Загрузка документа…
ДАРКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011- жылдын 22-октябры № 94
Айылдык кенештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы №99 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамынын негизинде,Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген айылдык кенештин Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгып, 2008-жылы 15-октябрда айылдык кенеште кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы №101 «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынып, айылдык кенештин регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Кыргыз Республикасынын кабыл алынган 2011-жылдын 15-июлдагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Айылдык кеңештин 2008-жылдын 15-октябрындагы айылдык кенештин сессиясынын №1 «Айылдык кеңешинин регламенти жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
Айыл өкмтөнүн башчысы айылдык кенештин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3. Даркан айылдык кеңеши өз ишмердигине ушул регламентти жетекчиликке алсын.
4. Айылдык кенештин регламентин юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айылдык кенештин жооптуу катчысы З.Султанбаевага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин төрагасы К.Д.Токтогоновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин трагасы | Токтогонов К.Д |