордун чектик тереңдигинин сызыктык өлчөмдөрү;
- курулуштардын жер участокторунун чектеринен минимум четке чыгуусу;
- курулуштардын чектик (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу (бийиктиги);
- участокторду куруунун максимум пайызы (курулуп калган жана участкалардын бардык аянтына кошумча курулушу мүмкүн болгон участкалардын жалпы аянтынын катышы);
- жер участокторун колдонуу коэффициентинин максимум мааниси (бардык курулуштардын - учурдагы жана кошумча курулушу мүмкүн болгон - жер участокторунун аянтына - жалпы аянтынын катышы).
Көрсөтүлгөн параметрлердин айкалышы жана алардын чектик мааниси укуктук зоналарга бөлүү картасында белгиленген ар бир зонага карата жекече белгиленет.
Кыймылсыз мүлк обьекттерин уруксат берилген курулуштук өзгөртүү параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери алардын даярдалгандыгына жараша иштелип чыгууга жана ушул Эрежелерге киргизилүүгө тийиш.
10. Айрым жер участоктору үчүн уруксат берилген колдонууну (электр, суу, газ менен камсыз кылуу, канализация, телефондоштуруу ж.б.) ишке ашырууну камсыз кылуучу инженердик-техникалык обьекттер, курулмалар жана коммуникациялар курулуш жана өрткө каршы ченемдерге жана эрежелерге, технологиялык коопсуздук стандарттарына, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо шарттарына жана тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышына ылайык келген шартта дайыма уруксат берилген болуп саналат, ал долбоордук документтерди макулдашууда ырасталат.
Эки жана андан коп менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) обьекттеринин иштешин инженердик-техникалык камсыз кылуу үчүн арналган курулмаларды (анын ичинде коммуналдык) жайгаштыруу үчүн өзүнчө жер участогунда ушул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алуу зарыл.
4-берене. Курулуш куруу жана жер пайдалануу жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү
1. Бул Эрежелер, анын ичинде алардын курамына кирген бардык картографиялык жана башка документтер жеке жана юридикалык жактар үчүн ачык болуп саналат.
Кант шаарынын мэриясы жана шаардык кеңеши төмөнкү жолдор аркылуу ушул Эрежелер менен таанышуу мүмкүндүгүн камсыз кылат:
- Эрежелерди жарыялоо, алардын көчүрмөлөрүн берүү жана ачык сатуу;
- Эрежелерди Интернет тармагында жайьштуу;
- ушул Эрежелер менен толук көлөмдө таанышып чыгуу үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгындагы (мындан ары текст боюнча - Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы), курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу жаатында ыйгарым укуктуу башка органдарындагы картографиялык жана башка документтер;
- Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга ушул Эрежелерден көчүрмөлөрдү тариздөө, ошондой эле зарыл көчүрмөлөрдү, анын ичинде өзүнчө жер участокторуна жана алардын массивдерине (кварталдарга, чакан райондорго) курулуш куруу жана жер пайдалануу шарттарын мүнөздөөчү картографиялык документтердин жана алардьш фрагменттеринин көчүрмөлөрүн даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.
1.2-глава. Эрежелер күчүнө киргенге чейин келип чыккан кыймылсыз мүлктү колдонуу укуктары
Бул глава ушул Эрежелер колдонууга киргизилгенге чейин Кант шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды колдонуу мүнөзүн, ошондой эле укуктук статусту жана ушул Эрежелерге ылайык келбеген кыймылсыз мүлк обьекттерин колдонуу жана курулуштук өзгөртүү мүмкүндүктөрүн аныктайт.
5- берене. Мурда келип чыккан укуктарга тиешелүү жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер колдонууга киргизилгенге чейин кабыл алынган Кант шаардык кеңешинин ченемдик укуктук актылары ушул Эрежелерге каршы келбесе, колдонула берет. Бул Эрежелер алар колдонууга киргизилгенден кийин, ошондой эле ушул Эрежелер колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.
Курууга уруксат берүү түрүндө берилген кыймылсыз мүлк обьекттерин курулуштук өзгөртүүгө укук ушул Эрежелер кабыл алынган күнү курууга уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктабаган шартта күчүндө болот.
2. Бул Эрежелер күчүнө киргенге чейин болгон кыймылсыз мүлк обьекттери төмөнкүдөй учурларда Эрежелерге ылайык келбейт деп эсептелет:
- көчөлөрдү, өтмөктөрдү, инженердик-техникалык коммуникацияларды салуу үчүн пландоо долбоорлору менен бекитилген кызыл сызыктардын чегинде жайгашса;
- тиешелүү регламенттик зоналар үчүн уруксат берилген катары көрсөтүлбөгөн колдонуунун түрү/түрлөрү болсо (Эрежелердин 31-беренеси);
- тиешелүү зоналарга карата Эрежелердин 31-беренесинде белгиленген (бул параметрлер белгиленген учурларда) маанилерден аз (жер участокторунун аянты жана сызыктык өлчөмү, курулмалардын участоктордун чегинен чыккан жери) же көп (курулуш куруунун жыштыгы - курулмалардын бийиктиги/кабаттуулугу, куруу пайызы, участокту пайдалануу коэффициента) параметрлери болсо.
3. Санитардык-коргоочу зоналары алардын участокторунун чектеринен тышкары жайьштьшган жана алардын иштеши башка кыймылсыз мүлк обьекттеринин ээлерине ченеми келишпеген зыян алып келген өндүрүштүк жана башка обьекттерге Кант шаарынын мэриясынын чечими менен ылайык келбөө статусу берилиши мүмкүн.
6- берене. Эрежелерге ылайык келбеген кыймылсыз мүлк обьекттерин колдонуу жана курулуштук өзгөртүүлөр
1. Эрежелердин 5-беренесинин 2-пунктунда каралган, ошондой эле Эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин ылайык келбей калган кыймылсыз мүлк обьекттери аларды ушул Эрежелерге ылайык келтирүү мөөнөтүн белгилебестен колдонула берет.
Алардын болушу жана колдонулушу адамдардын жашоо-турмушу жана ден соолугу, ошондой эле табигый жана маданий-тарыхый чөйрө үчүн кооптуу болгон, бир эле учурда ушул Эрежелерге жана милдеттүү ченемдерге/стандарттарга ылайык келбеген кыймылсыз мүлк обьекттери буларга кирбейт. Бул обьекттерге карата Кант шаарынын мэриясынын чечими менен ушул Эрежелерге, ченемдерге жана стандарттарга ылайык келтирүү мөөнөтү белгиленет же ушундай обьекттерди Эрежелерге, ченемдерге жана стандарттарга ылайык келтиргенге чейин тыюу салынат.
Транспорттук жана инженердик коммуникацияларды жасоо үчүн пландалган кызыл сызыктардын ортосунда жайгашкан ылайык келбеген обьекттер мыйзамдарда белгиленген тартипте жана ушул Эрежелердин 15-беренесине ылайык Кант шаарынын жергиликтүү өз алдьшча башкаруу органдарынын пайдасына менчигинен ажыратьшыны мүмкүн.
2. Обьекттердин түрун жана аларды колдонуунун интенсивдүүлүгүн, куруу параметрлерин өзгөртүү аркылуу ишке ашырьшуучу ьлайык келбеген обьекттерди бардык өзгөртүүлөр аларды ушул Эрежелерге ылайык келтирүү багытында гана жүргүзүлушү мүмкүн.
Колдонуу түрү/түрлөрү тиешелүү зона үчүн уруксат берилгендердин тизмесинде камтьшбаган кыймылсыз мүлк обьекттеринин аянты жана көлөмү көбөйтүлүшү мүмкүн эмес. Бул обьекттерде колдонулуучу технологияны экологиялык, санитардык-гигиеналык, ортко каршы, адамдын коопсуздугунун, ден соолугун коргоонун башка ченемдерине жана стандарттарына ылайык келтирмейинче өндүрүштүк иштин көлөмдөрүн жана интенсивдүүлүгүн көбөйтүүгө жол берилбейт.
Куруу параметрлери боюнча эрежелерге ылайык келбеген кыймылсыз мүлк обьекттери (өтүүнү, өтмөктөрдү татаалдаштырган же жолун тоскон, уруксат берилген чектерге салыштырмалуу аянтынан жана бийиктигинен ашып кеткен курулуштар ж.б.), жүргүзүлүүчү иш-аракеттер ушул обьекттер Эрежелерге ылайык келбөө деңгээлин көбөйтпөгөн учурда колдоого алынат, оңдолот.
3. Жер участокторун натыйжалуу пайдаланууга мүмкүн болбогон же аларды татаалдаштырган, алардын анча чоң эмес өлчөмүнүн жана татаалдаштырьшган конфигурациясьшын айынан ушул Эрежелерге ылайык келбеген жер участокторунун ылайык келбөө деңгээлин көбөйтүүгө болот, бирок курулуштук ниеттерди ишке ашыруу үчүн милдеттүү түрдө Эрежелердин 28-беренесинде белгиленген тартипте Эрежелерден четтөөгө уруксат алынган учурда.
1.3-глава. Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча келип чыккан мамилелердин катышуучулары
Бул глава жеке жана юридикалык жактардын - курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча келип чыккан мамилелердин катышуучуларынын иш-аракеттеринин алкагын аныктайт, Эрежелерди ишке ашырууга катышкан түрдүү органдардын функцияларын баяндайт.
7-берене. Курулуш куруучу жана жер пайдаланууну адамдар
1. Бул Эрежелер жеке жана юридикалык жактардын иш-аракеттерин жөнгө салат, алар:
- жаңы курулуш же реконструкциялоо максатында муниципалдык жер участокторуна менчик укугун же ижарага укугун берүү боюнча тооруктарга (конкурстарга, аукциондорго) катышат;
- Кант шаарынын мэриясына акыркы сатып алуучуларга/ижарачьшарга андан ары сатуу же ижарага берүү максатында жаңы курулуш, реконструкциялоо же чек салуу (ири участокту бөлүү жана анда кыймылсыз мүлк обьекттери катары майда жер участокторун түзүү) үчүн муниципалдьж менчиктен жер участогуна (участокторуна) укуктарды берүү жөнүндө табыштама менен кайрылат;
- жер участокторуна, башка кыймылсыз мүлк обьекттерине ээ болуу менен долбоордук документтерди даярдайт жана ага ылайык кыймылсыз мүлктү курат, реконструкциялайт, башка өзгөртүүлөрдү жасайт.
Көрсөтүлгөн жана башка иш-аракеттер ушул Эрежелердин ченемдерин толук берүүчү башка ченемдик укуктук актьшар менен да жөнгө салынат. Жеке жана юридикалык жактардын башка иш-аракеттерине төмөнкүлөр кирет:
- муниципалдык менчикте турган жана кыска мөөнөттүү ижарага берилүүчү (тооруктар же түз сүйлөшүүлөр аркылуу) жер участокторуна капиталдык эмес курулмаларды куруу (чатыр, киоск ж.б. сыяктуу);
- жерге мурда берилген укуктун бир түрүн экинчисине кайрадан тариздөө, анын ичинде менчиктештирилген ишканалардын жер участокторун менчиктештирүү, өмүр бою мураска ээ болуу укугун же менчик укугун мөөнөтсүз пайдалануу укугуна кайра тариздөө ж.б.;
- кондоминиумдарды түзүү максатьнда калыптанып калган курулуштардын аймагын жер участокторуна бөлүштүрүү (чек салуу);
- эгерде бул шаар куруу регламенттерине жана ушул Эрежелердин башка жоболоруна карама-каршы келбесе, менчик ээлеринин ортосундагы участокторду бөлүү;
- курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча коомдук же менчик пландарды даярдоо жана ишке ашыруу менен байланышкан башка иш-аракеттер.
2. Кант шаарында мамлекеттик органдардын атынан үй куруп жана жер пайдаланган адамдар шаар куруу регламенттерин сактоо бөлүгүндө мыйзамдардын жана ушул Эрежелердин талаптарын аткарат.
8-берене. Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссия
1. Бул Эрежелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жана жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамы жана жалпы саны Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилет. Комиссия өз ишин колдонуудагы мыйзамдардын, ушул Эрежелердин, анын ишин жөнгө салуучу жана Кант шаардьж кеңеши тарабынан бекитилүүчү башка документтердин негизинде ишке ашырат.
2. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- жер участокторуна менчик укугун же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- жер участогуна укуктун түрүн (менчик укугу, ижара), аны берүү ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу); аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шартьш (конкурс өткөрүлгөн шартта) аныктайт;
- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн лоттун баштапкы баасынын же жер участокторунун баштапкы баасынын өлчөмүн белгилейт;
- тооруктардын жыйынтьштарын аныктайт;
- ушул Эрежелерден четтөөлөргө атайын макулдук жана уруксат берүү жөнүндө Кант шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды, курулуш куруу жана жер пайдалануу маселелерине тиешелүү Кант шаарынын мэриясынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактардын апелляциясына байланыштуу талаш-тартыштарды сотко чейинки жонго салуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды, ошондой эле ушул Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу менен байланышкан жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, башка документтерди даярдоону уюштурат;
- Кант шаарынын мэриясы үчүн инженердик коммуникацияларга (суу түтүк тармактарына, канализацияга, энергия менен камсыз кылууга жана башкалар) жетүүнү камсыз кылуу үчүн сервитуттарды белгилөө боюнча сунуштарды даярдайт;
- ушул Эрежелерде жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган компетенциянын чегинде башка маселелерди карайт.
Комиссиянын сунушунун негизинде Кант шаарьшын мэриясы жана шаардык кеңеш тиешелүү токтом, буйрук, башка ченемдик актыларды кабыл алат.
3. Комиссиянын төрагасы болуп курулуш куруу жана жер пайдалануу маселелерине кураторлук кылган Кант шаарынын вице-мэри саналат.
Комиссиянын курамына төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү кирет:
- Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы;
- Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы;
- Кант шаарынын мэриясы (жер жана курулуш маселелерине кураторлук кылган адис);
- "Кант-Тазалык" муниципалдьж ишканасы;
- Чүй облусунун мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы. Комиссиянын курамына Кант шаардык кеңешинин чечими боюнча 2 депутат кирет. Комиссиянын курамына ошондой эле Кант шаардык кеңеши тарабынан сунушталган, коомчулуктун атынан чыккан 1 адам кирет.
Комиссиянын жалпы саны - 9 адам.
Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин кворуму болгон учурда, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын катчысы Кант шаарынын мэриясынын кызматчысы болуп саналат жана анын курамына кирбейт.
Комиссиянын кайсы болбосун мүчөсү түздөн-түз финансылык кызыкчылыкта болсо же маселе каралып жаткан табыштаманы берүүчү менен туугандык мамиледе болсо Комиссиянын чечими менен конкреттүү маселе боюнча добуш берүүгө катышуудан бошотулат.
Комиссиянын протоколуна Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, Комиссиянын жыйьшына катышкандар кол коет, ал эми ушул Эрежелерде каралган учурларда тооруктардын жеңүүчүсү да кол коет.
9-берене. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, Кант шаарында курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө ыйгарым укуктуу башка органдар
1. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүмү болуп саналат жана ушул Эрежелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде Кант шаарынын аймагында шаар куруу (курулуш) ишин жөнгө салуу функцияларын аткарат.
Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын милдеттерине, ушул Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу бөлүгүндө төмөнкүлөр кирет:
- Кант шаардык кеңеши үчүн Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу Эрежелерди өркүндөтүү боюнча тиешелүү талдоо жүргүзүүлөрдү жана сунуштарды камтыган Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу жөнүндө ар жылдык баяндамаларды даярдоо;
- тооруктарды (аукциондорду, конкурстарды) өткөрүү жана жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна укук берүүнүн башка ыкмалары үчүн документтерди даярдоого катышуу;
- жер участокторун түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- жер участокторун тандоо;
- шаар куруу жана долбоордук документтердин ушул Эрежелерге жана курулуш ченемдерине ылайык келишин макулдашууга, аяктаган курулуш обьекттерин кабыл алууга катышуу;
- Кант шаарынын мэриясынын суроо-талабы боюнча курууга уруксат берилгенге чейин атайын макулдашуу, Эрежелерден четтөө маселелери боюнча корутундуларды берүү;
- укуктук зоналарга бөлүү картасын жүргүзүү жана ага бекитилген толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Эрежелерде жана бекитилген шаар куруу документтеринде камтылган маалыматтарды кызыкдар адамдарга берүү;
- курулуп, реконструкцияланып жаткан обьекттердин (менчигинин түрүнө жана финансылоо булагына карабастан) бекитилген долбоордук документтердин курулушуна ылайык келишин жана курулуштун, реконструкциялоонун уюштуруу-укуктук тартибинин сакталышын текшерүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттер.
2. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментине баш ийген (мындан ары текст боюнча - Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы) аймактык мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат жана өз ишин ушул Эрежелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде ишке ашырат.
Кант шаарында ушул Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу маселелери боюнча Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы:
- Кант шаарынын мэриясынын суроо-талабы боюнча атайын макулдашууларга, башка маселелерге карата ага корутунду берет;
- жер саясатын жана жер реформалары программаларын жүргүзүүнү ишке ашырат, анын ичинде Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш киргизүү аркылуу;
- мамлекеттик жер кадастрын жүргүзөт, жер участокторунун менчик ээлери тарабынан берилген материалдардын жана документтердин аныктыгын, алардын укуктуулугун, жер участогунун аянтын, белгиленген чектери менен участоктун планын, кыймылсыз мүлккө баа берүү датасын жана натыйжаларын, сервитуттардын, башка оорчулуктардын болушун, башка адамдардын мүлктүк укуктарьш, жер участогунун чегинин жана аянтынын натуралай түрдө юридикалык документтерге шайкеш келишин текшерет, жерлерге мониторинг жүргүзөт;
- тооруктарда берүү үчүн жер участокторунун тизмесин макулдашат;
- тооруктарды (аукциондорду, конкурстарды) өткөрүү жана жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна укуктарды берүүнүн башка ыкмалары үчүн документтерди даярдоого катышат;
- жеке жана юридикалык жактарга укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздейт жана берет;
- жер участокторун берүү жана алый коюу жөнүндө чечимдерди макулдашат;
- жерлердин колдонулушун жана сакталышын контролдойт;
- мыйзамдарга ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
3. Бул Эрежелерди ишке ашыруу жана колдонуу маселелери боюнча башка органдар
-санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, өрткө каршы көзөмөл органдары, курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы жана башкалар мыйзамдарга, ушул Эрежелерге ылайык жана ушул органдар жөнүндө жоболордун негизинде курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого катышат.
1.4-глава. Жер участокторун кыймылсыз мүлк обьекттери катары түзүү жана аларды жеке жана юридикалык жактарга берүү процессии уюштуруу
Бул глава жер участокторун муниципалдык менчикте турган жана жер жүгүртүүгө тартуу үчүн даярдалуучу кыймылсыз мүлк обьекттери катары түзүү процессии уюштуруунун шарттарын жана жалпы принциптерин, ошондой эле түзүлгөн жер участокторун менчик же ижара укугунда жеке жана юридикалык жактарга берүү тартибинин негиздерин аныктайт.
10-берене. Жер участокторун түзүү жана берүү боюнча иш-аракеттерди жөнгө салуучу негизги ченемдер
1. Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укук, ушул укуктарды берүү учурунда бул участоктор түзүлгөн шартта берилиши мүмкүн.
Жер участогу төмөнкүдөй учурларда түзүлдү деп эсептелет:
- жер участогу үчүнчү жактардын укуктарынан бош (сервитуттар аркылуу бекитип берилген укуктардан тышкары);
- жер участогунун белгиленген чектери бар болсо;
- жер участогунун белгиленген түрдөгү уруксат берилген колдонуусу жана башка зарыл шаар куруу регламенттери бар болсо;
- бул жер участогу боюнча инженердик коммуникациялардын бар же жок экендиги, максимум жол берилген кубаттуулук, инженердик коммуникацияларга кошуунун мөөнөтү жана наркы тууралуу маалыматтар, ошондой эле инженердик коммуникациялар жок болгон учурда - бул райондо инженердик коммуникацияларды пландап өнүктүрүү, пландалуучу инженердик коммуникациялардьш мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөтү жана наркы тууралуу маалыматтар берилсе;
- ушул жер участогундагы бак-дарактарды (эгерде алар болсо) колдонуу, кыюу, ордун которуштуруу макулдашылса.
Жер участокторун түзүү боюнча иштерди өткөрүү ушул Эрежелердин 11-беренесине ылайык ишке ашырылат.
2. Түзүлгөн жер участокторуна менчик же ижара укугу ачык тооруктарда (аукциондордо, конкурстарда) берилет, ал эми ушул берененин 3-пунктунда каралган учурларда жер участоктору түз сатуулар аркылуу ижарага берилиши мүмкүн.
3. Тооруктар (аукциондор, конкурстар) жеке жана юридикалык жактар (арыз ээлери)
- жер участокторуна укуктарды берүүгө демилгечилер менен сүйлөшүүлөр болгон учурлардан тышкары, бардык учурларда өткөрүлөт.
