Редакцияот 30.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы

 

2013-жылдын 30-июлу № 3

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагынан жер участокторун трансформациялоо жөнүндө

 “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-статьясы жана Жер кодексинин 13 жана 18-статьяларынын негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында инфраструктураны жакшыртуу, социалдык-маданий обьектилерди куруп, айыл чарбасын жөнгө салуу максатында Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Баткен жерге жайгаштыруу Экспедициясынын инвентаризациялоо материалында көрсөтүлгөн асылдуулугу төмөн 1,65 (бир гектар алтымыш беш сотых) га таштуу жайыт жер аянты (анын ичинен: Боз-Адыр айылынан Сойх ашуусунун түндүк тарабынан, Ош-Баткен авто жолунун чыгыш тарабынан 1,0га жана Айгул-Таш айылынан Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабынан 0,65 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которулууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 1-пункутун Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.

3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин көрктөндүрүү, муниципалдык Менчик жана социалдык-маданий маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Суу-Башы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Калысов