Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-майы № 1
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Суу-Башы айыл округунун айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджеттин түзүлүшү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу З.Туйгунованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Суу-Башы айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы жергиликтүү бюджеттин кирише жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча маалымат чийки болгондуктан кайрадан даярдап 2013-жылдын 1-июлуна чейин отчет берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу З.Туйгуновага милдеттендирилсин.
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2013- жылга киреше бөлүгүнүн булактары жана бюджеттин менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын тапкан пайдасына салыктан эсептеп өткөрүүлөрдүн өлчөмдөрү, юридикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүчүлөрдүн өлчөмдөрү Республикалык бюджеттен бериле турган максаттуу жана толуктоочу гранттардын өлчөмү №1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1,2 тиркеме тиркелет).
3. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2013- жылга чыгаша бөлүгү статьялар боюнча №3 тиркемеге ылайык бекитилсин (№3 тиркеме тиркелет)
4. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2013- жылдагы бюджетинин чыныгы минималдуу керектөөсү 2526,6 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2526,6 миң сом суммасы көңүлгө алынсын. Анын ичинен айыл айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлеринен аренда акы өлчомүндө 147,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|