Жер участогу ачык тооруктарды өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр (түз сатуулар) аркылуу жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) ижарага берилиши мүмкүн, эгерде:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) колдонууга берилген жер участогунда имараттар жана курулуштар жайгашса, анын ичинде ушул адамдарга менчик укугунда таандык курулушу бүтө элек обьекттер;
б) жер участогу белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлса жана ижарага берилбесе;
в) аталган обьекттерге кирүү тобун куруу, көркүнө келтирүү же учурдагы обьекттин аянтын кеңейтүү максатында жанаша куруу үчүн жер участогу ушул адамдарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулуштун бир бөлүгүнө биригип турса (чектешсе), мында аталган жер участогу кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлбөйт жана үчүнчү жактарга ушундай жер участогуна укуктарды берүү аталган имараттардын жана курулуштардын менчик ээлеринин укуктарын бузууга альш келиши мүмкүн;
г) жер участогу ушул адамдарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулуштун бир бөлүгүнө биригип турса (чектешсе) же аталган имараттардын жана курулуштардын жанында жайгашса жана аларды тейлөө максатында транспорт коюучу жерлерди уюштуруу үчүн талап кылынса, ушундай жер участогуна укуктарды үчүнчү жактарга берүү аталган имараттардын жана курулуштардын менчик ээлеринин укуктарын бузууга алып келиши мүмкүн.
4. Түз сатууга жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде, ушул берененин 1 -пунктунда каралган шарттар менен түзүлгөн жер участоктору коюлат.
5. Жеке же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укуктарды тооруктарда же түз сүйлөшүүлөр (түз сатуулар) аркылуу берүү жөнүндө чечим Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын сунушу боюнча Кант шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынат.
6. Кант шаарынын чегинде муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү процесси төмөнкүлөр тарабынан демилге кылынышы мүмкүн:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- мамлекеттик органдар;
- жеке жана юридикалык жактар.
7. Жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү процесси Кант шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилге кылынган учурларда тандап алынган жер участоктору тооруктарга коюлуучу участоктордун тизмесине киргизилет, буга ушул берененин 3-пунктунда каралган учурлар кирбейт.
8. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы Кант шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча эки учурда тең - жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан тооруктарда жер участокторуна укуктарды берүү процесси демилге кылынганда жана жеке жана юридикалык жак тарабынан участокторду берүү демилге кылынганда жер участокторун тандайт.
11-берене. Жер участокторун түзүү боюнча иштерди жүргүзүү тартиби
1. Тоорукта жер участогуна укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар Кант шаарынын мэриясына арыз менен кайрылат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер участогуна суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана жайгашкан жери; конкреттүү жер участогу жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жерди көрсөтөт, ошого жараша жер участогу тандалат жана түзүлөт.
2. Жер участогуна укукту түз сатуу жолу менен алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар Кант шаарынын мэриясына арыз менен кайрылат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер участогуна суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- участоктун аянты жана жайгашкан жери;
- кыймылсыз мүлк объекти жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо);
- ушул Эрежелердин 10-беренесинин 3-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы.
Арызга төмөнкүлөр таркелет: ушул Эрежелердин 10-беренесинин 3-пунктунун б) пунктчасында каралгандан башка учурларда - жер участогуна жана кыймылсыз мүлктүн бирдигине (имаратка жана курулмага) укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү.
3. Кант шаарынын мэриясы өз демилгеси боюнча же арыз түшкөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттүн ичинде Ысык-Ата архитектура жана курулуш башкармалыгына жер участогун түзүү боюнча тийиштүү тапшырма жиберет.
Кант шаарынын мэриясынын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы жана аянттын болжолдуу аянты менен жайгашкан жери каралат.
Кант шаарынын мэриясы арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө ырастама берет.
4. Ушул Эрежелердин 10-беренесинин 3-пунктунун а) пунктчасында каралган учурларда, ошондой эле эгер укук берилип жаткан жер участогу мурда түзүлгөн болсо жер участогун кайрадан түзүү талап кылынбайт.
5. Ысык-Ата архитектура жана курулуш башкармалыгы суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана ушул Эрежелерге ылайык келишин 5 жумушчу күндүн ичинде аныктайт.
Билдирилген ниеттердин ылайык келбегендиги аныкталса Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы кийинки күндөн кечиктирбестен Кант шаарынын мэриясына суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана ушул Эрежелерге ылайык келбегендиги жөнүндө корутундуну жиберет.
6. Суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана ушул Эрежелерге ылайык келиши аныкталганда Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы 7 жумушчу күндүн ичинде жер участогунун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда төмөнкүлөр чийилет:
- жер участогунун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
- жер участогу аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын учурдагы трассалары.
7. Жер участокторун түзүү боюнча иштин стадиясында Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун баштапкы техникалык шарттарын аныктоо үчүн инженердик-техникальж кызматтар, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара байланышта иштөөнү камсыз кылат.
Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жер участогунун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен ушул берененин 6-пунктуна ылайык жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен кошо төмөнкүлөргө суроо-талап жиберет:
- Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына, жер участогунун чек араларын, учүнчү жактардын укуктары, ушул жер участогуна оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин тактоо жана бардык коңшулаш жер пайдалануучулар-жер участокторунун менчик ээлери менен жер участогунун схемасын макулдашуу үчүн;
- электр, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга, баштапкы техникалык шарттарды алуу үчүн;
- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына, тийиштүү корутунду алуу үчүн;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участогу эстеликтерди коруу зонасында болсо);
- өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же ордун которуштуруу маселесин чечүү үчүн (жер участогунда муниципалдык менчикте турган өсүмдүктөр болсо).
Эгер жер участогуна укуктар жогоруда аталган органдар менен макулдашылган шаар куруу документтеринин негизинде өткөрүлүп жатса, анда өзүнчө жер участогун ушул пунктка ылайык түзүүдө жогоруда аталган ыйгарым укуктуу органдар менен кайрадан макулдашуу талап кылынбайт.
8. Ушул берененин 7-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар баштапкы техникалык шарттарды, ал эми ыйгарым укуктуу органдар тийиштүү корутундуну Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Баштапкы техникалык шартта инженердик коммуникациялар бар же жок экени, максимум жол берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуу мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ал эми инженердик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженердик-коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөтү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат жана мыйзамда каралган учурларда - тийиштүү мыйзамдарды сактоо боюнча чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
Инженердик тармактарга кошуу мүмкүндүгүнүн жоктугу тооруктун катышуучусу же жер участогун түз сатып алуу жолу менен алып жаткан жак бул жөнүндө маалымдалган шартта жер участогуна укукту берүүгө тоскоолдук болбойт.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылды деп эсептелет.
9. Эгер жер участогу менчикке берилип жатса, анда жер участогуна менчик укугу менен кошо ал жер участогунда жайгашкан башка кыймылсыз мүлк объекттерине, анын ичинде бак-дарактарга да менчик укугу менчик ээсине өтөт. Бул учурда жер участогунда жайгашкан бак-дарактарды пайдалануу шарттарын жер участогунун менчик ээси өзү аныктайт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же ордун которуштурууга же жеке менчикке берүүгө мыйзам жол бербесе, анда бак-дарактарды багуу жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу орган ал жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана бак-дарактарды пайдалануунун шарттарын аныктайт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же ордун которуштурууга же жеке менчикке берүүгө мыйзам тыюу салбаса, бак-дарактарды багуу жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу орган андай бак-дарактардын баасын компенсациялоонун суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду түзөт. Мындай учурда бак-дарактарды кыюуга же ордун которуштурууга уруксат берүүчү документтерди кайрадан макулдашуу же алуу талап кылынбайт.
10. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы алынган материалдардын негизинде 7 жумушчу күндүн ичинде белгиленген формада Жер участогунун планын 2 нускада түзөт.
Жер участогунун планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) жер участогунун топографиялык негизде 1:500 масштабда аткарылган схемасы түрүндөгү графикалык материал, ага төмөнкүлөр чийилет:
- жер участогунун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырьшат;
-жер участогу аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын учурдагы трассалары;
- инженердик-техникалык тармак өтүүчү долбоордук трассалар жана ага кошулуучу чекиттер, ошондой эле инженердик коммуникациялардын куруу зонасына туш келүүчү трассалары;
- курулуш сызыктары, кызыл, сары сызыктар;
- сууну коргоо зоналарынын, санитардык-коргоочу зоналардын жана санитардык коруу зоналаынын чектери;
- участокко баруучу жолдун уюштурулушу;
- транспорт коюучу орундун мүмкүн болгон жайгаштырылышы, санын көрсөтүү менен (эгер зарыл болсо).
б) Текст материал, анда төмөнкүлөр каралат: жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинде жер титирөө жагдайындагы шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттин шаар куруу документтерине жана Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине ьшайык келиши жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жер участокторун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.
Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү караштырат:
- уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;
- курулуштардын жер участокторунун чегинен минимум аралыктары;
- курулуштардын жол берилген (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу (бийиктиги);
- участокко курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана пайызы.
Участок тийиштүү чектөөлөр бар зонада жайгашкан болсо Жер участогунун планында кошумча шаар куруу регламенттери бар экени көрсөтүлөт:
- курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Жер участогунун жайгашкан жерине жана объекттин функциялык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
- көркүнө келтирүү жана фасаддар боюнча талаптар;
- транспорт коюучу, анын ичинде курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын (эгер зарьш болсо) жана участокко баруучу жолдорду көрсөтүү менен;
- инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш курулуучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларын);
в) обьектти инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;
г) ушул берененин 7-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер участогунун планына Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчиси кол коет.
Жер участогунун планын даярдоодо ал жердин чек араларын белгилөө камсыз кылынат, ал жөнүндө Планга тийиштүү жазуу жазылат.
11. Жер участогунун планын даярдоонун жалпы мөөнөтү тапшырма берилген күндөн баштап 25 жумушчу күндү түзөт.
12. Ушул Эрежелердин 10-беренесинин 3-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда жер участогун түзүү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
Кант шаарынын мэриясы арыз алынган күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына арыздын көчүрмөсүн тиркөө менен тапшырма жиберет.
Кант шаарынын мэриясынын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун болжолдуу аянты жана аньш жайгашкан жери каралат. Жер участогунун аянтын Кант шаарынын мэриясы түшкөн арызды эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы суралып жаткан жер участогу боюнча курулуштук ниеттердин курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык келишин 5 жумушчу күндүн ичинде аныктайт.
Билдирилген ниеттердин ылайык келбегендиги аныкталса, Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы кийинки күндөн кечиктирбестен Кант шаарынын мэриясына суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык келбегендиги жөнүндө корутундуну жиберет.
Суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттердин ылайык келбегендиги аныкталса Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы 7 жумушчу күндүн ичинде жер участогунун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда төмөнкүлөр чийилет:
- жер участогунун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштырылат;
- жер участогу аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын учурдагы трассалары.
Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жер участогунун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жер участогунун схемасынын көчүрмөсүн ага тиркелген арыздын көчүрмөсү менен кошо төмөнкүлөргө жиберет:
- Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына, жер участогунун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, ушул жер участогуна оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин тактоо жана бардык коңшулаш жер пайдалануучулар-жер участокторунун менчик ээлери менен жер участогунун схемасын макулдашуу үчүн;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участогу эстеликтерди коруу зонасында болсо);
- бак-дарактарды өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу органга, бак-дарактарды пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же ордун которуштуруу маселесин чечүү үчүн (жер участогунда муниципалдык менчикте турган өсүмдүктөр бар болсо).
13. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы жана ушул берененин 12-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына тийиштүү корутундуну ушул берененин 8 жана 9-пункттарында каралган маалыматты көрсөтүү менен 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбеген учурда Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылды деп эсептелет.
Зарыл болсо Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан келген материалдардын негизинде Жер участогунун планын 1 жумушчу күндүн ичинде тактайт.
14. Жер участогунун планы курулуш объекттерин долбоорлоо үчүн баштапкы материал болуп саналат жана курулуш объектин инженердик тармактарга кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды алууда инженердик-техникалык коммуникациялар өтүүчү трассалардын долбоорун жана аларга кошуу чекиттерин чийүү үчүн графикалык негиз болот. Курулушка уруксат берүүчү документтерди тариздоодо архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
15. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ушул берененин 10 жана 13-пункттарында каралган мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен Жер участогунун планын ага тиркелген бардык материалдар менен кошо Кант шаарынын мэриясына берет.
16. Жер участогун түзүүгө байланыштуу чыгымдарды Кант шаарынын мэриясы жер участокторуна менчик жана ижара укугун сатуудан түшкөндөн топтолуучу каражаттардын эсебинен төлөйт. Түзүлгөн ар бир жер участогу боюнча жер участогун түзүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы түзүлүп, ал Кант шаарынын мэриясына берилет. Кант шаарынын мэриясынын жер участогун түзүүгө байланышкан чыгымдары жер участогунун баасына киргизилет.
17. Төмөнкүдөй учурларда жер участогуна укукту берүүгө болбойт, эгерде:
- жер участогу ушул Эрежелерге ылайык түзүлбөсө;
- Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык келбегендиги жөнүндө корутундусу болсо же Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы жер участогун берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарса.
12-берене.Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тооруктар менен туз сатууларды уюштуруунун тартиби
1.Кант шаарынын мэриясы Жер участогунун планын ага тиркелген бардык материалдары менен 3 жумушчу күндүн ичинде карайт.
Аталган документтерди кароонун жыйынтыгында Кант шаарынын мэриясы:
- коомдук угууларды өткөрөт (ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларда);
- жер участогун баалайт;
- же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо, аларды Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.
Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ал документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана Кант шаарынын мэриясына жиберет.
2. Тарыхый жана маданий мурас зонасындагы, ошондой эле турак жай зонасындагы жер участогуна укук берилип жатканда Кант шаарынын мэриясы ушул Эрежелердин 10-беренесинин 3-пунктунун а) жана б) пункттарында каралгандан башка учурларда Жер участогунун планы алынган күндөн тартып бир айдын ичинде коомдук угуу өткөрөт.
3.Кант шаарынын мэриясы кызыкдар жактарга коомдук угуулар болоору жөнүндө расмий сайтка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт.
Билдирүүдө угуу өткөрүлүүчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан жер участогу жөнүндө маалыматтар (жайгашкан жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү маалымат менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнундө маалыматтар, Кант шаарынын мэриясынын байланыш маалыматтары болууга тийиш.
Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу.
Коомдук угуу процессинде Кант шаарынын мэриясы протокол жүргүзөт, ага түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат.
Коомдук угуунун жыйынтьшы жөнүндө протокол Жер участогунун планы жана ага тиркелген материалдар менен Комиссияга жиберилет. Протоколдун көчүрмөсү Кант шаарынын мэриясынын кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге илинет жана анын расмий сайтына жайгаштырьшат.
4. Коомдук угуунун жыйынтыгы боюнча Жер участогунун планын толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо, Кант шаарынын мэриясы аны Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына кайра жиберүүгө укуктуу, ал жиберилген документтерди ушул берененин 1-пунктунда каралган мөөнөттө толуктап иштеп чыгат жана Кант шаарынын мэриясына кайра жиберет.
5. Кант шаарынын мэриясы өз демилгеси боюнча же жеке же юридикалык жактардан түшкөн табыштамалар боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттүү. Коомдук угуулар төмөнкүлөр жөнүндө маселелер каралган учурларда өткөрүлөт:
- тарыхый жана маданий мурас зонасындагы, ошондой эле учурдагы турак жай курулушунун зонасындагы жер участогуна укук берүү, буга ушул Эрежелердин 10-беренесинин 3-пунктунун а) жана б) пункттарында каралган учурлар кирбейт;
- атайын макулдашуулар, башкача айтканда Эрежелер менен өзгөчө аты аталган кыймылсыз мүлктү пайдалануунун түрлөрүнө уруксат берүү жөнүндө (31-берене);
- Эрежелерден четтөө (28-берене);
- пландоо, чек салуу долбоорлорун, башка шаар куруу документтерин макулдашуу;
- Эрежелерди толуктоо жана өзгөртүү.
Кант шаарынын мэриясы ушул беренеде көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө коомдук угууларды (атайын макулдашууларга, Эрежелерден четтөөлөргө, шаар куруу документтерин макулдашууга же Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө) өткөрөт.
6. Коомдук угуулар төмөнкүдөй максатта өткөрүлөт:
- зыян келтирбөө, ал зыян уруксат (атайын макулдашуу, Эрежелерден четтөө, жер участокторунун чектерин белгилөө) суральш жаткан иштин түрү менен туташ кыймылсыз мүлк обьекттеринин менчик ээлерине келтирилиши мүмкүн;
- коомчулукка маалымдоо жана курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышууга укуктарын камсыз кылуу.
7. Жер участогуна укук коомдук угууларды өткөрүү менен кабыл алынган шаар куруу документтеринин негизинде берилип жатса, аталган жер участогун берүү максатында кайталап коомдук угууларды өткөрүү талап кылынбайт.
8. Түзүлгөн жер участогунун старттык баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жер участогунун баасы кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат.
Жер участогунда муниципалдык менчикте турган курулуштар жана курулмалар, ошондой эле бүтө элек курулуш бар болсо участоктун баасына ушул объекттердин баасы да кошулат.
Кант шаарынын мэриясы жер участогунун баасын, анын ичинде көз карандысыз баалоо жүргүзүү менен Жер участогунун планы алынгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде аныктайт (эсептейт). Көз карандысыз баалоо жүргүзүү Кант шаарынын мэриясы менен көз карандысыз баалоочунун (уюмдун) ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат.
9. Кант шаарынын мэриясы 3 жумушчу күндүн ичинде Жер участогунун планын тиркелген бардык материалдары менен кошо комиссиянын кароосуна берет.
10. Комиссия Жер участогунун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде карайт.
Комиссия жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса, Комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер участогуна берилип жаткан укуктун түрүн (менчик, ижара), жер участогуна укукту берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу), жер участогунун старттык баасын, кепилдик взностун өлчөмүн, тоорукка катышуучулардын аны төлөө мөөнөтүн жана тартибин, аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда).
Тоорук же түз сатуу өткөрүлгөндө тооруктун ар бир предмета боюнча старттык бааны Комиссия көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт.
Тооруктарда жер участогун ижарага алууга укук берилген учурда старттык баа болуп Комиссия аныктаган ижара акысынын өлчөмү саналат.
Жер участогуна ижаранын базалык ставкалары Кант шаардык кеңешинин 2007-жылдын 20-июнундагы № 141/XXIII-24 токтомуна ылайык аныкталат.
Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.
11. Эрежелердин 11 -беренесинин 1, 2-пункттарында каралган учурларда Кант шаарынын мэриясы арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
12.Кант шаарынын мэриясы ар бир жер участогу боюнча маалыматтык пакет түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- Жер участогунун планынын көчүрмөсү, ага тиркелген материалдары менен кошо;
- жер участогунун старттык баасы;
- конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлсө);
- кепилдик взностун (барымтаньш) өлчөмү, тоорукка катышуучулардын аны төлөөсүнүн мөөнөтү жана тартиби;
- жер участогун сатуу-сатып алуу же ижарага алуу келишиминин долбоору;
- тооруктун жеңүүчүсү же түз сатуу жолу менен берилүүчү жер участогун сатып алуучу менен келишим түзүүнүн мөөнөтү.
Кант шаарынын мэриясы тоорукка катышууну каалагандарга маалыматтык пакетти берүүгө милдеттүү.
Маалыматтык пакет акы төлөө менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
13. Кант шаарынын мэриясы тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күндөн кем эмес мурдатан жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кант шаарынын мэриясынын расмий сайтына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү жарыялоого милдеттүү.
Билдирүүдө тооруктун убактысы, орду жана формасы, предмети, тооруктун предмети, тооруктун предметинин старттык баасы, анын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мөөнөт, кепилдик взностун (барымтаньш) суммасы которулуучу банктын реквизиттери, толук маалымат алуу учүн Кант шаарынын мэриясынын байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.
13-берене. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүү тартиби
1. Жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт:
Тоорукка коюлуучу бардык обьекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш. Тоорукта обьекттер "бир номер - бир лот" деген схема боюнча берилет.
2. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн Кант шаарынын мэриясына, тооруктун уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
- тоорукка катышуу жөнүндө ниетин билдирген жазуу жүзүндөгү арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;
- талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;
- талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;
- адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;
- кепилдик взностун (барымтанын) төлөнгөндүгүн ырастоочу толом документтер.
Жер участогуна менчик укугун берүү боюнча тоорукка катышуу ниетин билдирген юридикалык жак ал юридикалык жак чет өлкөлүк эмес экенин ырастаган документти кошумча тапшырат (уставдын же уюштуруу келишиминин көчүрмөсү, акционерлердин реестринен көчүрмө ж.б.у.с).
3. Талапкерлер кепилдик взносту (барымтаны) Кант шаарынын мэриясынын учурдагы эсебине накталай эмес которуу же Кант шаарынын мэриясынын кассасына накталай төгүү жолу менен төлөйт. Кепилдик взностун өлчөмүн Кант шаарынын мэриясы берилүүчү жер участогунун старттык баасынын 10 пайызынан ашык эмес белгилейт.
4. Тооруктун жеңүучүсү менен келишим түзүүдө кепилдик взностун (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
5. Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, кепилдик взнос ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.
Кепилдик взнос (барымта) төмөнкүдөй учурларда 5 жумушчу кундүн ичинде кайра берилүүгө тийиш:
- тоорукта утпаган катышуучуга;
- эгер тоорук болбой калса;
- тоорукка катышуудан тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күн мурда баш тартылса.
6. Кант шаарынын мэриясы катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттайт. Талапкерлер арыз кабыл алынып жана номер ыйгарылганы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү алган учурдан тартып тооруктун катышуучусунун статусун алышат.
7. Төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мумкүн:
- арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
- арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;
- ушул берененин 2-пунктунда каралган документтер тапшырьшбаса же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.
Документтерди кабыл алуудан баш тартуу Кант шаарынын мэриясы тарабынан, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, арыз берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен ишке ашырылат. Кант шаарынын мэриясы кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маалымат менен кошо кайра берилет.
