Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-майы № 4
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында алдын алуу жана табигый кырсыктардын
кесепеттерин болтурбай коюу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында алдын алуу жана табигый кырсыктардын кесепеттерин болтурбай коюу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү боюнча Суу-башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында алдын алуу жана табигый кырсыктардын кесепеттерин болтурбай коюу жумуштарын аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 50000(элүү миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 1-пункутту Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.
3. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында табигый кырсыктардын кесепеттерин болтурбай коюу жумуштарын аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 50000(элүү миң) сом акча каражатын максатуу пайдалануу жагы ТЖКМ жана ОК дар маселелери боюнча башкы адиске милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|