Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-июлу № 2
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнө кошумча функционалдык милдеттерди киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнө Су кошумча функционалдык милдеттерди киргизүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пазылованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүндө штаттык кыскаруулар болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк зарылчылын эсепке алып төмөнкү адистиктерге кошумча функционалдык милдеттер жүктөлсүн:
- Кирешелер боюнча жетектөөчү адистигине -экономист-статист адисинин функционалдык милдетин аткаруу кошумча жүктөлсүн.
- Балдар,жаштар жана спорт маселери боюнча адистигине иш-кагаздарды жүргүзүүчү катчынын функционалдык милдетин аткаруу кошумча жүктөлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укук тартиби, мыйзамдууулукту сактоо жана этика комиссиясына тапшырылсын.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|