8. Тооруктун катышуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга;
- тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты маалыматтык пакетти алуу жолу менен алууга;
- тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн кепилдик взносун алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса кепилдик взнос кайра берилбейт;
- тооруктун предметин кароого;
- комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;
- тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
9. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана Кант шаарынын мэриясы ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же ал лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
10. Тоорукка тооруктун катьппуучусу болуп саналбаган адамдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
11. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Тооруктан баш тартылган учурда Кант шаарынын мэриясы ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
12. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда Комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
13. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат, мында ага кепилдик взнос (барымта) кайра берилбейт.
14. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:
Кант шаарынын мэриясы аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.
Аукционду Комиссия дайындоочу аукционду өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.
Лотту старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет.
Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукциончунун катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет.
Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш.
Эгер аукциончу акыркы бааны уч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу старттык бааны 20 пайыздан ашык эмес төмөндөтүүгө укуктуу.
Эгер аукциондун жүрүшүндө төмөндөтүлгөн старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу лотту аукциондон алып салат жана бул лот боюнча сооданы токтотот.
15. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Конкурска катышуучу билдирүүдө жана маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлүүчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен Комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачьшат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат.
Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон өзгөчө учурларда Комиссия конкурсту өткөруү мөөнөтүн үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартса болот, ал жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылып, ага комиссиянын мүчөлөрү жана Комиссиянын жыйынына катышкан конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө Комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер участоктун баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен Комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.
Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында Комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага Комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
16. Жер участогуна укукту түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби:
Түз сатууну Комиссия жер участогун түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде өткөрөт.
Кант шаарынын мэриясы Комиссия жер участогун түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап 3 жумушчу күндүн ичинде ушул Эрежелердин 12-беренесинин 10-пунктуна ылайык арыз ээсине түз сатуу өткөрүлүүчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага маалыматтык пакетти жиберүүгө милдеттүү.
Түз сатууну Комиссия арыз ээси менен берилүүчү жер участогунун баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.
Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө Комиссия жер участогунун баасын баалоо наркынын 20 пайызынын чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу.
Арыз ээси жер участогун алуудан сүйлөшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу.
14-берене. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөө тартиби
1. Тооруктун жүрүшүндө объектке акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
2.Тоорук же түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго Комиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана тооруктун жеңүүчүсү же жер участогун түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу тоорук же түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
3. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар жазылат:
- тооруктун предмета болгон лоттун номери жана жер участогунун маалыматтары (жайгашкан жери, аянты);
- тооруктун жеңүүчүсүнүн же жер участогун түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;
- тооруктун же түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;
- тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;
- Кант шаарынын мэриясынын эсеп-кысабынын номери жана башка реквизиттери.
Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү тооруктун жеңүүчүсүнө жана түз сатуу аркылуу жер участогун сатып алганга берилет.
Тооруктун же түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү кол коюлган күндөн кийин 3 күндүн ичинде Кант шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырылат жана Кант шаарынын мэриясьшын кызматтык имаратында көрүнөө жерге илинет.
4. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса, ал төккөн кепилдик взносту (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлүүчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат.
Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса, кепилдик взносту (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле тоорукта уткан жакка тоорукка катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн кепилдик взносту (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлүүчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратьшат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
5. Тооруктун жана түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде Кант шаарынын мэриясы тооруктун женүүчүсү же жер участогунун түз сатып алуучусу менен жер участогун сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.
6. Жер участогу үчүн акы накталай же накталай эмес эсептешүү (которуу) менен төлөнөт. Накталай түрдө төлөнгөн учурда акы Кант шаарынын мэриясынын кассасына төгүлөт.
7. Келишим Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Жер участогуна менчик же ижара укугу кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
8. Жер участогунун схемасы укукту күбөлөндүрүүчү документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.
1.5-глава. Жер участокторуна укуктардын токтотулушу. Сервитуттарды белгилөө
Бул глава жер участокторун, башка кыймылсыз мүлк обьекттерин альш коюу жана мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук керектөөлөрдү камсыз кылуу менен байланышкан учурларда сервитуттарды белгилөө тартибин баяндайт.
15-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык керектөөлөр үчүн жер участокторун, башка кыймылсыз мүлк обьекттерин алып коюунун негиздери, шар п ары жана алып коюу тартибин уюштуруу принциптери
1. Мамлекеттик жана муниципалдык керектөөлөр үчүн жер участокторун, башка кыймылсыз мүлк обьекттерин алып коюу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Бул Эрежелер, башка жергиликтүү укуктук актылар менен Кант шаарынын өзгөчөлүгүнө карата жер участокторун алып коюу негиздери жана шарттары айкындалат.
2. Муниципалдык керектөөлөр үчүн жер участокторун алып коюу жөнүндө чечимди кабыл алуунун негиздери болуп белгиленген тартипте жана ушул Эрежелердин жоболорун (коомдук угууларды милдеттүү түрдө өткөрүү бөлүгундө) эске алуу менен бекитилген шаар куруу документтери, башка бекитилген долбоордук документтер саналат.
Төмөнкүдөй шарттар бир эле учурда болгон учурда негиздер мыйзамдуу деп эсептелет:
- тиешелүү муниципалдык керектөөлөрдүн болушу,
- муниципалдык керектөөлөрдү ишке ашыруунун мүмкүн эместиги, болгону тиешелүү жер участокторун же алардын бир бөлүгүн алып коюу аркылуу гана.
3. Жер участокторун, башка кыймылсыз мүлк обьекттерин алып коюу учүн негиз болушу мүмкүн болгон муниципалдык керектөөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- бекитилген шаар куруу документтерине ылайык жалпы колдонуу обьекттерин, инженердик-транспорттук жана социалдык инфраструктураны куруу зарылдыгы, атап айтканда: бульварлар, парктар, скверлер, сууну жээктеген көчөлөр, көчөлөр, жолдор, көпүрөлөр, туннелдер, эстакадалар жана башка транспорттук курулуштар, магистралдык жана бөлүштүрүүчү инженердик тармактар жана курулуштар, саламаттык сактоо, ветеринария обьекттери, укуктук тартипти сактоо мекемелери, өрткө каршы бөлүктөр жана деполор, жалпы билим берүүчү мектептер жана мектепке чейинки мекемелер;
- Кант шаардык кеңешинин чечими менен ырасталган, авариялык фонд менен курулган аймактарды реконструкциялоонун зарылдыгы, мында кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине төлөп алуу наркын төлөгөн шартта же болбосо Кант шаары менен адекваттуу турак-жай берүүнү күткөн менчик ээлеринин, квартира алуучулардын ортосундагы макулдашуулардын же анын наркын төлөп алуу баасына чегерүү менен башка жер участогун берүүнүн негизинде.
4. Кыймылсыз мүлктү алып коюу жөнүндө чечим Кант шаардык кеңеши тиешелүү долбоорлорду бекиткенден кийин гана кабыл алынышы мүмкүн. Бул долбоорлор менен муниципалдык керектөөлөр үчүн алып коюлууга тийиш жер участоктору же алардын бир бөлүгү, башка кыймылсыз мүлк обьекттери аныкталышы керек. Кыймылсыз мүлктү алып коюу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипке так ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
16-берене. Сервитуттарды белгилөө
Кант шаарынын мэриясы жеке жана юридикалык жактарга таандык жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк обьекттерине карата сервитуттарды белгилөөгө укуктуу, сервитуттар - коомдук керектөөлөрдү - жер участогу аркылуу өтмөктөрдү/өткөн жолдорду, инженердик-техникалык камсыз кылуу обьекттерин жана коммуникацияларын орнотууну жана эксплуатациялоону (электр байланыш линияларын, суу жана газ түтүктөрүн, канализацияны ж.б.), жаратылыш обьекттерин коргоону, сервитуттарды белгилөө аркьшуу гана камсыз кылына турган башка коомдук керектөөлөрдү камсыз кьшуу менен байланышкан ушул обьекттердин менчик ээлерин, аларды колдонууга пайдалануучуларды чектөө.
2. Сервитуттардын колдонулушунун чектери жер участокторунун пландарында белгиленет, алар жер участогуна жеке жана юридикалык жактардын укуктарын күбөлөндүрүүчү документтердин ажырагыс тиркемеси болуп саналат.
3. Сервитуттарды белгилөө тартиби мыйзамдар, ушул Эрежелер жана мыйзамдардын жана Эрежелердин ченемдерин толук берүүчү башка жергиликтүү ченемдик укуктук актьшар менен аныкталат.
1.6-глава. Кыймылсыз мүлктү куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөр
Бул глава кыймылсыз мүлк обьекттерине менчик, ижара, мөөнөттүү (убактьшуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укугу бар адамдардын ал обьекттерди куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жасоо тартибин жөнгө салуучу жоболорду камтыйт.
Бул главанын жоболору төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- тарыхый жана маданий мурас обьекттерине, ошондой эле жаратылыш эстеликтерине, аларды пайдалануу тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзам менен жөнгө салынат;
-эл аралык келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынган обьекттерге.
17-берене. Кыймылсыз мүлк курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө укук жана аны ишке ашыруу үчүн негиз
1. Жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар кыймылсыз мүлк обьекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жасоо укугуна ээ.
2. Кыймылсыз мүлк курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө укук төмөнкүлөр болгон учурда ишке ашырылышы мүмкүн:
- ушул Эрежелердин 1.4-главасына ылайык түзүлгөн жер участогу;
- уруксат берүүчү документтерди алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибинде, обьектти долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттары (АПШ) же инженердик-техникалык шарттар (ИТШ);
- макулдашылган долбоордук документтер;
- курууга уруксат, буга көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн обьекттердин профилин жана планын өзгөрткөн учурлар кирбейт.
3. Түзүлө элек участоктордо кыймылсыз мүлктү курууну, башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жасоону каалаган жер участокторунун менчик ээлери, ижарачылар, пайдалануучулар (Жер участогунун планынын жоктугу же Жер участогунун планында кыймылсыз мүлктү, башка шаар куруу регламенттерин уруксат берилген пайдалануу түрлөрү жок) ушул Эрежелердин 1.4-главасына ылайык аларды түзүү боюнча аталган иштерди аткарышы керек.
18-берене. Кыймылсыз мүлк куруунун жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдүн түрлөрү
Кыймылсыз мүлк обьекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн уруксат берүүчү документтерди толук көлөмдө алуу талап кылынган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
а) капиталдык обьекттерди куруу;
б) обьектти көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялоо, профилин өзгөртүү жана кайра пландоо.
2. Кыймылсыз мүлк обьекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу талап кылынган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
а) эки кабаттан ашык эмес, аянты 300 кв.м ашпаган жеке менчик турак үйлөрдү куруу;
б) айыл чарбалык арналыштагы, бийиктиги 5 м чейин, аянты 100 кв.м ашпаган бир кабаттуу турак эмес жай куруу.
в) аянты 50 кв.м чейинки көмөкчү чарбалык арналыштагы курулманы куруу;
г) 100 кв.м чейинки бир кабат турак эмес жай куруу;
д) объектти көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин өзгөртпөстөн профилин өзгөртүү жана кайра пландоо.
3. Бул берененин 1, 2-пункттарына ылайык обьекттин профилин өзгөртүүдө кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуунун бир түрүн экинчи түрүнө кыймылсыз мүлктүн менчик ээси тандап жаткан колдонуунун түрү ушул Эрежелердин 31-беренесинин тизмелеринде (тиешелүү зона үчүн) негизги же коштоочу катары белгиленген шартта өзгөртсө болот.
4. Уруксат берүүчү документтердин алынышы талап кылынбаган курулуштун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо жумуштары, анын ичинде капиталдык оңдоо;
- жеке менчик турак үйлөрдө верандаларды жана башка турак эмес жайларды куруу, чарбалык арналыштагы объекттерди куруу.
5. Жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотууга жана жайгаштырууга, чакан архитектуралык формадагы объекттерди, анын ичинде жарнамалык курулмаларды орнотууга уруксат берүүчү документтерди берүү тартиби Кант шаардьж кеңеши тарабынан аныкталат.
19-берене. Коомдук угуулар аркылуу курулуштук ниеттерди атайын макулдашуу
1. Коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашуу Эрежелердин 31-беренесиндеги тизмелерде ушундай макулдашууну талап кылган катары өзгөчө көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү колдонуу түрлөрү (иштин түрлөрү жана тиешелүү түрдө курулуш обьекттеринин типтери) үчүн зарыл.
Аталган макулдашуулар төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- жер участогун кыймылсыз мүлк обьекти катары түзүү боюнча иш стадиясында;
- курууга уруксат алуудан мурдагы долбоордук документтерди даярдоо жана макулдашуу стадиясында;
- кыймьшсыз мүлк обьекттеринин арналышын өзгөртүү ниети келип чыкканда мурда түзүлгөн кыймылсыз мүлк обьекттерин эксплуатациялоо процессинде.
2. Курулуштук ниеттерге атайын макулдашуу алууга табыштама ушул Эрежелердин 12-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кант шаарынын мэриясына берилет.
Табыштама төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну берүү жөнүндө суроо-талапты;
- учурдагы жана боло турган курулмалардын жайгашкан жерлерин жана алардын мүнөздөмөлөрүн (жалпы аянты, кабаттуулугу ж.б.), ачык мейкиндиктерди, автомобилдерди коюучу жерлерди көрсөтүү менен участоктун пландалуучу курулуш схемасын;
- обьектти иштетүү үчүн зарыл ресурстардын пландалуучу көлөмдөрү жөнүндө (жумушчулардын саны, ташьшуучу жүктөрдүн саны, өтүүчү жолдорго муктаждык, энергия менен камсыз кылуу, суу менен камсыздоо ж.б.), курчап турган чөйрөгө таасир этүүнү болжолдонгон деңгээли жөнүндө (атмосферага чыккан таштандьшардын көлөмү жана мүнөзү, өндүрүш калдыктары жана алардын зыяндуулук деңгээли), келүүчүлөрдүн пландалуучу саны жана автомобилдерди коюу үчүн зарыл жерлер жөнүндө жалпы маалыматты.
Кант шаарынын мэриясы табыштаманын көчүрмөсүн жана ага тиркелген материалдарды атайын макулдашуу алууга коомдук угуулар предмети боюнча Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жөнөтөт.
3. Табыштаманы алгандан кийин, Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы:
- бардыгы толук болгон учурда, табыштаманы каттайт;
- суроо-талап предмети боюнча жазуу жүзүндөгү корутундуну даярдайт (табыштаманы каттаган күндөн кийин 21 күнгө чейинки мөөнөттө);
- санитардык-эпидемиологиялык кызматта, өрткө каршы кызматта, башка уюмдарда суроо-талаптын предмети боюнча жазуу жүзүндөгү корутундуну суратат.
Жазуу жүзүндөгү корутундуну түзүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- арыз ээсинин курулуштук ниеттеринин ушул Эрежелерге ылайык келиши;
- курчап турган чөйрөнү жана адамдардын ден соолугун коргоо, өрт жана башка түрдөгү коопсуздук максатында ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген милдеттүү ченемдердин жана стандарттардын сакталышы;
- аралаш жайгашкан кыймылсыз мүлк обьекттеринин менчик ээлеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын укуктарына зыян келтирбоо.
Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы атайын макулдашууну берүү мүмкүндүгүнө карата жазуу жүзүндөгү корутундуларды чогултат, жыйынды корутунду даярдайт жана аны Кант шаарьшын мэриясына жөнөтөт.
4. Кант шаарынын мэриясы Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жыйынды корутундусун карап чыгып, атайын макулдашууну берүү жана коомдук угууларды өткөрүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Оң чечим кабыл алынган учурда Кант шаарынын мэриясы ушул Эрежелердин 12-беренесинин 3, 5, 6-пункттарында аныкталган тартипте жана мөөнөттө коомдук угууларды өткөрүүнү демилге кылат.
5. Атайын макулдашуу берилген күндөн тартып 2 жыл өткөндөн кийин курулуш башталбаса же учурдагы обьектке карата 1 жыл бою аны уруксат берилген колдонуу түрү өзгөртүлбөсө, атайын макулдашуу күчүн жоготот. Бул учурларда ушул беренедеги тартипте атайын макулдашууну колдонуу мөөнөтүн кийинки мөөнөткө узартууга уруксат берилет.
20-берене. Долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди алуунун негизги этаптары жана мөөнөттөрү
1. Долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтер Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча эки этап менен берилет, буга уруксат берүүчү документтер ушул Эрежелерде каралган жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилген учурлар кирбейт:
Биринчи этап - архитектуралык-пландоо шарттарын берүү, мөөнөтү 20 жумушчу күн;
Экинчи этап - долбоордук документтерди макулдашуу, экспертизалоо жана курулушка макулдук берүү, мөөнөтү - 40 жумушчу кун.
2. Биринчи этапта Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы архитектуралык-пландоо шарттарын (АПШ) аныктайт, ага ылайык долбоордук документтер даярдалат, ал андан кийин макулдашууга берилүүгө тийиш.
Экинчи этапта Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы долбоордук документтердин архитектуралык-пландоо шарттарына жана шаар куруу регламенттерине ылайык келишин аныктайт жана экспертиза жүргүзүү жана корутунду алуу үчүн долбоордук документтерди экспертиза бөлүмүнө жиберет. Он корутунду алынгандан кийин долбоордук документтер Чуй облусунун мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгына (мьшдан ары - Чуй облусунун МАКК башкармалыгы) курулушка уруксат берүү үчүн жиберилет.
3. Уруксат берүучү документтерди алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби төмөнкүдөй айрым этаптардан жана жол-жоболордон өтүүнү карайт:
а) ушул Эрежелердин 18-беренесинин 2-пунктундагы а), б), в), г) пунктчаларында каралган курулуш обьекттери жана кыймылсыз мүлк обьекттерин өзгөртүү үчүн биринчи этапта объекти долбоорлоого инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ) алуу жана экинчи этапта курулушка уруксат алуу менен долбоордук документтерди макулдашуу талап кылынат.
б) көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүүсүз профилин жана планын өзгөртүү обьекттери үчүн оң корутундунун жана кыскартьшган көлөмдө (пландоо схемасы) бекитилген долбоордук документтин негизинде Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан берилүүчү профилин жана планын өзгөртүүгө уруксат алуу талап кылынат.
4. Ушул Эрежелерде каралгандардан тышкары, кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө башка уруксат берүүчү документтерди алуу талап кылынбайт.
21-берене. Обьектти долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын (АПШ) берүү
1. Обьектти долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын (АПШ) алуу үчүн арыз ээси Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына белгиленген формада арыз берет.
АПШ берүүгө арыз мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө, ошондой эле арыз ээси пландап жаткан курулуштун түрү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
2. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) жер участогуна (жер участогунун планы менен) менчик же пайдалануу укугун белгилөөчү жана укуктук тастыктоочу документтин көчүрмөсү, ошондой эле жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерине (алар болгондо) укукту аныктоочу документтер жана техникалык паспорт;
б) көлөмдүк-пландоо чечими менен эскиздик сунуш (кагаз же электрондук түрдөгү графикалык сүрөт).
Эскиздик сунушка инженердик тармакка талап кылынган жүктөмдүн эсеби тиркелет (аны аныктоо мүмкүн болсо) же инженердик камсыздоонун альтернативдик чечими көрсөтүлөт.
Реконструкциялануучу, профили өзгөртүлүүчү же кайра пландалуучу объекттер боюнча инженердик камсыздоосу бар экени жана болуп жаткан керектөө канча экени көрсөтүлөт;
в) эгерде арызды жер участогунун же башка кыймылсыз мүлктүн ээси берсе, мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу адамга берилген документ;
г) акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
Ушул пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка документтерди берүүнү талап кылууга жол берилбейт.
3. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ушул берененин 2-пунктунда каралган документтердин толук пакети менен арызды кабыл алат жана арыз ээсине белгиленген формадагы арызды кабыл алуу жөнүндө тастыктоочу документти берет.
4. АПШ арыз түшкөн кундөн тартып 20 жумушчу кун мөөнөтүндө арыз ээсине берилет.
5. Материалдарды тиркөө менен арызды алган Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы 3 жумушчу күндүн ичинде обьектти куруу жөнүндө арыз шаар куруу документтеринин талаптарьша жана ушул Эрежелерге ылайык келишин белгилейт.
Обьектти куруу жөнүндө арыздын шаар куруу документтерине жана ушул Эрежелерге ылайык келбегендиги аныкталган учурда Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы көрсөтүлгөн мөөнөттө билдирилген курулуштук ниеттердин ылайык келбегендиги жана арызды канааттандырбастан кайтарып берүү жөнүндө корутунду берет, мында шаар куруу регламенттерине ылайык жер участогун жана башка кыймылсыз мүлк обьекттерин уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү сөзсүз көрсөтүлөт.
6. Обьектти куруу жөнүндө билдирилген ниеттердин шаар куруу документтеринин талаптарьша жана ушул Эрежелерге ылайык келиши аныкталган учурда ушул берененин 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин бир күндөн кечиктирбестен Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, өрткө каршы кызматтын жана курчап турган чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу органдарынан корутунду алуу учун жиберүүгө милдеттүү.
Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу инженердик-техникалык кызматтарга милдеттүү түрдө жөнөтөт:
- электр менен камсыз кылуу;
- суу жана канализация менен камсыз кылуу.
АПШны даярдоо жана обьектти курууга уруксат берүү учун жылуулук жана газ менен камсыз кылуучу инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы арыздардын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жылуулук жана газ менен камсыз кылуучу инженердик-техникалык тармактарга кошулуу мүмкүндүгү жөнүндө техникалык шарттарды алуу учун жиберет (бар болсо).
