Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-июлу № 1
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пазылованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403-токтому айыл өкмөтү тарабынан аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403-токтомуна ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилсин ( тиркемеде).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|