Эскертуу:
- ыйгарым укуктуу органдарга суроо-талаптар объекттин функциялык арналышына жараша зарыл учурларда жиберилет;
- жүктөмдү көбөйтүү каралбаган объекттер учун же инженердик камсыз кылуу долбоордо альтернативдуу чечилген учурда тийиштүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
7. Долбоорлонуучу курулуш объектин эстеликтерди коргоо зоналарынын чектеринде жайгаштыруу учурунда Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы корутунду беруу учун эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга арыздын жана тиркелген документтердин көчүрмөсүн жиберет.
8. Ушул берененин 6-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар 10 жумушчу күн мөөнөтүндө Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына долбоорлонуучу обьектти негизги инженердик-техникалык тармактарга кошуу жөнүндө ал кошулуучу жерди көрсөтүү менен тиешелүү корутундуну жана техникалык шарттарды жиберүүгө милдеттүү. Кошуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда обьектти инженердик камсыз кылуунун башка варианттары көрсөтүлүүгө тийиш.
9. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат, өрттөн сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча орган (зарыл учурларда) корутундуларды көрсөтүлгөн мөөнөттө бербесе, арыз көрсөтүлгөн органдар тарабынан жактырылды деп эсептелет жана мындай учурда обьектти долбоорлоого АПШны берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
10. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын суроо-талабына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан корутундулар акысыз берилет.
11. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын алдында обьекттерди жайгаштыруу жана аларды архитектуралык-пландоо жана көркөм чечүү маселелери боюнча консультациялык функцияларды аткаруучу Архитектуралык-шаар куруу кеңеши түзүлөт.
Архитектуралык-шаар куруу кеңешине Кант шаарынын мэриясынын өкүлү милдеттүү түрдө кирет.
12. Архитектуралык-шаар куруу кеңеши толук камтыган пландоо долбоорунда же имарат куруу долбоорунда каралгандан башка, шаар түзүүчү, өзгөчө татаал жана уникалдуу обьекттерди долбоорлоо жана куруу маселесин кароого укуктуу.
Бул учурда АПШны даярдоо жана берүү үчүн жогоруда аталган обьекттер боюнча арыз жана ага тиркелген документтер Архитектуралык-шаар куруу кеңешинде ушул берененин 4-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө каралат.
Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин чечими протокол түрүндө таризделет, ал АПШны иштеп чыгууда сунуштоочу мүнөзгө ээ.
13. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ушул берененин 4-пунктунда белгиленген мөөнөттө АПШны же белгиленген форма боюнча арыз ээсине милдеттүү кабарлоо менен аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизделген чечимди берүүгө милдеттүү.
АПШ эки нускада түзүлөт, анын бири арыз ээсине берилет, экинчиси Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгында калат.
14. Обьектти долбоорлоого АПШ төмөнкүлөрдү камтыйт:
- долбоорлонуучу объектке карата негизги шаар куруу жана архитектуралык-пландоо талаптарын, анын ичинде шаар куруу документтеринде жана ушул Эрежелерде белгиленген жер участогун пайдалануу жана куруунун шаар куруу регламенттери жөнүндө маалыматты;
- санитардык, өрткө каршы, экологиялык талаптарды (объекттин функционалдык багытына жараша);
- ыңгайлаштыруу, транспорт коюучу жерлерди жана өтмөктөрдү уюштуруу боюнча талаптарды (объектинин функционалдык багытына жараша);
-инженердик тармактарга кошуунун техникалык шарттарын.
15. Архитектуралык жана конструкциялык чечимдерге, ички жабдууларга, курулуш объектисинин ички жасалгалооруна талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген жана арыз ээси менен долбоорду иштеп чыгуучунун укуктарын чектөөчү башка талаптарды жана шарттарды АПШга кошууга жол берилбейт.
16. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана тарыхый, маданий эстеликтерди коргоо, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын терс корутундусу АПШны берүүдөн баш тартуу учүн негиз болуп саналат.
17. Инженердик тармактарга кошуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу АПШны берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт. Бул учурда инженердик тармактар менен камсыз кылуунун башка варианттарын аныктоо зарыл.
18. АПШнын талаптарына макул болбогон учурда арыз ээси архитектура жана курулуш боюнча жогору турган органга же сотко кайрылууга укуктуу.
22-берене. Долбоордук документтерди макулдашуу жана экспертизалоо
1. Иштелип чыккан долбоордук документтер Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгында макулдашылууга тийиш.
2. Долбоордук документтерди макулдашуу төмөнкү предметке ишке ашырылат:
- АПШнын шарттарына жана талаптарына ылайык келүү;
- долбоордук документтин шаар куруу регламенттерине жана шаар куруу документтеринде жана ушул Эрежелерде белгиленген башка талаптарга ьлайык келүү;
- өрткө каршы, санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптарга ылайык келүү.
3. Арыз ээси Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына белгиленген формадагы бирдиктүү арызьш берет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) долбоордук документтер; мамлекеттик жана (же) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу обьекттер үчүн долбоордук-сметалык документтер эки нускада берилет;
б) инженердик-геологиялык корутунду (экспертиза жүргүзүү үчүн);
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин профилдик институтунун, анын филиалдарынын же болбосо обьектти реконструкциялоо, профилин өзгөртүү же кайра пландоо мүмкүндүгү жөнүндө жоопкерчиликтин экинчи деңгээлинен төмөн эмес инженердик текшерүү жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдардын (курулушка уруксат үчүн) оң корутундусу.
Ушул пунктта каралгандардан тышкары башка документтерди берүү талабына жол берилбейт.
4. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ушул берененин 3-пунктунда каралган документтердин толук пакети менен арызды кабыл алат жана арыз ээсине арызды кабыл алууну ырастоочу талон берет.
5. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы арыз түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күн мөөнөтүндө долбоордук документтин белгиленген талаптарына ылайык келишин текшерүүгө жана арыз ээсине милдеттүү түрдө кабарлоо менен долбоордук документ™ макулдашуу жөнүндө чечим же макулдашуудан баш тартуу жөнүндө негизделген чечим (буйрук) кабыл алууга милдеттүү.
6. АПШ берүүдө биринчи этапта берилген техникалык шарттарга жана талаптарга ылайык келишине ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар менен долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрүн макулдашуу талап кылынбайт.
Долбоордук документтерге коюлуучу өрткө каршы, санитардык-гигиеналык жана башка шаар куруу талаптарын сактоо боюнча жоопкерчилик долбоордун башкы архитекторуна жана башкы инженерине жүктөлөт.
7. Долбоордук документтерди макулдашуу Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана долбоордук документке коюлган мөөр менен тастыкталат.
8. АПШнын шаар куруу регламенттерине жана талаптарына долбоордук документтин ылайык келбеши, ошондой эле долбоордук документтин укукту ырастоочу документтин курамындагы жер участогунун схемасына ылайык келбеши долбоордук документти макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
9. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы долбоордук документте макулдашкан датадан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен арызды жана арыз ээсинин долбоордук документин мамлекеттик экспертизанын аймактык органына мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө 2 нускада берилген документтер менен чогуу жиберет.
Долбоордук документтерди милдеттүү түрдө экспертизалоону талап кылбаган обьекттер боюнча Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгы документтердин жогоруда айтылган тизмесин жана макулдашылган долбоордук документтерди обьектти курууга уруксат берүү үчүн Чүй облусунун МАКК башкармалыгына жиберет.
10. Макулдашылган долбоордук документ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте экспертизадан өтүүгө тийиш.
23-берене. Курууга уруксат берүү
1. Курулуш курууга уруксат алуу учүн Чүй облусунун МАКК башкармалыгына белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген долбоордук документтер жана долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүнүн оң корутундусу берилет.
2. Обьекттерди реконструкциялоодо, профилин өзгөртүүдө жана кайра пландоодо (көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен) курулуш курууга уруксат алуу үчүн ушул берененин 1-пунктунда каралган документтерге кошумча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин профилдик институтунун, анын филиалдарынын же обьектти реконструкциялоого мүмкүнчүлүгү жөнүндө жоопкерчиликтин экинчи деңгээлинен төмөн эмес инженердик изилдөө жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы бар башка уюмдардьш оң корутундусу берилет.
3. Чүй облусунун МАКК башкармалыгы арыздын жана ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган документтердин келип түшкөн күнүнөн тартьш 10 жумушчу күндүн ичинде курулуш курууга белгиленген формада уруксат берүүгө милдеттүү.
Эскертүү: курулушка уруксатта обьектти тийиштүү жоопкерчилик деңгээлиндеги лицензиясы бар уюмдун куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт (иштин бул түрү лицензияланган учурда).
Объекттин категориясына жараша курулушка уруксатка Чуй облусунун МАКК башкармалыгынын курулуштун аяктаган негизги этаптары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнүн графиги тиркелет жана ал анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Курулушка уруксат Чүй облусунун МАКК башкармалыгы тарабынан арыз ээсине берүү үчүн арызды кабыл алган Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жиберилет.
4. Берилген документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген учурда Чуй облусунун МАКК башкармалыгы арыз ээсине милдеттүү түрдө билдирүү менен курулуш курууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө негизделген чечимди (буйрукту) 5 жумушчу кундун ичинде кабыл алууга милдеттүү.
Бузуулар четтетилгенден кийин арыз берүүчү экинчи жолу кайрылган учурда курулуш курууга уруксат 5 жумушчу кундун ичинде берилет.
5. Уруксат арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө, обьектти куруунун узактыгына жараша кийин жыл сайын мөөнөтүн узартуу менен берилет.
6. Уруксатты колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн арыз берүүчү уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күн мурун мөөнөтүн узартуу зарылчылыгы жөнүндө арызы, негиздемеси жана курулуш курууга уруксатын (туп нускасын) тиркөө менен Чуй облусунун МАКК башкармалыгына кайрылат.
7.Чуй облусунун МАКК башкармалыгы арызды алган учурдан тартып уруксатты колдонуу мөөнөтүн 1 жылга узартуу жөнүндө чечимди, курулуш курууга уруксатка бул тууралуу Чуй облусунун МАКК башкармалыгынын жетекчисинин же (ал жок болгон учурда) анын орун басарынын кол тамгасы жана мөөрү менен ырасталган тиешелүү жазуу киргизүү аркылуу 3 жумушчу күндүн ичинде кабыл алат.
8. Чүй облусунун МАКК башкармалыгынын курулуш курууга уруксатынын көчүрмөсү, ошондой эле долбоордук документтер, автордук көзөмөл журналы, жумуш өндүрүшүнүн журналы курулуш жүргүзүлүп жаткан жайда сакталышы керек жана Чуй облусунун МАКК башкармалыгынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын биринчи талабы боюнча берилиши керек.
9. Курулуш объектисине болгон менчик укукту башка адамга өткөрүп берүүдө, убактылуу токтотууда же обьектти консервациялоодо арыз ээси чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде Чүй облусунун МАКК башкармалыгьша бул тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
10. Курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда ушул берененин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде обьектти курууга уруксат берилди деп эсептелет. Бул учурда Чүй облусунун МАКК башкармалыгы үч күндүн ичинде курулуш курууга уруксат бериши керек.
11. Курулуш курууга уруксат акысыз берилет.
12.Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуштун обьекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик архитектура- курулуш, автордук жана техникалык көзөмөлгө алынууга тийиш.
24-берене. Обьектти пайдаланууга кабыл алуу
1. Ушул Эрежелердин 2-пунктунун д) пунктчасында каралган объекттерден тышкары, курулуш аяктагандан кийин объект Чуй облусунун МАКК башкармалыгы тарабынан пайдаланууга кабыл алынышы керек (көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн профилин өзгөртүү жана кайра пландоо).
2. Курулуш аяктагандан кийин объектти пайдаланууга кабыл алуу үчүн арыз ээси объекттин курулушу аяктагандан кийин 10 күндүн ичинде Чуй облусунун МАКК башкармалыгына арыз жиберет.
3. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) курулушту аяктоо жана бардык этаптарды кабыл алуу жөнүндө ырастоочу актылар (автордук, техникалык көзөмөлдүн журналдары жана жумушту өндүрүү журналы);
б) аткаруучу-техникалык документтер (аткаруучу съемкалар, көмүскө жумуштардын актылары);
в) объектти тышкы тармактарга кошуу жөнүндө ырастоолор же бул объектти абонент тарабынан кабьш алуу жөнүндө тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар берген ырастоолор;
г) тиешелүү уюмдар тарабынан берилген лифттерди жана эскалаторлорду сыноо актылары;
д) монтаждалган инженердик-технологиялык жабдууну сыноо актылары.
4. Ушул берененин 3-пунктунда каралбаган башка документтерди талап кылууга жол берилбейт. Өзгөчө учурларда гана Чуй облусунун МАКК башкармалыгынын жетекчисинин чечими боюнча курулуш чөйрөсүндө техникалык регламенттердин талаптарьша карама-каршы келбеген башка документтер талап кылынышы мумкун.
5.Арыз ээси объекттерди пайдаланууга кабыл алуу учун берилген документтердеги маалыматтын ырастыгына жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө анын арызында тиешелуу жазуу жүргүзүлөт.
6. Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө чечим Чуй облусунун МАКК башкармалыгы тарабынан арыз келип түшкөн датадан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынышы керек жана объектти белгиленген формада пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө Акт түрүндө таризделет.
Актка арыз ээси, долбоордун автору, башкы подрядчы жана Чуй облусунун МАКК башкармалыгынын көзөмөл жүргүзүучү ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет. Акт Чуй облусунун МАКК башкармалыгынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
7. Эгер белгиленген мөөнөттүн ичинде объектти пайдаланууга кабыл алуу же объектти пайдаланууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө Чуй облусунун МАКК башкармалыгынын тиешелуу чечими кабыл алынбаса, объект пайдаланууга кабыл алынды деп эсептелет жана Чуй облусунун МАКК башкармалыгы арыз ээсинин талабы боюнча уч күндүк мөөнөттүн ичинде Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө актты берүүгө милдеттүү.
8. Чуй облусунун МАКК башкармалыгынын жетекчиси тарабынан бекитилген Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акт объектти пайдалануу жана кыймылсыз мулк обьектине болгон укукту мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп эсептелет.
9.Объектти пайдаланууга кабыл алуу акысыз негизде жүргүзүлөт.
10. Чүй облусунун МАКК башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пайдаланууга кабыл алынган обьекттер жөнүндө маалыматты, ошондой эле Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына кыймылсыз мулк объекттериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты ай сайын жиберип турат.
1.7-глава. Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун башка ченемдери
25-берене. Шаар куруу документине карата эрежелердин колдонулушу
1. Бул Эрежелерди колдонууга киргизгенден кийин мурда бекитилген шаар куруу документтери Эрежелерге карма-капшы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
2.Кант шаарынын мэриясы жана шаардык кеңеши ушул Эрежелер колдонууга киргизилгенден кийин төмөнкүлөр жөнүндө чечим кабьш алат:
- ушул Эрежелерди эске алып жана аларды өнүктүрүү үчүн мурда бекитилген башкы планды оңдоо же жаңысын иштеп чыгуу. Белгиленген тартипте бекитилген башкы план ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды андан ары даярдоо үчүн негиз болуп саналат;
- Эрежелер менен белгиленген шаар куруу регламенттери бөлүгүндө мурда бекитилген жана ишке ашырыла элек пландоо долбоорлорун Эрежелерге ылайык келтирүү;
- курулуш куруу жөнүндө жаңы шаар куруу документтерин иштеп чыгуу (пландоо, чек салуу, курулуш куруу долбоорлору), ал ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды андан ары даярдоо үчүн негиз катары колдонулушу мумкун (тиешелуу зоналарга карата регламенттик зоналардын чектерин, уруксат берилген кыймылсыз мулкту пайдалануу түрлөрүнүн тизмелерин, жер участокторунун өлчөмдөрүн жана уруксат берилген курулуштун чектик параметрлерин тактоо бөлүгүндө).
26-берене. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизи жана аны демилге кылуу укугу
1. Бул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп Кант шаардык кеңешинин тиешелүү чечими саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү ченемдик укуктук актыларда болгон өзгөртүүлөрдү эсепке алуунун зарылдыгынан, ошондой эле Эрежелерге кошумча жоболорду (уруксат берилген курулуш параметрлерин, экологиялык шарттар боюнча кошумча шаар куруу регламенттерин ж.б.) киргизүү зарылдыгынан, бекитилген шаар куруу документтерди, тиешелүү сунуштарды, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча көрсөтүлүүчү сунуштарды Эрежелерде эсепке алуу зарылдыгынан кабыл алынат.
Регламенттик зоналардын жана шаар куруу регламенттеринин чектерин өзгөртүү бөлүгүндө ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болуп табыштама саналат, ал Эрежелер менен белгиленген чектөөлөр төмөнкүдөй болооруна негиздемени камтыйт:
- кыймылсыз мүлк обьекттерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк бербейт;
- кыймьшсыз мүлк обьекттеринин баасын ченемдеш эмес төмөндөтүүгө алып келет;
- конкреттүү аймакты өнүктүрүүнүн коомдук кызыкчылыгын ишке ашырууга тоскоолдук кылат же ушул кызыкчылыктарга зыян келтирет.
Бул Эрежелер Кант шаардык кеңешинин чечимдери менен башка мыйзамдуу негиздер боюнча толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.
2. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилге кылуу укугуна Кант шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, жеке жана юридикалык жактар ээ.
Аталган укук Кант шаарынын мэриясына жиберилүүчү тиешелуу сунуштарды даярдоо аркылуу ишке ашырылат. Келип түшкөн сунуштар боюнча чечимдер ушул Эрежелердин 27-беренесинде каралган тартипте кабыл алынат.
27-берене. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын негиздөөнү, ошондой эле тиешелүү сунуштарды камтыган табыштама Кант шаарынын мэриясына жөнөтүлөт. Сунуштар Эрежелердин текстинин баяндалышына, кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуу түрүнүн тизмелерине, уруксат берилген курулуш параметрлерине, регламенттик зоналардын чектерине тиешелүү болушу мүмкүн.
2. Кант шаарынын мэриясы табыштаманы алгандан кийин ушул Эрежелердин 12-беренесинин 3, 5, 6-пункттарында аныкталган тартипте жана мөөнөттө коомдук угууларды өткөрүүнү демилге кылат.
Кызыкчылыгына зыян келтирилген кыймылсыз мүлк ээлери, ошондой эле курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, башка кызыкдар адамдар коомдук угууларга чакырылат. Аталган органдардын каралып жаткан маселе боюнча позициясы коомдук угуулар өткөрүлгөнгө чейин Кант шаарынын мэриясына берилүүчү жана бардык кызыкдар адамдар таанышып чыгуу үчүн жеткиликтүү болгон тиешелүү корутундуларда жазуу жүзүндө белгиленүүгө тийиш.
3.Угууларды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Кант шаарынын мэриясы коомдук угуулардын жыйынтыктары жөнүндө протоколду Комиссияга жөнөтөт жана тиешелүү түрдө карап чыккандан кийин Кант шаардык кеңешине жиберет. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди Кант шаардык кеңеши кабыл алат.
4. Бул Эрежелердин I жана II бөлүктөрүнө толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кант шаардык кеңешинин чечимине ылайык тиешелүү толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн текста расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Жер участокторун, башка кыймылсыз мүлк обьекттерин, регламенттик зоналардын чектерин уруксат берилген колдонуу түрлөрүнө жана параметрлерине тиешелүү болгон Эрежелердин II бөлүгүнө толуктоолор жана өзгөртүүлөр Ысьж-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын оң корутундусу болгондо гана кабыл альшышы мүмкүн.
28- берене. Эрежелерден четтөө
1. Кичинекей өлчөмдөгү, ыңгайсыз конфигурациядагы, жагымсыз инженердик-геологияльж мүнөздөмөсү жана участокторду ушул Эрежелерге ылайык колдонууга мүмкүндүк бербеген башка мүнөздөмөсү бар жер участокторунун ээлери Эрежелерден четтоо жөнүндө өтүнүч берет.
Эрежелерден четтөө болуп конкреттүү участок учун санкцияланган, уруксат берилген курулуштун чектик параметрлеринин - курулмалардын бийиктигинин, участокторду куруу пайызынын, курулмалардын участоктордун чектеринен чыгуусу саналат.
2. Тиешелуу табыштама Кант шаарынын мэриясына жөнөтүлөт жана Эрежелерден четтөө төмөнкүдөй болгондугуна негиздемени камтышы керек:
- жер участогун натыйжалуу колдонуу учун зарыл;
- кошуналардын укуктарын кемсинтпейт жана коомдук жана муниципалдык кызыкчылыктарга каршы келбейт;
- архитектуралык-курулуштук талаптар, эстетика, экология, өрт коопсуздугу талаптары боюнча жеткиликтуу жана санитардык-гигиеналык ченемдерге жана эрежелерге карама-каршы келбейт.
3. Кант шаарынын мэриясы коомдук угууларда келип түшкөн табыштамаларды кароону уюштурат, ага четтөө суралып жаткан объект менен кошуна жайгашкан кыймылсыз мулк обьекттеринин ээлери, ошондой эле курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, башка кызыкдар адамдар чакырылат. Аталган органдардын каралып жаткан маселе боюнча позициясы коомдук угуулар өткөрүлгөнгө чейин Кант шаарынын мэриясына берилуучу жана бардык кызыкдар адамдар таанышып чыгуу үчүн жеткиликтуу болгон тиешелуу корутундуларда жазуу жүзүндө белгиленүүгө тийиш.
Кант шаарынын мэриясы коомдук угуулардын жыйынтыгы жана Комиссиянын сунушу боюнча четтөөгө уруксат берүү же Эрежелерден четтөөгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүнд чечим кабыл алат.
29-берене. Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик
Бул Эрежелерди бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
П БӨЛҮК. КАРТОГРАФИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ШААР КУРУУ РЕГЛАМЕНТТЕРИ
2Л-глава. Кант шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери
30- берене. Кант шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы
- Кант ш. Абдраимов көч.№64 дарегиндеги “Р-1№ аймагынан (шаардык парктын аймагы), “Ж-1А” жер тилкесине (шаардын борбордук бөлүгүндөгү жеке турак-жай курулуш аймагы) жер тилкесин чыгарууга макулдук берилсин.
(Кант шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 113/XV-27 токтомдун редакциясына ылайык)
31-берене. Зоналардын тизмеси жана сүрөттөлүшү. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери
Укуктук зоналарга бөлүү картасьшда белгиленген зоналардын тизмеси:
Борбордук коомдук-ишкердик зоналар
1. Ц-1 - шаардын борборунун зонасы
2. Ц-1А - шаардын администрациялык борборунун зонасы
3. Ц-2 - рыноктор (базарлар), дун соода зонасы
4. Ц-3 - жергиликтүү маанидеги тейлоо жана коммерциялык активдүүлүк зонасы
Турак-жай зоналары
5. Ж-1 - турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы
6. Ж-1А - шаардын борбордук бөлүгүндөгү турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы
7. Ж-2 - жеке фонд басымдуулук кылган аралаш турак-жай курулушунун зонасы
8.Ж-5 - коп квартиралуу турак үйлөрүнүн зонасы (3-4 жана андан көп кабаттуу)
Атайын зоналар
9. С-1 - чоң участогу бар саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене тарбия жана спорт обьекттери
10. С-2 - өзгөчө режим зонасы
С-3 - суу алуучу, тазалоочу курулуштардын, жер астындагы резервуарлардын, метеостанциялардын, санитардык-эпидемиологиялык станциялардын зонасы
Коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалоонун жана майда өндүрүштүн зоналары
12. К-1 - коммуналдык ишканалардьш, транспорттун, кампалоонун жана майда өндүрүштүн зоналары
Өнөр-жай зоналары
13. П-1 - III -IV класстагы зыяндуулуктагы өндүрүштүк ишканалардын зонасы
14. П-2 – V класстагы зыяндуулуктагы өндүрүштүк ишканалардын зонасы
Рекреациялык зоналар
15. Р-1 - шаардагы парктардьш зоналары
16. Р-2 - шаардагы скверлердин зонасы
17. Р-3 - рекреациялык-ландшафттык аймактардын зонасы
Айыл чарбалык пайдалануу зонасы
18. СХ-1 - көмөкчү чарбалардын жана мал чарба фермаларынын зонасы
Уруксат берилген колдонуудагы кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери:
Борбордук коомдук-ишкердик зоналар
Ц-1 - шаардьш борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдуулук зонасы
Ц-1 шаардын борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдуулук зонасы негизинен жалпы шаардык, облустук жана региондук маанидеги көбүнчө ишкердик (администрациялык, башкаруучу), коомдук, маданий багыттагы, коммерциялык жана коммуналдык тейлөө обьекттерин, ошондой эле турак-жай багытындагы айрым обьекттерди колдонуунун жана куруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- аралаш колдонуудагы көп квартиралуу имараттар: жогорку кабаттарында турак-жай бирдиктери жана биринчи жана жертөлөдөгү кабаттарда ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык багыттагы обьекттерди жайгаштыруу менен;
- түрдүү кабаттуу көп квартиралуу турак үйлөр, анын ичинде атайын типтеги квартиралар менен (аз бүлөлүүлөр үчүн, квартира-студиялар);
- офистик имараттар жана жайлар - түрдүү уюмдардын, фирмалардын, компаниялардын администрациясы жана конторалары;
- илимий, долбоордук жана конструкцияльпс уюмдар;
- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү, туристтерди тейлоо борборлору, туристтик агенттиктер;
- музейлер, көргөзмө залдар, сүрөт жана көркөм галереялар, көркөм салондор;
- бийлоо залдары, дискотекалар;
- залдар, көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы клубдар;
- кинотеатрлар, видео салондор;
- театрлар, концерттик залдар;
- китепканалар, архивдер, маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору;
- аттракцион жана оюн автоматтары залдары;
- дүкөндөр, соода комплекстери, соода үйлөрү;
- тиричилик үйү;
- товарлардын жарманкеси-көргөзмөсү;
- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, закусочныйлар, барлар, чайханалар, ресторандар);
- басмалар жана редакциялык офистер;
- банктар, банктардын бөлүмдөрү;
- юридикалык мекемелер: адвокаттык жана нотариалдык конторалар, юридикалык консультация, соттор;
- Бакыт үйлөрү;
- уюлдук жана пейджер байланып кызматын көрсөтүүчү фирмалар;
- калкка психологиялык консультация берүү борборлору: "үй-бүлө жана нике", "өспүрүмдөрдүн проблемалары" ж.б.
- жарнамалык агенттиктер;
- калкты сервистик тейлөө боюнча транспорттук агенттиктер: билеттерди сатуу боюнча кассалар, менеджер кызмат көрсөтүүлөрү ж.б.;
- байланыш бөлүмдөрү, почта бөлүмдөрү, шаар аралык сүйлөшүү пункттары;
- полиграфиялык кызмат көрсөтүү боюнча борборлор (ксерокөчүрмө, ламинирлөө, китепче кылуу ж.б.);
- фотосалондор;
- анча чоң эмес жер участокторуна жайгаштырылган шартта жогорку окуу жайлар, атайын орто окуу жайлары (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тең масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына бөлүү);
- спорт залдар (бассейни бар же жок), бассейндер, спорттук клубдар жана теннистик корттор (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тең масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына болуу);
- клубдар, маектешуу жана бош убакытты өткөрүү борборлору, коп максаттуу жана адистештирилген багыттагы залдар;
- компьютердик борборлор, интернет-кафелер;
- телевизиондук жана радио студиялар;
- дарыканалар;
- алгачкы медицинальпс жардам көрсөтүү пункттары;
- консультациялык бейтапканалар;
- бейтапканалар;
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;
- кир жуучу жана химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;
- кийим тигуучу ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, бут кийим тигүү жана оңдоо чеберканалары, саат оңдоо боюнча чеберканалар, чач тарачтар жана башка тейлөө обьекттери;
- коммерциялык эмес коммуналдык ишканалар;
аллеялар, скверлер, бульварлар, башка бак-дарак участоктору.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- жер астындагы жана имаратка кошо салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;
- пайдалануунун ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- диний расмыларга байланышкан обьекттер;
- рыноктор, чакан-рыноктор (аянты 500 кв.м чейин);
- көркөм-кол өнөрчүлүк чеберканалар;
- казинолор, бильярд ойноочу жайлар;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;
- мончолор;
- коомдук дааратканалар;
- өрттөн сактоо обьекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы колмолор);
- көп кабаттуу гараждар жана авто токтотуучу жайлар, жер үстүндөгү гараждар жана өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жайлар;
- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары.
Ц-1А - шаардын администрациялык борборунун зонасы
Ц-1А шаардын администрациялык борборунун зонасы негизинен жалпы шаардык, облустук жана региондук маанидеги ишкердик (администрациялык, башкаруучу), коомдук, маданий багыттагы жана коммуналдык тейлөө обьекттерин, ошондой эле коммерциялык багыттагы объекттерди жайгаштырууга уруксат албастан турак-жай багытындагы айрым объекттерди колдонуунун жана куруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчун бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- аралаш колдонуудагы көп квартиралуу имараттар: жогорку кабаттарында турак-жай бирдиктери жана биринчи жана жертөлөдөгү кабаттарда ишкердик, маданий, тейлоочу жана коммерциялык багыттагы обьекттерди жайгаштыруу менен;
- түрдүү кабаттуу көп квартиралуу турак үйлөр, анын ичинде атайын типтеги квартиралар менен (аз бүлөлүүлөр үчүн, квартира-студиялар);
- офистик имараттар жана жайлар - түрдүү уюмдардын, фирмалардын, компаниялардын администрациясы жана конторалары;
- илимий, долбоордук жана конструкциялык уюмдар;
- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү, туристтерди тейлөө борборлору, туристтик агенттиктер;
- музейлер, көргөзмө залдар, сүрөт жана көркөм галереялар, көркөм салондор;
- бийлөө залдары, дискотекалар;
- залдар, көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы клубдар;
- кинотеатрлар, видео салондор;
- театрлар, концерттик залдар;
- китепканалар, архивдер, маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору;
- аттракцион жана оюн автоматтары залдары;
- дүкөндөр, соода комплекстери, соода үйлөрү;
- тиричилик үйү;
- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, закусочныйлар);
- басмалар жана редакциялык офистер;
- банктар, банктардын бөлүмдөрү;
- юридикалык мекемелер: адвокаттык жана нотариалдык конторалар, юридикалык консультация, соттор;
- Бакыт үйлөрү;
- уюлдук жана пейджер байланыш кызматын көрсөтүүчү фирмалар;
- калкка психологиялык консультация берүү борборлору: "уй-бүлө жана нике", "өспүрүмдөрдүн проблемалары" ж.б.
- жарнамалык агенттиктер;
- калкты сервистик тейлөө боюнча транспорттук агенттиктер: билеттерди сатуу боюнча кассалар, менеджер кызмат көрсөтүүлөр ж.б.;
- байланыш бөлүмдөрү, почта бөлүмдөрү, шаар аралык сүйлөшүү пункттары;
- полиграфиялык кызмат көрсөтүү боюнча борборлор (ксерокөчүрмө, ламинирлөө, китепче кылуу ж.б.);
- фотосалондор;
- анча чоң эмес жер участокторуна жайгаштырылган шартта жогорку окуу жайлар, атайын орто окуу жайлары (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тең масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына бөлүү);
- спорт залдар (бассейни бар же жок), бассейндер, спорттук клубдар жана теннистик корттор (бүтүндөй кварталдын өлчөмү боюнча тец масштабдуу жер участокторунда жайгашкан учурда С-1 атайын зонасына бөлүү);
- клубдар, маектешүү жана бош убакытты өткөрүү борборлору, көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы залдар;
- компьютердик борборлор, интернет-кафелер;
- телевизиондук жана радио студиялар;
- дарыканалар;
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- консультациялык бейтапканалар;
- бейтапканалар;
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;
- кир жуучу жана химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;
- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, бут кийим тигүү жана оңдоо чеберканалары, саат оңдоо боюнча чеберканалар, чач тарачтар жана башка тейлоо обьекттери;
- коммерциялык эмес коммуналдык ишканалар;
- аллеялар, скверлер, бульварлар, башка жашыл бак-дарак участоктору.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- жер астындагы жана имаратка кошо салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;
- пайдалануунун ишкердик, маданий, тейлоочу жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- диний расмыларга байланышкан обьекттер;
- көркөм-кол өнөрчүлүк чеберканалар;
- коомдук дааратканалар;
- өрттөн сактоо обьекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы колмолор);
- көп кабаттуу гараждар жана авто токтотуучу жайлар, жер үстүндөгү гараждар жана өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жайлар;
- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары.
Ц-2 - рыноктор (базарлар), дун соода зонасы
Ц-2 рыноктор (базарлар) жана дүң соода зонасы калктын кунумдук, мезгилдуу жана эпизодиялык тейлөө товарларын жана азыктарын алуу муктаждыктарын канааттандырууга багытталган жалпы шаардык жана региондук маанидеги көбүнчө соода арналышындагы жана коммуналдык тейлөө обьекттерин түзүүнүн, куруунун жана пайдалануунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлунгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- ачык жана жабык рыноктор;
- дүкөндөр, соода комплекстери, соода үйлөрүнүн филиалдары;
- товарлардын көргөзмөсү;
- коомдук тамактануу ишканалары (чайханалар, ашканалар, кафелер, закусочныйлар, барлар, ресторандар);
- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, чач тарачтар, бут кийим тигүү жана жасоо чеберканалары башка тейлоо обьекттери (жалпы аянты 150 кв.м ашпайт);
- жеке заказ боюнча майда-чүйдө буюмдарды жасоо боюнча чеберканалар;
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- продукциянын сапатын текшерүү боюнча лабораториялар;
- сактоо камералары, товарларды кампалоо үчүн башка жайлар;
- муздатуучу камералар;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;
- химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү, туристтерди тейлөө борборлору;
- офистик имараттар жана жайлар - рынокту эксплуатациялоо менен байланышкан администрация жана конторалар;
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары, дарыкана пункттары;
- маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору, радио түйүндөр;
- өрттөн сактоо обьекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы көлмөлөр);
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары жана коомдук тартипти сактоо пункттары;
- пайдалануунун соода, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;
- билеттерди сатуу жана башка сервистик кызматтарды көрсөтүү боюнча транспорттук агенттиктер;
- уюлдук жана пейджер байланыш кызматын көрсөтүүчү фирмалар;
- шаар аралык сүйлөшүү пункттары;
- мончолор, сауналар, душ үйлөрү;
- аттракцион жана оюн автоматтары залдары;
- фотосалондор.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- банктардын бөлүмдөрү, акча алмаштыруу пункттары;
- кир жуучу жайлардын кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;
- дарыканалар;
- коммерциялык эмес коммуналдык ишканалар - турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар;
- диний расмыларга байланышкан обьекттер;
- бильярд ойноочу жайлар, видео салондор жана башка көңүл ачуучу мекемелер;
- "с колес" дүң соодасы;
- коомдук дааратканалар;
- экинчи сырьену кабьш алуу пункттары;
- көп кабаттуу гараждар жана авто токтотуучу жайлар, жер үстүндөгү гараждар жана өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жайлар;
- жер астындагы жана имаратка кошо салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;
- мотелдер, кемпингдер;
- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары.
Ц-3 - жергиликтуу маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдуулук зонасы
Ц-3 жергиликтуу маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдуулук зонасы калктын күнүмдүк жана мезгилдуу муктаждыктарын канааттандырууга багытталган коммерциялык жана тейлөөчү функциялардын кеңири спектри менен шаардын райондорунун жана чакан райондорунун жергиликтуу (локалдуу) коомдук борборлорун түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- аралаш колдонуудагы имараттар: жогорку кабаттарында турак-жай бирдиктери жана биринчи жана жертөлөдөгү кабаттарда ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык багыттагы обьекттерди жайгаштыруу менен;
- санитардык жана өрткө каршы ченемдерге ылайык ынак коңшулук принциптерин бузбастан кызмат көрсөтүү, соода жана башка жеке эмгекти ишке ашыруу мүмкүндугү менен участогу бар жеке турак үйлөр;
- бийлөө залдары, дискотекалар;
- бильярд ойноочу жайлар;
- видео салондор;
- аттракцион жана оюн автоматтары залдары;
- дүкөндөр, соода комплекстери, соода аянты 400 кв.м чейинки чакан-рыноктор;
- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, закусочныйлар, барлар, чайханалар, ресторандар);
- түрдүү уюмдардын, фирмалардын, компаниялардын офистери, конторалары;
- юридикалык мекемелер: нотариалдык жана адвокаттык конторалар, юридикалык консультациялар, соттор;
- авиа жана темир жол билеттерин сатуу жана башка сервистик кызматтарды көрсөтүү боюнча транспорттук агенттиктер;
- шаар аралык суйлөшүү пункттары;
- банктардын бөлүмдөрү;
- байланыш бөлүмдөрү, почта бөлүмдөрү, телефон жана телеграф станциялары;
- полиграфиялык кызмат көрсөтүү боюнча борборлор (ксерокөчүрмө, ламинирлөө, китепче кылуу ж.б.);
- фотосалондор;
- компьютердик борборлор, интернет-кафелер;
- көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы клубдар, маектешүү жана бош убакытты өткөрүү борборлору (балдардын, өспүрүмдөрдүн, жаштардын жана чоң кишилердин жолугушуулары, чогулуштары, сабактары үчүн);
- дарыканалар;
- алгачкы медицинальж жардам көрсөтүү пункттары;
- консультациялык бейтапканалар;
- бейтапканалар;
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;
- кир жуучу жана химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;
- кийим тигүүчү ательелер, бут кийим, саат оңдоо чеберканалары, тиричилик техникасын оңдоо чеберканалары, чач тарачтар жана башка тейлөө обьекттери;
-аллеялар, жашьлдандыруу участоктору.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- имаратка кошо салынган гараждар жана авто токтотуучу жайлар;
- пайдалануунун ишкердик, маданий, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;
- эшиктин алдындагы аянтчалар: балдардын, спорттук, чарбалык, эс алуу үчүн;
- турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- бодо малды жана майда жандыктарды бакпастан, 4 сотукка чейинки короонун жанындагы участогу бар жеке турак үйлөр;
- диний расмыларга байланышкан обьекттер;
- сүт кухнялары;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;
- ачык жана жабык рыноктор;
- мончолор, сауналар;
- иттерди жетелеп чыгуу үчүн аянтчалар;
- коомдук дааратканалар;
- өрттөн сактоо обьекттери;
- өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жерлер жана жер үстүндөгү гараждар;
- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары.
Турак-жай зоналары
Ж-1 - турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы
Ж-1 тибиндеги турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы жергиликтуу маанидеги кызмат көрсөтуулөрдун минимум уруксат берилген топтому менен жер участоктору бар, 3 кабаттан ашпаган короо-жай тибиндеги өзүнчө турган турак үйлөрдү - курулуш куруу азыраак жыштыкта болгон турак-жай райондорун тузуунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлунгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- жайыт мүмкүн болгон майда жандыктарды жана бодо малды жана канаттууларды багуу менен короо-жай тибиндеги өзүнчө турган бир үй-бүлөлүү турак үйлөр;
- жайыт мүмкүн болгон майда жандыктарды жана бодо малды жана канаттууларды багуу менен короо-жай тибиндеги өзүнчө турган блоктолгон эки үй-бүлөлүү турак үйлөр;
- бодо малды жана майда жандыктарды бакпастан, блоктолгон көп үй-бүлөлүү турак үйлөр;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;
- жалпы аянты 50 кв.м чейинки биринчи зарылдыктагы товарлар сатьшуучу дүкөндөр;
- жалпы аянты 20 кв.м чейин болгон чач-тарачтар;
- жалпы аянты 20 кв.м чейин болгон закусочныйлар, чайханалар;
- дарыкана пункттары.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- турак үйлөргө кошо салынган гараждар;
- өзүнчө турган гараждар же ачык авто токтотуучу жайлар (ынак коңшулук принциптерин бузбастан жеке жер участокторунун чегинде);
- мал багуу үчүн курулмалар;
- чарбалык курулмалар;
- бакчалар, огороддор, палисадниктер;
- теплицалар;
- оранжереялар;
- сууну сактоо үчүн жеке резервуарлар, сууну алуу үчүн скважиналар, жеке кудуктар;
- жеке мончолор, короодогу дааратканалар;
- өрттөн сактоо обьекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы көлмөлөр);
- таштанды чогултуучу-аянтчалар –аллеялар, бульварлар,скверлер.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- бала бакчалар, мектепке чейинки тарбия берүүнүн башка обьекттери;
- баштапкы жана орто мектептер;
- дарыканалар;
- спорттук аянтчалар, теннистик корттор, улуттук оюндар учун аянтчалар;
- мончолор, сауналар;
- диний расмыларга байланышкан обьекттер;
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;
- санитардык жана ортко каршы ченемдерге ылайык (ынак коңшулук принциптерин бузбастан) жеке эмгек менен алектенуу учун курулмалар;
- жалпы аянты 150 кв.м ашпаган биринчи зарылдыктагы товарлар сатылуучу дүкөндөр;
- сууну сактоо учун коомдук резервуарлар;
- турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар;
- жамааттык жашылча сактоочу жай;
- пайдалануунун тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;
- меймандар үчүн транспорт коюучу жерлер.
Ж-1А - шаардын борбордук бөлугундөгу турак-жай курулушунун жеке короо-жай зонасы
Ж-1А тибиндеги короо-жай тибиндеги жеке турак-жай курулушунун зонасы шаардын борбордук бөлүгүндө курулуш куруу азыраак жыштыкта болгон турак-жай райондорун реконструкциялоонун жана түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. Бул зонадагы кыймылсыз мулкту пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү (негизги, коштоочу жана коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган) Ж-1 зонасын пайдалануунун уруксат берилген түрүнө окшош, буга майда жандыктарды жана бодо малды багууга уруксат кирбейт.
Ж-2 - жеке фонд басымдуулук кылган аралаш турак-жай курулушунун зонасы
Ж-2 аралаш турак-жай курулушунун зонасы участокто чарбалык жана өндүрүштүк багыттагы курулмаларсыз короо-жай тибиндеги өзүнчө турган бир үй-бүлөлүү турак үйлөрдү, участоктору бар блоктолгон турак үйлөрдү, квартиралык типтеги көп кабаттуу турак-жай имараттарын жайгаштыруу менен турак-жай райондорун түзүү үчүн бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- участокто чарбалык жана өндүрүштүк багыттагы курулмаларсыз өзүнчө турган бир үй-бүлөлүү турак уйлор;
- блоктолгон бир үй-бүлөлүү аз кабаттуу турак үйлөр;
- квартиралык типтеги аз кабаттуу турак-жай имараттары;
- бала бакчалар, мектепке чейинки тарбия берүүнүн башка обьекттери;
- баштапкы жана орто мектептер;
- дарыканалар;
- спорттук аянтчалар;
- аллеялар, скверлер.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- турак үйлөргө кошо салынган гараждар;
- өзүнчө турган гараждар же ачык авто токтотуучу жайлар (ынак коңшулук принциптерин бузбастан жеке жер участокторунун чегинде);
- теплицалар, оранжереялар, сууну сактоо үчүн жеке резервуарлар, сууну алуу үчүн скважиналар, жеке кудуктар, жеке мончолор, короодогу дааратканалар (өзүнчө турган бир үй-бүлөлүү турак үйлөрдө гана);
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;
- таштанды чогулткучтар үчүн аянтчалар.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган кыймылсыз мүлктү пайдалануунун түрлөрү:
- иштөө убактысы чектелген көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы залдар, клубдар;
- спортзалдар, рекреация залдары (бассейни бар же жок);
- диний расмыларга байланышкан обьекттер;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;
- жалпы аянты 150 кв.м ашпаган биринчи зарылдыктагы товарлар сатылуучу дүкөндөр;
- мончолор, сауналар;
- турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар;
- санитардык жана өрткө каршы ченемдерге ылайык (ынак коңпгулук принциптерин бузбастан) жеке эмгек менен алектенүү үчүн курулмалар;
- өрттөн сактоо обьекттери (гидранттар, резевуарлар, ортко каршы көлмөлөр);
- иттерди жетелеп чыгуу үчүн аянтчалар;
- пайдалануунун тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;
- меймандар үчүн транспорт коюучу жерлер;
- өзүнчө жер участокторундагы бокстук типтеги гараждар.
Ж-3 - коп квартиралуу турак үйлөрдүн зонасы (3 жана андан коп кабаттуу)
Ж-3 турак-жай курулушунун зонасы курулуш куруу көбурөөк жыштыкта болгон 3-5 кабаттуу көп квартиралуу турак үйлөрдүн кварталдарын, ошондой эле жергиликтуу деңгээлдеги күнүмдүк тейлөөнүн коштоочу обьекттерин, коммерциялык эмес коммуналдык ишканаларды, скверлерди, оюн жана спорттук аянтчаларды түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу учун бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- 3 жана андан көп кабаттуу көп квартиралуу турак үйлөр;
- бала бакчалар, мектепке чейинки тарбия берүүнүн башка обьекттери;
- баштапкы жана орто мектептер;
- дарыканалар;
- эшиктин алдындагы аянтчалар: балдардын, спорттук, чарбалык, эс алуу үчүн;
- аллеялар, скверлер.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- турак үйлөрдүн биринчи жана жертөлөдөгү кабаттарында жайгашкан жана өзүнчө турган, жалпы аянты 400 кв.м ашпаган биринчи зарылдыктагы товарлар сатылуучу дүкөндөр;
- спортзалдар, спорттук клубдар, рекреация залдары (бассейни бар же жок), теннистик корттор;
- чач тарачтар;
- почта бөлүмдөрү, телефон жана телеграф станциялары, шаар аралык сүйлөшүү пункттары;
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;
- турак-жай-эксплуатациялык жана авариялык-диспетчердик кызматтар;
- өрттөн сактоо обьекттери;
- пайдалануунун маданий, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер, меймандар учүн транспорт коюучу жерлер;
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- жалпы аянты 600 кв.м ашпаган бейтапканалар;
- мейманканалар;
- тез жардам станциялары;
- атайын орто окуу жайлары;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактьшуу павильондору;
- кафелер, закусочныйлар, барлар, ресторандар;
- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоочу чеберканалар жана башка тейлөө обьекттери;
- телефондук станциялар;
- иттерди жетелеп чыгуу үчүн аянтчалар;
- коомдук дааратканалар;
- бокстук типтеги, көп кабаттуу, жер астындагы жана жер үстүндөгү гараждар;
- өзүнчө жер участокторундагы авто токтотуучу жерлер.
Атайын зоналар
Жалпы талаптар менен бириктирилген ар кандай түрдөгү ишти ишке ашыруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн, С-1 зонасында - алар коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууларды алганда гана мүмкүн болот. С-2 жана С-3 зоналарында - кандай гана болбосун өзгөртүүгө же өнүктүрүүгө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын чечими боюнча жол берилет.
С-1 - чон участогу бар саламаттык сактоо, билим беруу, дене тарбия жана спорт обьекттери
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- жалпы типтеги ооруканалар, госпиталдар;
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- бейтапканалар;
- консультациялык бейтапканалар;
- дарыканалар;
- тез жардам станциялары;
- ветеринардык кабыл алуу пункттары;
- ветеринардык докторканалар;
- улгайган жана майып адамдар үчүн интернаттар;
- балдар үйлөрү;
- медициналык жана тейлөөчү персонал үчүн турак үйлөр;
- дайыма медициналык көзөмөлдө болууга муктаж ооруган адамдар үчүн адистештирилген турак үйлөр;
- жогорку окуу жайлары;
- атайын орто окуу жайлары;
- окуу-лабораториялык, илимий-лабораториялык корпустар, окуу-өндүрүштүк чеберканалар;
- чеберканалар (көркөм, скульптордук, чебер жыгач усталык ж.б.);
- китепканалар, архивдер;
- маалыматтык, компьютердик борборлор;
- окутуучулук курам жана илимий кызматкерлер учун турак уйлор;
- жатаканалар;
- администрациялык уюмдар, офистер, турдуу уюмдардын, фирмалардын, компаниялардын конторалары;
- спорттук аянтчалар, теннистик корттор;
- спортзалдар, рекреация залдары (бассейни бар же жок), бассейндер;
- универсалдуу спорттук жана көңүл ачуучу комплекстер;
- спорттук ареналар (трибунасы бар);
- велотректер;
- мотодромдор;
- спорттук мектептер;
- спорттук клубдар;
- аттракциондору бар оюн комплекстери;
- көп максаттуу жана адистештирилген багыттагы залдар, клубдар;
- музейлер, көргөзмө залдар;
- бийлөө залдары, дискотекалар;
- басмалар жана редакциялык офистер;
- кинотеатрлар, видео салондор;
- телевизиондук жана радио студиялар;
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары;
- байланыш болумдору, почта болүмдөру, телефон жана телеграф станциялары, шаар аралык сүйлөшүү пункттары;
- жалпы аянты 400 кв.м ашпаган биринчи зарылдыктагы товарлар сатылуучу дүкөндөр;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун убактылуу павильондору;
- коомдук тамактануу ишканалары (ашканалар, кафелер, экспресс-кафелер, буфеттер);
- кир жуучу жана химиялык тазалоонун кабыл алуу пункттары, өз алдынча тейлөөчү кир жуучу жайлар;
- кийим тигүүчү ательелер, тиричилик техникасын оңдоочу чеберканалар, чач тарачтар жана башка тейлоо обьекттери;
- мончолор, сауналар;
- орттон сактоо обьекттери;
- диний расмыларга байланышкан обьекттер;
- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү;
- приюттар, түнөк үйлөр;
- пайдалануунун ден соолукту чыңдоочу, тейлөөчү жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;
- өзунчо турган же имаратка кошо салынган гараждар;
- ачык авто токтотуучу жерлер;
- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары;
- коомдук дааратканалар;
- өрттөн сактоо обьекттери;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана калкты тейлөөнүн убактылуу павильондору;
- парктар, аллеялар.
С-2- өзгөчө режим зонасы
Өзгөчө режим зонасы иштин түрүн ишке ашыруунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн, аларды ушул ишти жөнгө салуу учүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органы гана жөнгө салат.
С-3 - суу алуучу. тазалоочу курулуштардын, жер астындагы резервуарлардын, метеостанциялардын, санитардык-эпидемиологиялык станциялардын зонасы
С-3 суу алуучу курулуштардын, тазалоочу резервуарлардын, насостук станциялардын, метеостанциялардын, санитардык-эпидемиологиялык станциялардын зонасы суу менен камсыз кылуу булактары бар участокторду, шаардагы суу тутук жана тазалоочу курулуштардын аянтчаларын, метеостанциялардын жана санитардык-эпидемиологиялык станциялардын участокторун пайдалануунун укуктук шарттарын камсыз кылуу учун бөлүнгөн. Жергиликтуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органынын макулдугу боюнча имараттарды, курулуштарды жана коммуникацияларды жайгаштыруу га уруксат берилет.
Коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалоонун жана майда өндүрүш зоналары
К-1 - коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалоонун жана майда ондуруштун зоналары
К-1 коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалоонун жана майда ондуруш зонасы коммуналдык чарба жана шаарды, кампаларды, транспорттук базаларды транспорттук тейлөө обьекттерин жайгаштыруу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну камсыз кылуу, сактоо жана транспорт каражаттарын токтотуп коюу үчүн аймактарды тузүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн. Бул зона ошондой эле "женил" өндурүштү, техникалык тейлөө станцияларын жана өндүрүштүк коммерциялык кызматтарды көрсөтүүчү башка ишканаларды камтыйт. К-1 зонасы 50 метрден ашкан санитардык-коргоочу зоналарды орнотууну талап кылган, ошондой эле транспорт менен чоң көлөмдө ташып, зыяндуу таасир эткен өнөр-жай обьекттерин жайгаштыруу учун колдонулбайт.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- ишканалар, дүң жана майда дүң соода кылуу дүкөндөрү;
- транспорттук ишканалар (жүргүнчүлөрдү жана жук ташуучу автобазалар, автоколонналар ж.б.);
- авто ондоочу жана авто сервистик ишканалар;
- авто май куюучу станциялар;
- калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканалар жана чеберканалар: материалдарды, товарларды өндүрүү жана берүү, жеке заказдар боюнча майда-чүйдө буюмдарды жасоо;
- түрдүү профилдеги кампалык багыттагы обьекттер;
- продукцияны жана материалдарды сактоо үчүн базалар;
- турак-жай-эксплуатациялык кызматтардын өндүрүштүк базалары;
- транспорттук түйүндөрдүн технологиялык багыттагы обьекттери (маалыматтык борборлор, сурап-билүү бюролору, кассалар, күтүү залдары, бажыкана, каттоо кызматтары, заказдар ды тариздоо кызматтары);
- жук ташуучу автомобилдик транспорт парктары;
- автобустук парктар;
- таксопарктар, автомобилдерди ижарага берүү боюнча ишканалар;
- транспорт каражаттарын сактоо обьекттери: бокстук типтеги гараждар, көп кабаттуу, жер астындагы жана жер устундогу гараждар, өзүнчө жер участогундагы авто токтотуучу жерлер;
- автобустарды, жук ташуучу машиналарды, женил автомобилдерди сактоо жери бар транзиттик транспорт аянтчалары;
- транспорт каражаттарын кыска мөөнөттө сактоонун ачык токтотуучу жерлери;
- пайдалануунун ишкердик, тейлөөчу жана коммерциялык түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- администрациялык уюмдар, коммуналдык жана транспорттук ишканалардын офистери, конторалары;
- тейлөөчү персоналдын, нөөмөтчү авариялык персоналдын, ишкананын күзөтүнүн жайлары;
- ишканаларды түздөн-түз тейлөө менен байланышкан коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, ашканалар, буфеттер);
- спорттук аянтчалар, ишканалардын персоналы учун эс алуу аянтчалары;
- ишканаларды техникалык жана инженердик камсыз кылуу обьекттери;
- медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- өрттөн сактоо обьекттери (гидранттар, резервуарлар, өрткө каршы колмолор);
атайын багыттагы бак-дарактар.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- IV-V класстагы зыяндуулуктагы өндүрүштүк жана өнөр-жай ишканалары;
- бажыканалар, бажы терминалдары;
- өндүрүш жана билим берүү менен байланышкан жатаканалар;
- чекене соода дүкөндөрү;
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- уюлдук, радиорельелик, спутник байланышынын антенналары;
- калдыктарды чыгарып кетүүнү же утилдештирүүнү камсыз кылуу шартында калдыктарды контролдонуучу уюштурулган убактылуу сактоо үчүн аянтчалар, курулуштар;
- калдыктарды утилдештирүү боюнча ишканалар;
- коомдук дааратканалар;
- дарыканалар;
- телефон жана телеграф станциялары;
- милиция бөлүмдөрү, милициянын участкалык пункттары.
Өнөр-жай зоналары
П-1 - III-IV класстагы зыяндуулуктагы ишканалардын зонасы
П-1 зонасы шуулдоо чыккан жер жана курчап турган чөйрөнү булгаган III-IV класстагы зыяндуулуктагы оор өнөр-жайы үчүн дайындалган. Зыяндуу таштандылардын деңгээли жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча радиусу 300-500 м болгон санитардык-коргоочу зоналарды уюштуруу керек.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- III-IV класстагы зыяндуулуктагы өндүрүштүк жана өнөр-жай ишканалары: химиялык, металлургиялык, металл иштетуучу, текстиль ишканалары жана өндүрүштөрү, курулуш өнөр-жайы өндүрүшү, жыгач иштетүү боюнча өндүрүш, жаныбарлардан алынган азыктарды, тамак-аш азыктарын жана даам заттарын иштетуу боюнча өндүрүш;
- негизги өндүрүшкө салыштырмалуу зыяндуулугу азыраак класстагы өндүрүшү бар ишканалар, өзунчө имараттар жана курулуштар.
Негизгилерди коштоп журүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- өндүрүштүк ишканаларга караштуу офистер, конторалар;
- тейлөөчү персоналдын, ноомотчу авариялык персоналдын, ишкананын күзөтүнүн жайлары;
- өндүрүштүк-лабораториялык корпустар;
- ишканаларды тейлөө менен байланышкан илимий-изилдөө, долбоордук жана конструкциялык уюмдар;
- түрдүү профилдеги кампалык багыттагы обьекттер;
- ишканаларды техникалык жана инженердик камсыз кылуу обьекттери;
- өндүрүштүк жана өнөр-жай ишканаларын түздөн-түз тейлөө менен байланышкан коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, ашканалар, буфеттер);
- атайын багыттагы бак-дарактар;
- өнөр-жай аймактарын жана санитардык-коргоочу зоналарды жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниги;
- автомобилдерди кыска мөөнөттө сактоонун ачык токтотуучу жерлери, автобустарды, жүк ташуучу машиналарды, женил автомобилдерди сактоо жери бар транзиттик транспорт аянтчалары;
- өрттөн сактоо обьекттери.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- спорттук аянтчалар, ишканалардын персоналы үчүн эс алуу аянтчалары;
- дарыканалар;
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- ишканалардын өздөрү чыгарган товарларды сатуу боюнча дүң, майда дүң, чекене соода кылуунун адистештирилген дүкөндөрү;
- коргоо багытындагы обьекттер;
- автомобилдерди сактоо обьекттери: бокстук типтеги гараждар, көп кабаттуу, жер астындагы жана жер үстүндөгү гараждар, өзүнчө жер участогундагы авто токтотуучу жерлер;
- автомобилдерди техникалык тейлөө станциялары;
- авто оңдоочу ишканалар;
- авто май куюучу станциялар;
- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары;
санитардык-техникалык курулуштар жана коммуналдык багыттагы орнотмолор;
- калдыктарды чыгарып кетүүнү же утилдештирүүнү камсыз кылуу шартында калдыктарды контролдонуучу уюштурулган убактылуу сактоо үчүн аянтчалар, курулуштар;
- калдыктарды утилдештирүү боюнча ишканалар.
П-2 - V класстагы зыяндуулуктагы ишканалардын зонасы
П-2 зонасы шуулдоо чыккан жер жана курчап турган чөйрөнү булгаган V класстагы зыяндуулуктагы өнөр-жай учун дайындалган. Зыяндуу таштандылардын деңгээли жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча П-2 зонасы радиусу 100 м болгон санитардыккоргоочу зоналарды уюштуруупу талап кылат.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- V класстагы зыяндуулуктагы өндүрүштүк жана өнөр-жай ишканалары;
- негизги өндүрүшкө салыштырмалуу зыяндуулугу азыраак класстагы өндүрүшү бар ишканалар, өзүнчө имараттар жана курулуштар.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- өндүрүштүк ишканаларга караштуу офистер, конторалар;
- тейлөөчү персоналдын, нөөмөтчү авариялык персоналдын, ишкананын күзөтүнүн жайлары;
- өндүрүштүк-лабораториялык корпустар;
- ишканаларды тейлөө менен байланышкан илимий-изилдөө, долбоордук жана конструкциялык уюмдар;
- түрдүү профилдеги кампалык багыттагы обьекттер;
- ишканаларды техникалык жана инженердик камсыз кылуу обьекттери;
- өндүрүштүк жана өнөр-жай ишканаларын түздөн-түз тейлөө менен байланышкан коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, ашканалар, буфеттер);
- атайын багыттагы бак-дарактар;
- өнөр-жай аймактарын жана санитардык-коргоочу зоналарды жашьшдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниги;
- автомобилдерди кыска мөөнөттө сактоонун ачык токтотуучу жерлери, автобустарды, жук ташуучу машиналарды, женил автомобилдерди сактоо жери бар транзиттик транспорт аянтчалары;
- өрттөн сактоо обьекттери.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- спорттук аянтчалар, ишканалардын персоналы учун эс алуу аянтчалары;
- дарыканалар;
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- ишканалардын өздөрү чыгарган товарларды сатуу боюнча дүң, майда дүң, чекене соода кьшуунун адистештирилген дүкөндөрү;
- коргоо багытындагы обьекттер;
- автомобилдерди сактоо обьекттери: бокстук типтеги гараждар, көп кабаттуу, жер астындагы жана жер үстүндөгү гараждар, өзүнчө жер участогундагы авто токтотуучу жерлер;
- автомобилдерди техникалык тейлоо станциялары;
- авто оңдоочу ишканалар;
- авто май куюучу станциялар;
- уюлдук, радиорельелик жана спутник байланышынын антенналары;
- санитардык-техникалык курулуштар жана коммуналдык багыттагы орнотмолор;
- калдыктарды чыгарып кетүүнү же утилдештирүүнү камсыз кылуу шартында калдыктарды контролдонуучу уюштурулган убактылуу сактоо үчүн аянтчалар, курулуштар;
- калдыктарды утилдештирүү боюнча ишканалар.
Рекреациялык зоналар
Р-1 - шаардагы парктардын зоналары
Р-1 шаардагы парктардын зоналары төмөндө келтирилген кыймылсыз мүлктү уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана параметрлерин сактоодо калктын бош убактысын өткөрүү максатында шаардагы жашылдандыруу участокторун сактоонун жана пайдалануунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- парктар;
- скверлер, бульварлар, аллеялар;
- эс алуу учун көмөкчү курулмалар жана инфраструктура: бассейндер, фонтандар, чакан архитектуралык формалар;
- оюн аянтчалары, улуттук оюндар үчүн аянтчалар;
- спорттук аянтчалар;
- оюн жана спорттук инвентарларды прокатка берүү;
- аттракциондор комплекстери, оюн залдары, бильярд ойноочу жайлар;
- бийлөө аянтчалары, дискотекалар;
- жайкы театрлар жана эстрадалар;
- эс алуу үчүн рекреациялык жайлар, окуу залдары;
- капиталдык эмес жана ачык коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, жайкы кафелер);
- тир.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пункттары;
- аянты 400 кв.м ашпаган капиталдык коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, ресторандар, барлар);
- оюн автоматтары жана компьютердик оюндар үчүн жайлар, интернет-кафелер;
- оранжереялар;
- чарбалык корпустар;
- линий расмыларга байланышкан обьекттер;
- милициянын участкалык пункттары;
- коомдук дааратканалар;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана тейлоонун убактылуу павильондору;
- сууну сактоо үчүн резервуарлар;
- өрттөн сактоо обьекттери;
- транспорт коюучу жерлер;
- иттерди жетелеп чыгуу учун аянтчалар.
Р-2 - шаардагы скверлердин зонасы
Р-2 шаардагы скверлердин зонасы шаардын борбордук жана турак-жай райондорунда калктын эс алышы үчүн арналган жашылдандырылган участокторду сактоонун жана түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу учун бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- скверлер, бульварлар, аллеялар;
- оюн аянтчалары;
- дизайн элементтери, скульптуралык композициялар, декоративдүү-монументалдык көркөм өнөр обьекттери, кичи архитектуралык формалар, фонтандар.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- эс алуу үчүн көмөкчү курулмалар жана инфраструктура;
- жайкы театрлар жана эстрадалар;
- коомдук дааратканалар;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун, тейлөөнүн жана коомдук тамактануунун убактылуу павильондору.
Р-3 - рекреациялык-ландшафттык аймактардын зонасы
Р-3 зонасы төмөндө келтирилген кыймылсыз мүлктү уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана параметрлерин сактоодо калктын ден соолугунун жана жалпы бакубаттыгынын кызыкчылыгында учурдагы жаратылыш ландшафтын сактоонун жана пайдалануунун, экологиялык таза курчап турган чөйрөнү түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- токой массивдери;
- токой парктары, шалбаа парктары;
- гидропарктар;
- өндүрүштүк обьекттерди жайгаштырбастан санитардык-коргоочу зоналардын токой тилкелери;
- дизайн элементтери, скульптуралык композициялар, декоративдик-монументалдык корком онор обьекттери, кичи архитектуральпс формалар;
- иттерди жетелеп чьпуу учун аянтчалар.
Бул Эрежелердин 12, 19-беренелериндеги тартипте коомдук угуулар аркылуу атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү (пайдалануунун түрлөрүн атайын макулдашуу санитардык-коргоочу зоналардын аймагына карата суратылып жатса, ал берилиши мүмкүн эмес):
- санаторийлер, профилакторийлер, эс алуу үйлөрү, эс алуу базалары;
- балдардын ден соолукту чыңдоочу лагерлери жана мектепке чейинки мекемелердин дачалары;
- улгайгандар учун интернаттар;
- балдар үйлөрү;
- машыгуу базалары, ат-спорттук базалар, велотректер;
- спорттук клубдар;
- оюн жана спорттук инвентарларды прокатка берүү;
- мейманканалар, меймандарды тосуп алуу үйлөрү, туристтерди тейлоо борборлору, кемпингдер, мотелдер;
- спортзалдар, рекреация залдары (бассейни бар же жок);
- пикниктер үчүн жерлер, эс алуу үчүн көмөкчү курулмалар жана инфраструктура;
- пляждар;
- киосктор, лоттук соода, чекене сатуунун жана тейлоонун убактылуу павильондору;
- коомдук тамактануу ишканалары (чайханалар, кафелер, ресторандар);
- алгачкы медициналык жар дам көрсөтүү пункттары;
- куткаруучу станциялар;
- коомдук дааратканалар;
- оюн аянтчалары, улуттук оюндар учүн аянтчалар;
- спорттук аянтчалар;
- орттон сактоо обьекттери;
- диний расмыларга байланышкан обьекттер;
- пайдалануунун тейлөөчү, ден соолукту чыңдоочу жана спорттук түрлөрүнүн обьекттеринин алдындагы транспорт коюучу жерлер;
- таштанды чогулткучтар үчүн аянтчалар.
СХ-1 көмөкчү чарбалардын жана мал чарба фермаларынын зонасы
СХ-1 көмөкчү чарбалардын жана мал чарба фермаларынын зонасы төмөндө келтирилген кыймылсыз мүлктү уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана параметрлерин сактоодо калктын майда жандыктарды жана бодо малды багууга жана башка өндүрүшкө муктаждыктарын канааттандыруу максатында колдонулуучу аймактарды түзүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- саны 100гө чейинки малды (чочкоканалар, уйканалар, питомниктер, атканалар, мал фермалары) багуу менен чарбалар;
-фермердик үйлөр;
- бакчалар, огороддор.
Негизгилерди коштоп жүрүүчү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү:
- администрациялык уюмдар, офистер, конторалар;
- тейлөөчү персоналдын, нөөмөтчү авариялык персоналдын, ишкананын күзөтүнүн жайлары;
- өндүрүштүк-лабораториялык корпустар;
- ишканаларды тейлөө менен байланышкан илимий-изилдоо, долбоордук жана конструкцияльпс уюмдар;
- түрдүү профилдеги кампалык багыттагы обьекттер;
- ишканаларды техникалык жана инженердик камсыз кьшуу обьекттери;
- өндүрүштүк жана өнөр-жай ишканаларын түздөн-түз тейлөө менен байланышкан коомдук тамактануу ишканалары (кафелер, ашканалар, буфеттер);
- атайын багыттагы бак-дарактар;
- таштанды чогулткучтар үчүн аянтчалар;
- сууну сактоо үчүн резервуарлар;
- өрткө каршы көлмөлөр;
- айыл чарба аймактарын жана санитардьпс-коргоочу зоналарды жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниктери;
- автомобилдерди кыска мөөнөттө сактоонун ачык токтотуучу жерлери, автобустарды, жүк ташуучу машиналарды жана жеңил автомобилдерди сактоо жери бар транзиттик транспорт аянтчалары;
- майда жаныбарларды жана канаттууларды багуу үчүн курулмалар;
- оранжереялар;
- токой коргоо тилкелери.
2.2-глава. Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасы
Кант шаарынын курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелери экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасын жана суу обьекттерин, суу менен камсыз кылуунун жер астындагы булактарын санитардык коргоо, ошондой эле өнөр-жай ишканаларынын жана коммуналдык обьекттердин санитардык-коргоочу зоналары менен байланышкан кошумча регламенттерин камтыйт. Жаңы экологиялык регламенттер жана экологияльж шарттар боюнча чектөөлөрдүн зоналарынын чектери иштелип чыккандыгына жана сунушталып жаткандары такталгандыгына жана аларга расмий документтердин статусу берилгендигине жараша алар бул беренеге киргизүү тартибинде камтылышы мүмкүн.
32-берене. Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасы
33-берене. Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын тизмеси жана сүрөттөлүшү
Кант шаарынын аймагында экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасында санитардык коргоонун төмөнкүдөй зоналары белгиленген:
- ВП зонасы - дарыялардын, каналдардын, башка суу агызгычтардын суу коргоо тилкелери;
- ЗСО зонасы - санитардык коргоо жана суу менен камсыз кылуу булактарынын зонасы;
- СЗ-1 зонасы - өнөр-жай ишканаларынын жана жеңил өндүрүштүн санитардык-коргоочу зоналары;
- СЗ-2 зонасы - коммуналдык обьекттердин (көрүстөндөр, мончолор ж.б.) санитардык-коргоочу зоналары;
- АД зонасы - Бишкек-Балыкчы авто жолунун санитардык-коргоочу зонасы;
- Темир жолду бөлүү тилкеси.
Кант шаарынын санитардык-коргоо зоналары төмөнкүдөй ченемдик документтер менен жөнгө салынат:
-"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" КР Мыйзамы;
- "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" КР Мыйзамы;
- "'Суу жөнүндө" КР мыйзамы;
- Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобо (КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому);
-КР Башкы мамлекеттик санитардык врачынын 2004-жылдын 20-февральюдагы №9 токтому менен бекитилген Санитардык-коргоочу зоналар жана ишканалардын, курулуштардын жана башка обьекттердин санитардык классификациясы 2.2.1/2.1.1.006-03;
- КР КЧжЭ 30-01-2001 "Шаар куруу. Шаарларды жана шаар тибиндеги поселокторду пландоо жана куруу";
- КР КЧжЭ 2.01.02-94 "Жер титирөөгө туруктуулугу 9 баллдан жогору болгон Кыргыз Республикасынын райондорунда куруу";
- КР КЧжЭ 2.02.01-83 "Имараттардын жана курулуштардын негиздери".
ВП зонасы - дарыялардын, каналдардьш, башка суу агызгычтардын суу сактоо тилкелери
ВП зонасы төмөнкүдөй максатта Кант шаарынын аймагында дарыялардын, каналдардын жана башка суу агызгычтардын сактоо тилкелерин колдонуунун укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн:
- Кант шаарынын ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарынын үстүнкү сууларынын жана анын аймагы боюнча өтүүчү каналдардын микробдук жана химиялык булганышынын алдын алуу жана жол бербөө;
- суу обьекттеринин булганышын, ыпылас болушун, балыр басышын жана азайышын болтурбоо;
- суу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттеринин жашоо чөйрөсүн сактоо.
ВП зонасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ЧЧК каналынын суу коргоо зонасын (өткөрүү мүмкүндүгү 59 мЗ/сек) - эки тарапка тең октон 100 м;
- өткөрүү мүмкүндүгү 12 мЗ/сек болгон Краснореченский (Чупра) каналынын суу сактоо зонасын – эки тарапка тең октон 75 м.
Жер участогун жана имараттарлы пайдалануунун тыюу сальгнган түрлөрү:
- жеке курулушка жаңы жер участокторун болуп берүү, жаңы дачалык жана бакча-огороддук участокторду жайгаштыруу, сезондуу жана стационардык палаталык шаарчаларды орнотуу;
- жаңы капиталдык имараттарды жана курулуштарды жайгаштыруу;
-имараттардын курулуштук көлөмдөрүн көбөйтпөстөн капиталдык оңдоо учурларынан тышкары, учурдагы имараттарды жана жеке үйлөрдү реконструкциялоо;
- жер айдоо;
- жер семирткичтерди, зыянкечтерге, өсүмдүктөрдүн ооруларына жана отоо чөптөргө каршы химиялык каражаттарды колдонуу;
- суу менен жуулуп кеткен жараксыз жерлерди чогултуу;
- уу химикаттар, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү-майлоочу материалдар кампаларьш, аппаратураларды уу химикаттар менен толтуруу үчүн аянтчаларды, мал чарба комплекстерин, өнөр-жай, тиричиликтик жана айыл чарба калдыктарын кампалоо жана көмүү жерлерин, көрүстөндөрдү жана малды көмүүчү жерлерди, акма сууларды топтоочу жерлерди жайгаштыруу;
- малдын жайыты жана жайкы лагерлерди уюштуруу (салттуу түрдө сугаруу жерлерин колдонуудан тышкары), жуунтуу ванналарын жасоо;
- атайын багыттагы автомобилдерден тышкары, тракторлордун, башка оор техниканын кыймылы;
- автомобилдерге, тракторлорго жана башка машиналарга жана механизмдерге май куюу, аларды жуу жана оңдоо;
- транспорт каражаттарын коюучу жерлерди жайгаштыруу, анын ичинде дачалык жана бакча-огороддук участоктордун аймагында;
- токой өсүмдүктөрүн кыюу.
Кыймылсыз мүлктү колдонуунун негизги уруксат берилген түрлөрү:
- эксплуатациялоонун санитардык ченемдерин сактаган шартта учурдагы жеке турак үйлөр, соода жана тейлөө багытындагы капиталдык имараттар (авто май куюучу станциялардан, оңдоочу чеберканалардан, башка өндүрүштүк-тейлөөчү обьекттерден тышкары);
- аймакты жашылдандыруу;
- көрктөндүрүүнүн чакан формалары жана элементтери.
Ачык угуулар аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суу фонду суп башкаруунун, пайдалануунун жана коргоонун башка аймактык органдары менен атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- сууну колдонууга лицензия болгон учурда суу менен камсыз кылуу обьекттерин, суу алуучу, порттук жана гидротехникалык курулуштарды жайгаштыруу, анда суу коргоо режимин сактоо боюнча талаптар белгиленген;
- эксплуатациялоонун санитардык ченемдерин сактоо шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, анын ичинде ижара укугунда колдонулуучу жер участокторундагы сооданын жана тейлөөнүн убактылуу, стационардык эмес курулуштары (авто май куюучу станциялардан, оңдоочу чеберканалардан, башка өндүрүштүк-тейлөөчү обьекттерден тышкары).
ЗСО зонасы - санитардык коргоо жана суу менен камсыз кылуу
- булактарынын зонасы
ЗСО санитардык коргоо зонасы Кант шаарынын, ошондой эле алар жайгашкан аймактардагы суу менен камсыз кылуу булактарын жана суу түтүк курулмаларын микробдук жана химиялык булгоодон санитардык коргоо үчүн чарбалык жана башка иштин атайын режимин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. ЗСО зонасында пайдалануунун тыюу салынган жана уруксат берилген түрлөрү СанЭжЧ 2.2.1/2.1.1.006-03 менен аныкталат.
Тыюу салынган пайдалануунун түрлөрү:
- авиациялык-химиялык иштерди жүргүзүү;
- зыянкечтерге, өсүмдүктөрдүн ооруларына жана отоо чөптөргө каршы химиялык каражаттарды колдонуу;
- уу химикаттар, минералдык жер семирткичтер жана куйуучу-майлоочу материалдар кампаларын, аппаратураларды уу химикаттар менен толтуруу үчүн аянтчаларды, мал чарба комплекстерин, өнөр-жай, тиричиликтик жана айыл чарба калдыктарын кампалоо жана көмүү жерлерин, көрүстөндөрдү жана малды көмүүчү жерлерди, акма сууларды топтоочу жерлерди жайгаштыруу; кыктарды жана таштандыларды чогултуу;
- автомобилдерге, тракторлорго жана башка машиналарга жана механизмдерге май куюу, аларды жуу жана оңдоо;
- транспорт каражаттарын коюучу жерлерди жайгаштыруу;
- токой өсүмдүктөрүн кыюу.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суу фондусун башкаруунун, пайдалануунун жана коргоонун бассейндик жана башка аймактык органдары менен атайын макулдашууну талап кылган пайдалануунун түрлөрү:
- курулуштарды, коммуникацияларды жана башка обьекттерди куруу жана реконструкциялоо;
- жер казуу жана башка иштер.
СЗ-1 зонасы - онор-жай ишканаларынын жана женил ендүрүштүн санитардык-коргоочу зоналары
СЗ-1 өнөр-жай ишканаларынын жана жеңил өндүрүштүн санитардык-коргоочу зоналары селитебдик аймактарды коңшулаш жайгашкан I-II жана III-V класстагы зыяндуулуктагы өнөр-жай обьекттеринин зыяндуу таасир этүүсүнөн өзүнчө бөлүү максатында өндүрүштүк аймактарга чектеш зоналарда чарбалык жана башка иштин укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
СЗ-1 санитардык-коргоочу зоналарда пайдалануунун тыюу салынган жана уруксат берилген түрлөрү СанЭжЧ 2.2.1/2.1.1.006-03 "Санитардык-коргоочу зоналар жана ишканалардын, курулуштардын жана башка обьекттердин санитардык классификациясы" менен аныкталат.
С3-2 зонасы – коммуналдык объекттердин (көрүстөндөр,мончолор ж.б.) санитардык-коргоочу зоналары
СЗ-2 коммуналдык объекттерди (көрүстөндөр, мончолор ж.б.) санитардык-коргоочу зоналары селитебдик аймактарды коңшулаш жайгашкан I-V класстагы зыяндуулуктагы коммуналдык обьекттердин (көрүстөндөр, мончолор ж.б.) зыяндуу таасир этүүсүнөн өзүнчө бөлүү максатында коммуналдык аймактарга чектеш зоналарда чарбалык жана башка иштин укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
СЗ-2 санитардык-коргоочу зоналарда пайдалануунун тыюу салынган жана уруксат берилген түрлөрү СанЭжЧ 2.2.1/2.1.1.006-03 "Санитардык-коргоочу зоналар жана ишканалардын, курулуштардын жана башка обьекттердин санитардык классификациясы" менен аныкталат.
АД зонасы - Бишкек-Балыкчы авто жолунун санитардык-коргоочу зонасы
Бишкек-Балыкчы авто жолунун АД санитардык-коргоочу зонасы жаңыдан долбоорлонуучу селитебдик аймактарды жана ден соолукту чындоочу мекемелерди коңшулаш жайгашкан Бишкек-Балыкчы авто жолунун зыяндуу таасир этүүсүнөн өзүнчө бөлүү максатында Бишкек-Балыкчы авто жолуна чектеш зоналарда чарбалык жана башка иштин укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
Бишкек-Балыкчы авто жолунун АД зонасында кыймылсыз мулкту куруунун жана өзгөртүүнун тыюу салынган жана уруксат берилген түрлөрү КР КЧжЭ 30-01-2001 "Шаар куруу. Шаарларды жана шаар тибиндеги поселокторду пландоо жана куруу" менен аныкталат.
8, 9 баллга чейин жана 9 баллдан жогору сейсмологиялык шарттар боюнча курулуштарды чектөелөрдүн зоналарынын чектери
Курулуш үчүн сейсмологиялык шарттар боюнча курулуштарды чектөөлөрдүн зоналарынын чектери жаратылыш кырсыктарынын таасир этүүсүнүн мүмкүн болгон өзгөчө кесепеттерин болтурбоо жана имараттар менен курулуштарды курууда тиешелүү конструкциялык иш-чараларды белгилөө максатында кооптуу сейсмологиялык шарттар болгон аймактарда чарбалык жана башка иштин укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
Куруу учун кооптуу сейсмологиялык жана оор топурак шарттары болгон зоналарда кыймылсыз мүлктү куруунун жана өзгөртүүнун тыюу салынган жана уруксат берилген түрлөрү КР КЧжЭ 2.01.02-94 "Жер титирөөгө туруктуулугу 9 баллдан жогору болгон Кыргыз Республикасынын райондорунда куруу" жана КР КЧжЭ 2.02.01-83 "Имараттардьш жана курулуштардын негиздери" менен аныкталат.
Темир жолду болуу тилкеси
Бишкек-Балыкчы темир жолун бөлүү тилкеси учурдагы жана жаңыдан долбоорлонуучу селитебдик аймактарды жана ден соолукту чыңдоочу мекемелерди коңшулаш жайгашкан Бишкек-Балыкчы темир жолунун зыяндуу таасир этүүсүнөн өзүнчө бөлүү максатында Бишкек-Балыкчы темир жолуна чектеш зоналарда чарбалык жана башка иштин укуктук шарттарын камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн.
Бишкек-Балыкчы темир жолун бөлүү тилкесинде кыймылсыз мүлктү куруунун жана өзгөртүүнүн тыюу салынган жана уруксат берилген түрлөрү КР КЧжЭ 30-01-2001 "Шаар куруу. Шаарларды жана шаар тибиндеги поселокторду пландоо жана куруу" менен аныкталат.
Ill БӨЛҮК. КУРУЛУШ КУРУУНУ ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУНУН КОШУМЧА ЧЕНЕМДЕРИ КАМТЫЛГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДАН ҮЗҮНДҮЛӨР ЖАНА КЫСКАЧА БАЯНДООЛОР
Бишкек шаары
1999-жылдын 2-июну № 45
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИ
(Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 28-декабрындагы № 93, 2001-жылдын 4-январындагы № 2, 2001-жылдын 4-январындагы № 3, 2001-жылдын 12-мартындагы № 30, 2002-жылдын 11-майындагы № 78, 2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2003-жылдын 9-июлундагы № 123, 2003-жылдын 5-декабрындагы № 227, 2004-жылдын 23-июнундагы № 77, 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2005-жылдын 28-февралындагы № 40, 2005-жылдын 4-июнундагы № 67, 2006-жылдын 20-январындагы № 7, 2006-жылдын 25-июлундагы № 126, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 217, 2007-жылдын 26-февралындагы № 22, 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 26-январындагы № 29, 2009-жылдын 11-мартындагы № 79, 2009-жылдын 26-майындагы № 171, 2011-жылдын 22-июлундагы № 117, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (ҮЗҮНДҮЛӨР)
1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
2) имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар;
2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери;
2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;
3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо;
1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка обьекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;
3-2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас обьекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук тейлөө обьекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;
4) жер участогу - туташ чектелген жер аянты;
9-1) зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелуу түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет;
14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Кодекстин 13-17, 20, 21-статьяларында көрсөтүлгөн органдар;
22) жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектоолор менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу;
22-1) укуктук зоналарга болуу - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын уй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;
23) жер участогуна укугун беруу - ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга бериши;
1) шаардык жана айылдык калктуу конуштарда үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери (мындан ары - үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери) - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мулк обьекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучу жергиликтууөоз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актылары;
1) жер участокторун жана башка кыймылсыз мулк обьекттерин уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтеринде жана жерди пайдалануу жана уй куруу эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле сервитутта белгиленген объекттерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шаар куруу регламентине ылайык кыймылсыз мулк обьекттерин пайдалануу;
4-статья. Жерге менчик
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндө болот.
2. Токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдуу пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот.
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер улушу катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот.
Жерге мамлекеттик менчик укугун республиканын буткул аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат.
3. Айылдык округдун, поселоктун, шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет.
Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкарууну жана тескөөн:
- айылдык округдун чектеринде - жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы;
- шаар чектеринде - жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары;
Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары айылдык округдун жана шаар чектериндеги, мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну ушул Кодексте каралган учурларда жүзөгө ашырат.
4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мумкун эмес.
6- статья. Жер участогуна укук жарандык укуктардын жана бүтүм жасоо объектиси катары
1. Жер участогу жарандык укук мамилелеринин өзгөчө объекти болуп саналат жана сатып алуу-сатуу, белекке беруу, алмаштыруу, ипотека, дагы башка бүтүмдөрдү жасоо заты боло алат, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен өзүнөн-өзү укук мураскорлугу катары өтөт.
2. Жер участогуна укук акы аркылуу же акысыз алынышы мүмкүн.
3. Мыйзамда белгиленгенден башкача түрдө эч ким жер участогуна укугунан ажыратьшышы мүмкүн эмес.
4. Жер мыйзамдары бузулгандан башка учурларда, жер участогунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
7- статья. Жерди пайдалануучулардын жер участогун пайдалануу мөөнөттөрү
1. Жер участогун пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мумкун.
2. Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, анын ичинде ижара келишиминин шартында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мумкун.
3. Жер участоктору чет өлкөлүк жактарга жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга гана берилет.
4. Айыл чарба багытындагы жерлер кайра бөлүштүрүү фондусунан, эреже катары, 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берилет.
8- статья. Жер салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы
1. Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулардан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартиптен башка учурларда, бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү болуп эсептелет.
2.Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн, жайыттарды кошпогондо, ижаралык акы түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
3. Жер участогун жайыттарды кошпогондо, ижара шартында пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу үчүн жер участогун пайдалануунун ижара акысы жана аны төлөөнүн тартиби келишимдин негизинде белгиленет.
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнун шарты жана тартиби, анын ичинде эң жогорку чегин аныктоо баштапкы жергиликтуу кеңештер тарабынан белгиленет. Мында ижарага алынган жер кошумча ижарага берилбейт.
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн (айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага алгандык үчүн эң жогорку акыны аныктоосуз) шарты жана тартиби жөнүндө
Жалпыга бирдей жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди албаганда, чет өлкөлүк жактарга жер бергендик үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген коэффициентти колдонуу менен жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө жараша белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жер участокторун башка мамлекетке пайдаланууга берүүдө акынын өлчөмү Кыргыз Республикасы ушул мамлекет менен түзгөн мамлекеттер аралык келишим боюнча аныкталат. Жер участокторун пайдаланууга берүү жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.
5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан пайдаланууга берилген жер участогу учун жер салыгы жана ижара акысы жерлерди жакшыртууга, кыртыштын азыктуулугун жогорулатууга, кыртыштык, геоботаникалык иликтоолорду жана жерлердин мониторингин жүргүзүүгө жана алардын аймактарын жерге орноштуруу тартибинде уюштуруу менен чарба жүргүзүүчү субъектилерди жайгаштырууга багытталат.
9-статья. Жерге болгон укукту жана укуктар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо
1. Жер участогуна болгон укуктар менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, нотариалдык жагынан күбөлөндүрүүгө жатпайт.
2. Төмөндөгүлөр: жер участогуна укуктун пайда болушу, аларды өткөрүп берүү, алардын өтүшү, чектелиши, сервитут, ипотека жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укукту жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү каттоонун токтотулушу бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоодон өткөрүлуүгө тийиш.
14-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө шаардык жергиликтуу өз алдынча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескөөчу органынын компетенциясы
Шаардын чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жонго салуу жагынан шаардьпс жергиликтуу оз алдьшча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескоочу органынын карамагына тиешелүү түрдө төмөндөгүлөр кирет:
1) жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү;
2) жер жана шаар куруу кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;
3) шаардык кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу, шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана киргизүү;
4) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү;
5) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;
6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.
18-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңешинин, райондук кеңештин, айылдык округдун жана поселоктун кеңештеринин компетенциясы
1. Республикалык маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтуу жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын райондорунун чек араларына карата администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелуу жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт.
2. Областтык жана райондук маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтуу жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелуу жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт.
3. Райондук кеңеш жергиликтуу жамааттын пикирин эске алуу менен райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык округдун, поселоктун кеңештеринин макулдугу боюнча айылдык калктуу конуштарга жана поселокторго курулуш куруу долбоорлорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участоктун чектик өлчөмдөрүн аныктайт, райондун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгат.
4. Айылдык округдун, поселоктун кеңештери жеке көмөкчу чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тиешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айыл жана поселок үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу учун салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт, өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндөгу башка маселелерди чечишет.
5. (КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет.
22-статья. Жер участогуна укуктун пайда болушу
Жер участогуна укук:
- ушул Кодексте белгиленген тартипте жер участогуна укук беруу;
- жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде жер участогуна укукту өткөрүп беруу;
- универсалдуу укук мурастоо тартибинде жер участогуна укуктун өтүшү менен;
- мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча пайда болот.
25-статья. Жер участогун жеке менчикке же пайдаланууга беруу
1. Жер участогун жеке жана юридикалык жактарга жеке менчикке же пайдаланууга берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Кодексте белгиленген тартипте акысыз же акы алуу негизинде жүргүзүлөт.
2. Жер участоктору мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга, коомдук бирикмелерге, коомдук фондуларга, диний уюмдарга берилет. Башка жеке жана юридикалык жактарга жер участоктору менчикке же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.
3. Жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жер участогуна укугун күбөлөндүргөн документ берилип, анын чеги аныкталмайынча жер участогун пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.
29-статья. Соодалашуу аркылуу жер участогун менчикке же пайдаланууга берүү
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы ушул статьянын 5-пунктунда жана ушул Кодекстин 32-статьясында каралгандан башка учурларда, жер участогун менчикке же пайдаланууга соодалашууда сатуу аркылуу беришет. Соодага коюлган жер участогунун баштапкы старттык баасы жердин рыноктук наркы болуп саналат.
2. Сооданы өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
3. Жер участогун менчикке же пайдаланууга сатуу боюнча соодалашуу ачык жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө учурларда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн соодалашуу жарыяланган учурдан кийин жана аларды өткөрүү учурунда жер участогун алып коюуга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол берилет.
31-статья. Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер
1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө төмөндөгүлөр:
- жер участогуна жеке менчик болгондо жана жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууга укук берген мамлекеттик акт;
- жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда - жер участогун убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүк же ижара келишими;
- жер үлүшүн берүүдө - жер участогуна жеке менчик укугунун күбөлүгү жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Аталган документтердин формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документте жерди максаттуу пайдалануу көрсөтүлөт.
3. Жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документ менен бир эле мезгилде жер участогунун ээсинин же жерди пайдалануучунун каалоосу боюнча айыл чарба багытындагы жерлер учун сапат сертификаты берилиши мүмкүн.
4. Ыйгарым укуктуу орган жер участогуна укуктарды берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жөнөтөт жана алардын берилиши учун жоопкерчилик тартат.
35-статья. Жер участогун өткөрүп берүү. Жер участогун өткөрүп берүү үчүн акы төлөө
1. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдаланууну ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, жер участогун берүүнүн шарттарында башкача каралбаса, мамлекеттик органдардын кандайдыр бир уруксатысыз эле өзүнө берилген жер участогуна болгон укугун башка бирөөгө толук же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жер участогун башка бирөөгө өткөрүп берүүдө жер участогу үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
3. Жер участогунун бир бөлутүнө карата бүтүм түзүү жердин ушул бөлүгун белгиленген тартипте өз алдынча жер участогуна бөлүп, андан сон мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин жүргүзүлөт.
4. Пайдаланууда болгон жер участогу жарандык-укуктук бүтүм боюнча:
мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда болсо - мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактьшуу) пайдаланууга;
мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда болсо - мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун калган мөөнөтүнө өтүшү мүмкүн.
5. Жер участогуна укукту өткөрүп берүүдө жаңы менчик ээси же жерди пайдалануучу жөнүндө маалыматтар жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документте көрсөтүлүп, ал документ алмаштырылбайт.
49- статья. Жер участогунун менчик ээсинин жана пайдалануучунун укуктары
1. Эгерде мыйзамда, жер участогуна укугун ырастаган документтерде же келишимде башкача каралбаса, жер участогунун менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланып, өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
2) жер участогуна укукту бузуунун, анын эркин эске албастан жер участогуна басып кирүүнүн ар кандай аракеттерине бөгөт коюуга;
3) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн жана отургузулган бак-дарактардын аянттарын жана көчөттөрдү, жер участогун пайдалануунун натыйжасында алынган айыл чарба жана башка өндүрүлгөн өсүмдүктөрдү жана аны сатьш өткөрүүдөн түшкөн кирешелерди менчиктөөгө;
4) жер участогундагы жалпы тараган пайдалуу кендерди, чым көңдү, токойлуу жерлерди, суу объектилерин белгиленген тартипте пайдаланууга, ошондой эле жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чыгашанын ордун толтуртуп алууга;
6) архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген имараттарды жана курулуш жайларды салууга;
7) белгиленген курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарга ылайык сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө;
8) ушул Кодексте жана "Айьш чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөр менен бирге жер участогуна укук менен жарандык-укуктук бүтүм түзүүгө;
9) ушул Кодексте каралган башка аракеттерди жасоого.
2. Бузулган укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тийиш.
50- статья. Жер участогунун менчик ээсинин жана жерди пайдалануучулардын милдеттери
1. Жер участогунун менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) жерди максаттуу багытына жана аны беруу шарттарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууга;
2) курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды сактоого;
3) кыртыштын асылдуулугун начарлатьш жибербөөгө, дыйканчьшык тутумдарын колдонууга жана өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн сарамжал усулдарын пайдаланууга;
4) жер салыгын же жер учун ижара акысын өз учурунда төлөп турууга;
5) чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин жана пайдалануучулардын жана башка адамдардын укуктарьш бузбоого;
6) токой, суу жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин сактоого;
7) жер участогунда курулуш иштерин жүргүзүүдө колдонулуп жүргөн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоого;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жердин абалы жана пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдарга өз учурунда берип турууга;
9) ушул Кодекстин 53-статьясында каралган тартипте сервитут берилишин камсыз кылууга.
2. Жер участогунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын мыйзамдарда жана жер участогуна укук жөнүндө документтерде каралган башка милдеттери да болушу мумкун.
51-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана алардын коомдук бирикмелеринин жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан укуктары
1. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери калктын таламдарына тиешеси бар жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча маселелерди чогулуштарга, жыйындарга катышуу аркылуу жана башка да формаларды кароого укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери жерлерди пайдалануу жана коргоо жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоону жакшыртуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.
3. Иши калктын таламдарына тиешелуу болгон объектилерди жайгаштыруу үчүн жерлерди альш коюу жана берүү жөнүндө мамлекеттик органдар калкка кабарлап турат.
62-статья. Жер участогуна укукту токтотуу
Төмөндөгү учурларда жер участогуна укук токтотулат:
1) жер участогуна укук башка жакка ээликтен ажыратылганда;
2) мыйзамдарга ылайык жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучунун милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу жер участогуна коюлганда;
3) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу дүйнөдөн кайтканда, мурасчылар жок болсо;
4) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктыярдуу баш тартканда;
5) жер участогун пайдалануу мөөнөтү бүткөндө;
6) ага байланыштуу кызматтык жер аянты берилген эмгектик жана ага теңештирилген мамилелер токтотулганда;
7) табият кырсыгынын натыйжасында жер участогун андан ары пайдаланууга мумкун болбой калганда;
8) ушул Кодекстин он биринчи главасында каралган тартипте жер участогу алынып коюлганда;
9) мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу, коомдук бирикме, коомдук фонд жана диний уюм жоюлганда;
10) айыл чарба багытындагы жер участогунун же жер участогунун ээси Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыккан учурда, ипотекалык турак-жай курулушунан башка учурларда.
65-статья. Жер участогун алып коюунун өзгөчө учурлары
Жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укукту токтотуунун өзгөчө чарасы болуп эсептелет жана жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу болгон тартип бузууну четтетүү жөнүндө кат жүзүндө эскертилгенден кийин, жеке же юридикалык жак администрациялык жоопкерчиликке тартылганда, ушул Кодекстин 66-статьясынын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында жана 7-пунктчасында каралгандан башка учурларда сот тарабынан гана колдонулат.
Ыйгарым укуктуу органдын эскертүүсүндө:
1) жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жол берилген тартип бузуу жана аны четтетүү үчүн зарыл болгон чаралар;
2) тартип бузуу четтетиле турган мөөнөт;
3) эскертүүнү аткарбоонун кесепеттери;
4) аталган эскертүүгө жер участогунун ээсинин же жерди пайдалануучунун даттануу ыкмасы аныкталууга тийиш.
66-статья. Жер участогун алып коюунун негиздери
1. Төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюга жол берилет:
1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;
2) ушул главага ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);
3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо;
4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун белгиленген мөөнөгтүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланбоо;
5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;
6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасьшын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө.
7) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса).
2. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларында каралган учурларда жер участогун алып коюу аны алып коюуга жана сатууну жүргүзүүнү уюштурууга байланыштуу чыгымдарды чыгарып салуу менен жер участогунун эсине же жерди пайдалануучуга жер участогуна болгон укуктун наркын төлөп берүү менен жүргүзүлөт.
3. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4, 5, 6-пунктчаларында каралган негиздер боюнча алынган жер участогу сатуу үчүн соодага коюлушу мүмкүн.
Эгерде жер участогуна укукту сатуу боюнча соода болгон жок деп табылса, жер участогуна болгон укук жер участогунун ээсине же жерди пайдалануучуга жердин сооданы өткөрүү учурундагы нарктык баасы (ченемдик баасы) төлөнүп берилүү менен ыйгарым укуктуу органга өтөт.
4. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укуктун сатып алуу баасы төлөнүп берилгенден жана зыяндардын орду толтурулгандан кийин жүргүзүлөт.
5. Жер салыгын белгиленген мөөнөттөрдө төкпөгөн учурда жер участогун алып коюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде} белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу акылары төлөнбөгөн учурда жер участогун алып коюу "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
76- статья. Калктуу пункттардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу пункттардын) жерлери
1. Калктуу конуштун чегиндеги бардык жерлер калктуу конуштардын жерине кирет.
2. Калктуу конуштун чегиндеги бардык жерлер тиешелуу аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болот.
77-статья. Калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу
1. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана уй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат.
2. Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу учун калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт.
3. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунун бекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынча башкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелерин аныктайт.
4. Калктуу конуштардын жер-чарба түзүлүшүнүн долбоору калктуу конуштардын курулуш түшпөөчү жана убактылуу козголбой турган жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет.
5. Калктуу конуштардын чегараларында уй куруу үчүн жер участогуна укук беруу жергиликтуу ченемдик актылардын - жер пайдалануу жана уй куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
Менчикке же калктуу конуштарга пайдаланууга берилген жер участокторун тандоону жана тиешелуу документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.
6. Бөлүнүп берилген жер участокторуна объекттерди куруу мыйзам белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Жеке же юридикалык жактардын менчигинде турган жер участогу убактылуу же объект курулганга чейин автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу учун пайдаланылышы мумкун.
7. Курулуш үчүн убактылуу пайдаланылбаган калктуу конуштардын жерлери жеңилдетилген типтеги объектилерди (чатырларды, күркөлөрдү, рекламалык такталарды жана башка капиталдык эмес объектилерди, автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды) салуу учун убактылуу пайдаланууга берилиши мумкун.
8. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин автомобиль транспортун акы төлөп коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу жана куруу учун берууго тыюу салынат.
78- статья. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери
1. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жол катнашы катары пайдаланылуучу, же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектоолорүн канааттандыруучу (жолдор, кочолор, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр ж.б.) жерлерден турат.
2. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.
3. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жалпы пайдалануудагы жерлерге жеңил типтеги курулуштарга уруксат берилиши мүмкүн.
79-статья Калктуу конуштардын жерлерин зоналарга бөлүү
1. Зоналарга бөлүү - калктуу конуштардын жерлеринин аймагын пайдалануунун функционалдык жана укуктук режимин белгилөө менен зоналарга бөлүү.
2. Калктуу конуштардын аймагын функционалдык зоналарга бөлүү аймактарды пайдалануунун келечектүү (негизги) түрлөрүн жана шаар куруу чектөөлөрүн аныктоо үчүн шаар куруу документтеринин курамында аткарылат.
3. Калктуу конуштардын аймагын укуктук зоналарга бөлүү жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын юрисдикциясындагы чегараларда жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен белгиленет.
80- статья. Шаардын (шаарчанын) чеги
1. Шаардын (шаарчанын) чеги - шаардын (поселканын) жерлеринин тышкы чек арасы, ал аны жерлердин башка категорияларынан болуп турат жана шаарды, поселканы өнүктүрүүнүн белгиленген тартипте бекитилген башкы планынын негизинде аныкталат.
2.Шаардын (шаарчанын) чеги калктуу конуштарды куруу долбоорунун башкы планын бекиткен орган тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт.
3. Жер участокторун шаардын (поселканын) чегине киргизүү бул участоктордогу жерлерди пайдалануу укугун токтото албайт.
119- статья. Жер талаштары
1. Жерге байланыштуу укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаштар жер участогун берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда жер талаштары сот тартибинде каралат.
2. Жер участогун берүүгө, алып коюуга жана укукту токтотууга байланыштуу жер талаштары сот тарабынан гана чечилет.
120-статья. Жер мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кызмат адамдары, жер участокторунун ээлери жана жерди пайдалануучулар жер мыйзамдарын бузгандыгы үчн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген граждандык, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
Бишкек шаары 2011-жылдьш 15-июлу № 101
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө
(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 228 Мыйзамынын редакциясына ьлайык) (ҮЗҮНДҮЛӨР)
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
жергиликтуу жамаат - администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу жергиликтуу маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобу;
жергиликтуу жамааттын мүчөсү - администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны;
шаар, айылдык аймак, район - жергиликтуу жамаат чек араларында жергиликтуу өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу администрациялык-аймактык бирдик. Шаар, айылдык аймак бир же бир нече калктуу конуштардын турушу мумкун;
муниципалдык менчик - жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтуу өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу учун зарыл болгон жергиликтуу жамааттардын менчиги;
жергиликтуу маанидеги маселелер - жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандардын тикелей эрк-ниетин билдируу жолу менен чечилүүчү, тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу маселелери;
жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтуу маанидеги маселелерди чечууну камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар;
жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин калкы тарабынан тике шайлануучу жана жергиликтуу маанидеги маселелерди чечүү ыйгарым укуктары берилген жергиликтуу өз алдынча башкаруунун шайлануучу коллегиялуу органы. Айылдык аймактарда, шаарларда жана райондордо жергиликтуу кеңештер жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп саналат;
жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Шаарлардын мэриялары, айыл окмоттору жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары болуп саналат;
мэр - шаардын шайлануучу кызмат адамы, шаардын жергиликтуу өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси;
мэрия - шаардагы жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органы.
4-берене. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу
1. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу - жергиликтуу жамааттын жергиликтуу маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча иш аракеттери.
2. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жергиликтуу жамааттар тарабынан жүзөгө ашырьшат:
1) биринчи деңгээлде - айылдык аймактын жана шаардын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын тикелей катышуу жолу менен;
2) экинчи деңгээлде - райондун өкүлчүлүктүү органдары аркылуу.
6- берене. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму
Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) жергиликтуу кеңештер (айылдьнс, шаардык, райондук) - өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;
2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.
7- берене. Жергиликтуу оз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун формалары
1. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жергиликтуу жамааттын жергиликтуу өз алдынча башкарууга өкүлчүлуктүү жана тикелей катышуу формаларында жүзөгө ашырьшат.
2. Жергиликтуу жамааттын жергиликтуу өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтуу кеңештер аркылуу ишке ашырьшат. Жергиликтуу жамааттын уставында каралган учурларда, шаардын же айыл аймагынын жергиликтуу жамаатынын өкүлчүлүктүү катышуусу ошондой эле жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Жергиликтуу жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:
1) коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилуу маселелерин жана жергиликтуу маанидеги маселелерди жергиликтуу жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарьшда) талкуулоо;
2) жергиликтуу кеңештердин депутаттарын шайлоо;
3) ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана/же жергиликтуу маанидеги өзгөчө маанилуу маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.
18-берене. Жергиликтуу маанидеги маселелер
1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтуу өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтуу бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жашты пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кеүүну жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтуу маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14) жергиликтуу маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилоо жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелуу калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү учун шарттарды түзүү;
19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн ыйгарым укуктар ушуну менен бүттү деп эсептелбейт жана жергиликтуу жамааттар менен алардын органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну чектебейт.
21-берене. Жергиликтуу кеңештер
1. Жергиликтуу кеңештер - ушул Мыйзам, шайлоо жөнүндө жана жергиликтуу кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жергиликтуу кеңештер белгиленет:
1) айылдык кеңеш - айыл аймагындагы жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
2) шаардык кеңеш - шаардагы жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
3) райондук кеңеш - райондун аймагындагы жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Жергиликтүү кеңештер жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш беруу менен шайлануучу депутаттардан турат. Жергиликтуу кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
4. Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтуу кеңештердин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Шаардык, райондук кеңештердин шайланган депутаттары депутаттык фракцияларга (мындан ары - фракциялар) биригишет. Шаардык, райондук кеңеште көпчүлүк деп, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык, райондук кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы саналат. Фракциялардын курамына же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына кирбеген фракция же фракциялар жергиликтуу кеңеште азчылык деп саналат.
31-берене. Шаардык, айылдык, райондук кеңештин компетенциясы
1. Шаардьык, айылдык, райондук кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтуу маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтуу жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештируу программаларын бекитуу жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтуу жамааттын уставын бекитуу;
9) тиешелуу мамлекеттик бийлик органдарына киргизуүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтуу ченемдердин негизинде жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чьшаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитуу;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтуу жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечуу.
3. Шаарлардын кеңештеринин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер кошумча чечилет:
1) шаардын мэрин шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдируу;
3) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө.
4. Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдируу;
3) тиешелуу район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4) айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
5. Райондук кеңештин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитуу жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле атайын фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4) тиешелуу аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтуу мамлекеттик администрациянын башчысынын маалыматын жьшына бирден кем эмес угуу;
5) жергиликтуу мамлекеттик администрациянын башчысын - акимин кызмат ордуна дайындоо учун Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6) райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтуу мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарьша киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10) райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
11) райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12) Өкмөт тарабынан аныкталган типтуу ченемдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок объектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14) райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15) райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) мыйзамга ылайык жергиликтуу өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракетти бириктируу, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17) райондун символикасын бекитуу;
18) судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасьшьш мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетуу боюнча маселелерди коюу;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
36-берене. Жергиликтуу кеңештин ченемдик укуктук актылары
1. Жергиликтуу кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгырылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жергиликтуу кеңештин чечимдери тиешелуу аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
3. Жергиликтуу кеңештердин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
4. Жергиликтуу кеңештердин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табьшьппы мумкун.
40-берене. Мэр, шаардын мэриясы
1. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мэр башында турган мэрия болуп эсептелет.
Мэриянын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кире алат.
41-берене. Шаардын мэриясынын компетенциясы
1. Шаардын мэриясы:
1) шаардын тиричилик жактан камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;
2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
3) шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;
4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
6) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин обьекттерин акыл-эстуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;
7) ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги обьекттердин тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча ошондой эле алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды баланска кабыл алууга катышат;
8) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
9) шаарда курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
10) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
63-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын милдеттүүлүгү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ишин ушул аймактагы калктын атынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.
2. Жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, жарандардын курултайларынын, жыйындарынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарына карама-каршы келбоого тийиш.
3.Өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менчигинин түрлөрүнө карабастан тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары, коомдук бирикмелер жана жарандар үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жергиликтуу мамлекеттик администрациянын карамагына таандык кылынган маселелерди кароого кабьш алууга укуксуз.
5. Жергиликтуу өз алдьшча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.